Добавить новость
103news.com
World News
Апрель
2025

Элчи Вакунов орус тилинен тест тапшыруу кадыресе көрүнүш экенин айтты

0

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Орусияда мектеп окуучуларына орус тилинен тест тапшыртуу кадыресе эле көрүнүш жана бул баланын билим деңгээлин, даярдыгын баалоо үчүн зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигине берген комментарийинде айткан. Сергей Вакунов орус тили Кыргызстанда расмий тил экенин, андан тышкары бул өлкөдө орус тили көп колдонуларын кошумчалаган.

Орусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбай турган мыйзам апрель айынан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусияда мыйзамдуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар башталгыч, жалпы жана орто билим алуу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтсө гана мектепке кирет.

Бала оозеки жана жазуу түрүндө тест тапшырат. Анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү баланын документин, жугуштуу оорулары жок экенин ырастаган медициналык корутундуну, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өткөндүгү тууралуу документти бериши керек. Андан тышкары бала да, анын ата-энеси да Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн тактаган документти тапшырышы зарыл.

Болбосо тестке киргизилбейт. Бала тесттен өтпөй калса, ага орус тилин үйрөнүү сунушу берилет жана үч ай өткөндөн кийин гана кайра тест тапшыра алат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 28-мартта Москвада Мамлекеттик думанын депутаты, Агартуу иштери комитетинин төрагасынын орун басары Алена Аршинова менен жолугуп, Кыргызстандын жарандарынын балдарын орус тилинен тест берүүдөн бошотууну сунуштаган.

2024-жылы Орусияда эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары балдарын мектептерге киргизе албай жатканын айтып арызданышкан. Орусия айрым мектептерде бош орундар жок болгондуктан мигранттардын балдарын кабыл алууда көйгөй жаралганын билдирген.

2025-жылдын январына карата 376 миңден ашык кыргыз жараны Орусияда миграциялык каттоого алынган. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России