103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 01.11.2022

Флай: "Азаттыкка" тоскоолдуксуз иштөөгө жол берилиши керек

Azattyk.org 

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык Медианын" банк эсептеринин эч түшүндүрмөсүз бөгөттөлүшү боюнча билдирүү жасады. "Кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз", - деди Флай. Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси "Азаттык" радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин кошумчалады. "Азаттык Медианы" эсебине... Читать дальше...

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камалды

Azattyk.org 

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабакка байланыштуу "күч колдонбоо" тууралуу макулдашууга кол коюшту. Акыйкатчы Атыр Абрахматова жана парламенттин төрт депутаты башаламандык уюштурууга шектелип кармалган саясатчылар жана активисттердин абалы менен таанышып чыкты. Ал арада журналист Семетей Талас уулун да милиция кармап кетти.

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды

Azattyk.org 

Журналист Семетей Талас уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Аскат Жакупбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Талас уулуна Кылмыш кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен айыбы угузулуп, камакка алынды. Анын бөгөт чарасы эртең, 2-ноябрда каралат. Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Семетей Талас уулу жыл башында... Читать дальше...



Нукустагы окуяларга байланыштуу кармалган 35 киши бошотулду

Azattyk.org 

Июль айынын башында Каракалпакстандагы нааразылык акциясына катышканы үчүн камакка алынгандардын дагы 35и бошотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди. Башкы прокуратура аларды Каракалпакстандагы окуяларды өз алдынча иликтеп жаткан комиссия мүчөлөрүнүн жана Жогорку Кенгестин (парламент) өтүнүчү менен 1-ноябрда бошотту. Буга чейин 34 айыпталуучу августтун аягында, 38 соттолуучу октябрь айынын ортосунда бошотулганы маалымдалган. Быйыл 1-2-июлда күч органдары... Читать дальше...

Парламент комитети Кемпир-Абад боюнча суу келишимин колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун жактырды. Бул бийлик менен оппозициянын тирешине алып келген суу сактагыч боюнча парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети колдогон экинчи документ болуп калды. Буга чейин комитет кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун жактырып, бирок чечимге кол коюлбай калган. “Талабы татаал макулдашуу”... Читать дальше...

Качкын жердештерин асыраган Максат Мергенов

Azattyk.org 

Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (ал кезде СССРдин 50 жылдыгы атындагы деп аталчу) филология факультетиндеги журналистика бөлүмүндө билим алган элүүгө жакын курсташ окууну бүтүргөндөн кийин ар кимибиз өз райондорубуз менен калааларыбызга гезит-журнал, теле-радио сыяктуу массалык маалымат каражаттарында иштөө үчүн тарап кеткенбиз. Читать дальше...

Тоолуу Карабак: Баку менен Ереван күч колдонбоону макулдашты

Azattyk.org 

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабак жаңжалын чечүүдө "күч колдонбоо" тууралуу макулдашты. Алар мындай келишимге Орусиянын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүдө жетишти. Ушундай эле форматтагы үч тараптуу жолугушуу эки жыл мурдагы жаңжалдан кийин да өтүп, ок атышпоо келишимдери кабыл алынган. Бирок анын артынан кайрадан кагылыш катталды. Үч тараптуу жолугушуу Сочидеги 31-октябрдагы үч тараптуу кездешүүнүн алдында алгач Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжан жана Армения лидерлери менен өз-өзүнчө жолукту. Читать дальше...

Журналист Семетей Талас уулу милицияда сурак берип жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Журналист Семетей Талас уулу Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы кабарланды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Мындан төрт саат мурда, 15:00гө жакын Талас уулу суракка кирип баратканын "Азаттыкка" ырастаган. ИИМ журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Талас уулу буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген. Ушул жылдын башында ал Улуттук коопсуздук... Читать дальше...



УКМК казакстандык активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Казакстандын эки жараны 26-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети аркылуу Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, алар 23-октябрда Кыргызстанга чек арадан мыйзамсыз өткөнү аныкталган. "Бул факты боюнча Казакстандын эки жараны - Ж.А.Е. менен Б.Д.Дга карата Кылмыш кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Читать дальше...

Элдик курултайдын сайты ачылат

Azattyk.org 

Мамлекеттик катчы, курултайды уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде элдик курултайдын сайты ачыла турганын билдирди. Анда курултайда көтөрүлгөн маселелер, сунуштар жазылып, иш-чаранын программасы жарыяланат. Андан тышкары кабыл алынган сунуштар, мыйзамдар тууралуу да маалыматтар чыгып турат. "Мурдараак курултайдын жыйынтыгы боюнча кандай иш жүрөт деген суроо көп берилчү. Айрымдар курултайды жылына бир өтүп, анан унутулуп калчу жыйын катары түшүнчү. Читать дальше...

Акыйкатчы жана ЖК депутаттары камалган саясатчы, активисттерден кабар алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Эмил Токтошев жана жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова "массалык башаламандык уюштурууга даярданды " деген шек менен камакка алынган саясатчы жана активисттерден кабар алды. Алардын айтымында, камактагы саясатчы жана активисттер мыйзамсыз камалганын жана бийликти басып алуу тууралуу сөз айтылбаганын билдиришкен. Социалдык тармактарга тараган аудио жазуулар монтаждалганын айтышкан. Шарты жана башка жагдайлар тууралуу олуттуу даттануулары болгон эмес. Читать дальше...

Көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши мүмкүн

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы көмүрдүн баасына тескөө киргизилүүсү ыктымалдыгын, маселе учурда каралып жатканын маалымдады. Маалыматка караганда, мекеменин төрагасы Кеңешбай Тайлаков бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги көмүр саткан жайларды кыдырды. Көмүр сатуучу базалардын жетекчилери менен жолугушуп, бааларды жөнсүз көтөрбөөнү эскертти. Сатуучуларга "Атаандаштык" жана "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" жөнүндө мыйзамдар тууралуу түшүндүрмө берилди. ... Читать дальше...

"Кемпир-Абадды коргоо" комитети Өзбекстандын президентине ачык кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

"Кемпир-Абадды коргоо" комитети Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кайрылуу жолдоду. Кайрылуунун тексти башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен кармалгандардын бири, саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракасына жарыяланды. Бул маалыматты аталган комитеттин мүчөсү Касиет Мамырбай "Азаттыкка" ырастады. Ал өзбек президентинин дарегине жолдонгон кайрылуу комитеттин учурда СИЗО-1 убактылуу тергөө жайында камалып турган мүчөлөрү менен адвокаттар аркылуу макулдашылгандан кийин жарыяланганын билдирди. Читать дальше...

Бишкекте арзан көмүр сатылган түйүндөр иштей баштады

Azattyk.org 

1-ноябрдан тартып Бишкекте бир нече жерде тоннасы 4 миң сомдон арзан көмүр сатыла баштаганын "Кыргызкөмүр" ишканасы билдирди.  Алар: -Мурманск - 126; -Достоевский - 97к; -Киргизия көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде; -Алматы көчөсү менен айланма жолдо. Маалыматка караганда, арзан көмүр бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана сатылып жатат. Мындай чектөө көмүр менен көбүрөөк үй-бүлөлөрдү камсыз кылуу максатында киргизилген. Арзан көмүр башка аймактарга жеткирилеби же жокпу азырынча маалымат жок. Читать дальше...

Кыргызстанга келген орус жарандарынын агымы азайды

Azattyk.org 

Орусиянын жарандарынын Кыргызстанга агымы азайганын Чек ара кызматы билдирүүдө. 31-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып мекеменин өкүлү Нурланбек Жалбиев Орусиядан келгендердин агымы азайып, мурдагы калыбына келип калганын, алардын саны Орусияда мобилизация жарыяланган 21-сентябрдан тартып октябрдын ортосуна чейин адаттагыдан көп болгонун маалымдады. Жалбиевдин айтымында, кээ бир орусиялыктар Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө чыгып кетишти. Читать дальше...

Педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча жаңы сунуш талкууланууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, азыркы тапта коомдук талкуудан өтүүдө. Анын авторлору, парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин 61 депутаты. Коомдук талкуу 20-ноябрга чейин уланат. Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, Конституцияга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип, балага сексуалдык кордук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу каралган. Педофилдерди өлүм менен жазалоо сунуштары парламентте буга чейин да айтылып келген. Читать дальше...

АКШ Камчы Көлбаев боюнча реакция болоруна үмүттөнөрү айтылды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Казыналык департаменти “кримтөбөл” атыккан Камчы Көлбаев боюнча кандайдыр бир “реакция болоруна” үмүттөнөрүн 1-ноябрда АКИpress маалымат агенттигине курган маегинде департаменттин өкүлү Скотт Рембрандт билдирди. Ал “Маңзат соодасынан капитал топтоо АКШ туш болгон глобалдуу проблема” экенин белгилеп, “Бул көптөгөн мамлекеттер үчүн коркунуч болуп эсептелет. Сиздердин өкмөттө бул багытта иштөө ниети барбы, маңзат соодасына каршы туруу багытында кызматташууга даярбы, мен ага комментарий бере албайм” деди. Читать дальше...

Түрк тилдүү мамлекеттердин темир жол багытындагы кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны өттү. Ага Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын темир жол ишканаларынын башчылары катышканын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Маалыматка караганда, жыйында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун темир жол багытындагы кызматташтыгы талкууланды. Жолугушууда айтылган демилгелерди ишке ашыруу боюнча туруктуу жумушчу топ... Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Брановицкий

Консультации, Составление Договоров, Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.





Rss.plus
Владимир Потанин

Федеральный девелопер: ЦФА позволят легко и просто накопить квадратные метры и "обернуть" их в квартиру




В Москве стало меньше аварий с участием каршеринга

Был ли инсульт: что известно об экстренной госпитализации ведущего Куличкова?

В Оренбурге из-за непогоды задерживаются вылет и прилет четырех рейсов

Названы самые дорогие путешествия россиян в марте




Баткен: кечеңдеген курулуш, ортомчулардын "оюну"

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү боюнча курулуш иштеринин ыргагына нааразы болду. "Курулуштун жүрүшү абдан жай" Ал мүмкүнчүлүккө жараша өкмөттөн каражат бөлүнгөнүн, бирок аны өздөштүрүүдө маселе бар экенин айтып, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти. Айрым депутаттар өкмөттүн быйыл суук түшкөнгө чейин үйлөрдү куруп үлгүрбөстүгүн, андыктан аларды жылуу жайларга жайгаштырууну сунушташты. Өкмөттүн маалыматы... Читать дальше...

Өзбекстандагы абактарда интернет бөлмөлөрүн ачуу пландалууда

Azattyk.org 

Өзбекстандын абактарында мамлекеттик электрондук кызматтарды жана нотариалдык кызматтарды колдонуу үчүн интернетке туташкан бөлмө ачуу пландалууда. Бөлмөгө веб-камера жана компьютер коюлат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин ички документинин долбоору коомдук талкууга коюлду.  Долбоорго ылайык, министрлик түзөтүү мекемелеринин ички тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.  Бул толуктоолор Өзбекстандын Башкы прокуратурасы, Саламаттык сактоо министрлиги, Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери... Читать дальше...

УКМК кармалды делген казак активисттери жөнүндө түшүндүрмө бере элек

Azattyk.org 

Ушул тушта чет жерде баш калкалап жаткан казакстандык активист Жанара Ахмет Кыргызстандын атайын кызматы "Манас" аба майданынан казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы кармап кеткенин билдирди. Анын ырасташынча, алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетерде кармалган. Мындан улам Ахмет кыргызстандык укук коргоочуларга кайрылып, кармалгандар үчүн адвокаттык жардам сурады. "Алар өздөрүн коргоп, Казакстандан кетели дешкен. Алар пробациялык көзөмөлдө болушкан. Активисттерди эми албетте, экстрадициялашса керек. Читать дальше...

Израилде үч жарым жыл ичинде бешинчи парламенттик шайлоо өтүүдө

Azattyk.org 

Израилде 1-ноябрда парламентти - Кнессетти шайлоо өтүүдө. Бул өлкөдөгү акыркы үч жарым жыл ичиндеги бешинчи парламенттик шайлоо. Оппозиция лидери, мурда бир нече жолу премьер-министр болуп иштеген Беньямин Нетаньяху өкмөттү кайра жетектөөнү көздөөдө. Акыркы коомдук сурамжылоолорго караганда, анын оңчул консервативдүү "Ликуд" партиясы кайрадан башкаруучу күчкө айланышы мүмкүн. Бирок Нетаньяхунун жактоочулары чечүүчү сандагы мандаттарга ээ болобу, азырынча белгисиз. Парламенттик көпчүлүк үчүн кеминде 61 мандат керек. Читать дальше...

Журналист Семетей Талас уулун милиция алып кетти

Azattyk.org 

Бул маалыматты Семетей Талас уулу өзү "Азаттыкка" ырастады. Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Талас уулу буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген. Ушул жылдын башында ал Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Журналист сурактан чыккандан кийин "чоң иликтөө... Читать дальше...



Москва

Архитектурные доминанты округов Москвы


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Новый путепровод улучшит пропускную способность других трасс



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Провести свой Большой Концерт. Тариф Большой Концерт.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»

Победителями Всероссийской олимпиады по физике стали школьники Московского региона

Блиц-матч по шахматам между двумя командами провели в павильоне «Спорт для каждого»


WTA

Виктория Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

В Архангельске прошел Всероссийский турнир по теннису



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России