103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 02.11.2022

Изилдөө: Бишкек көмүрдөн улам тумчугуп жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын жана жанындагы айылдардын абасын булгаган негизги булак - үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан көмүр экени эл аралык адистер жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылды.

Тбилиси соту камактагы журналисттин доо арызын канааттандырган жок

Azattyk.org 

2-ноябрда Тбилисинин аппеляциялык соту журналист Ника Гварамиянын доо арызын канааттандырган жок. 46 жаштагы Гварамияны шаардык сот май айында "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган", "акчанын изин жашырды"деген кине менен 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал Михаил Саакашвили Грузияны башында турган маалда Юстиция жана Билим берүү министрликтерин жетектеген. Кийин оппозициячыл "Рустави-2" телеканалынын башкы директору болуп иштеп, ал эми 2019-жылы "Млтавари Архи" каналын негиздеген. Гварамия ага... Читать дальше...

Токаев Январь окуяларында камалгандарга мунапыс берди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларында камалгандарга жапырт мунапыс берүү буйругуна кол койду. Бул тууралуу Акордо 2-ноябрда билдирди. Ага ылайык, мунапыска 4-7 январь күндөрдөгү "тартип бузууларга тиешеси бар" деген кине менен камалган бир жарым миңдей киши илинет. Андан тышкары оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен кесилгендердин жаза мөөнөттөрүнүн жарымы же төрттөн үч бөлүгү кыскартылары маалым болду. "Террорчулук, экстремизм", "коррупция", "мамлекетке чыккынчылык", "кыйноо... Читать дальше...



"Кумтөр" тогуз айдагы ишинин жыйынтыгын жарыялады

Azattyk.org 

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы быйылкы тогуз айда жасаган иштеринин жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Кумтөр алтын кенинде жыл башынан 30-сентябрга чейин 389 357 унций же 12 110,3 килограмм алтын өндүрүлгөн. Маалыматка караганда, 2022-жылы алтын өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйгөн. 2021-жылы тогуз айда 292 970 унций же 8,5 тонна алтын өндүрүлгөн. "Көлөмдүн көбөйүшү фабрикага жеткирилген кендин курамында алтындын көп өлчөмдө болушу жана металлды кенден бөлүп алуу коэффициентинин арбышына байланыштуу", - деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Казакстан: активист Жанболат Мамай үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Казакстанда катталбаган Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамай 2-ноябрда үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды. Ал "мыйзамсыз митинг уюштурган, маалымат каражаттарын колдонуу менен бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген, жалган маалымат тараткан" деп айыпталып жаткан. Жанболат Мамай Январь окуяларында каза болгондордун элесине арналган митингге катышкандан көп өтпөй февраль айында камалган. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтууда. Читать дальше...

Казакстандык укук коргоочуларды камтама кылган камоо

Azattyk.org 

31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетова эки айга тергөө абагына камалганын кабарлады. Активисттер кыргыз бийлиги аларды кайра өз өлкөсүнө өткөрүп жибербейби деп чочулоодо. Алар БУУга кайрылып, саясий башпаанек суроого ниеттенип жатканы айтылды.  Kазакстандык активист Жанара Ахмет Кыргызстандын атайын кызматы Бишкектеги "Манас" аба майданынан казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы кармап кеткенин айтып чыккан. Читать дальше...

Орозайым Нарматова милициянын ырайымсыз мамилесине даттанды

Azattyk.org 

Бүгүн, 2-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызыматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматовадан жана активист Илгиз Шаменовдон кабар алды. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти. Маалыматка караганда, Нарматова Бишкек милициясы ага ырайымсыз мамиле жасаганы боюнча арыз жазып, аталган борбордун кызматкерлерине берген. Арызда аны Москвадан учуп келери менен Бишкектен кармап, адвокатсыз эле сурак алышканын жазган. "Сурак берген 4-5 саатта мага тамактанууга... Читать дальше...



"Сорос-Кыргызстан" өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

"Сорос Кыргызстан" фонду "Журналисттерге карата кылмыштар үчүн жазасыз калууга каршы күрөшүүнүн" эл аралык күнүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда фонд "сөз эркиндигине кысым жана чабуулдар акыркы убактарда көп болуп жатканына тынчсыздануусун" билдирген. "Жазасыздык журналисттерди жана активисттерди коркутуп, кылмышкерлерди кайраттандырып, коомго терс таасирин тийгизип, антидемократиялык цензуранын уланышына жол ачат. Ушул оор мезгилде кысымга жана кол салууга каршы туруу үчүн журналисттердин... Читать дальше...

Бийликти сындаган журналист үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Журналист тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот, Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагынан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт. Журналист соттун алдында ал эмнеге кармалганы тууралуу журналисттерге маалымат берип, коюлган айыпты моюнуна албай турганын, күнөөсүз экенин билдирди. Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап жатат. Читать дальше...

Бийликти сындаган журналист кармалды

Azattyk.org 

Журналист Семетей Талас уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына камалды. Ички иштер министрлиги ал “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен шек саналып жатканын билдирди. Журналист социалдык тармактарда бийликтин ишин сындап, акыркы күндөрү сөз эркиндигине басым күчөгөнүн, саясатчылар менен жарандык активисттер мыйзамсыз камалганын байма-бай жазып жаткан. Журналистти карматкан иштин чоо-жайы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы эркин журналист Семетей Талас уулун 1-ноябрда кармады.

Руслан Бекназаров үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен кармалып, камакка алынган Руслан Бекназаров үй камагына чыкты. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 2-ноябрда "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, Бекназаров 12-декабрга чейин үй камагында болот. Апасы Гүлүмкан Мамакеева уулун бошотууну өтүнүп, 25-октябрда президент Садыр Жапаровго кайрылган. Мамлекет башчыга жолдонгон катында Мамакеева уулу "күнөөсү жок жеринен кармалып, камакта отурганын" белгилеген. Ички... Читать дальше...

Бишкекте суу чарба боюнча өзүнчө мекеме түзүлдү

Azattyk.org 

Бишкек мэриясынын алдында "Бишкексуучарба" деп аталган өзүнчө мекеме түзүлдү. Бул ишкана шаардагы бак-дарактарды сугаруу менен алектенет. Мэриянын маалыматына караганда, мурда бул ишти "Бишкекжашылдандыруучарбасы" ишканасы аткарып келген. Маалыматка ылайык, быйыл борбор калааны жашылдандыруу үчүн атайын каражат бөлүнүп, суу бургулар курулат. Бишкекте шаардыктарды суу менен камсыз кылуучу "Бишкексууканал" ишканасы да бар. Экологдор башкалаада парктар жана жол бойлой тигилген бак-дарактар... Читать дальше...

Орусияда ВИЧке чалдыккандардын саны 1,5 миллионго жетти

Azattyk.org 

Орусияда ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын саны 1,5 миллионго жетти. Бул тууралуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматына (Роспотребнадзор) караштуу СПИДдин алдын алуу жана эпидемология илимий-иликтөө борборунун башчысы Вадим Покровский билдирди. Анын эсебинде 2030-жылы бул сан 2 миллиондон ашат. Ал эми Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги Покровскийдин билдирүүсүн четке кагып, инфекцияга чалдыккандардын саны 850 миңдин тегерегинде экенин маалымдады. Читать дальше...

Эркин медиага каршы акциядагы чакырыктар боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

Azattyk.org 

"Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан "Азаттыкка" билдиришти. Буга чейин экспертизанын жыйынтыгы эки аптада чыгары айтылган. "Ушул ишти алган эксперт аймакта башка долбоор менен сотко катышып жатыптыр. Өндүрүшкө алыныптыр. Качан даяр болору белгисиз. Өзү эксперттердин экспертиза өткөрүү үчүн бир ай убактысы бар. Көп учурда эки жуманын ичинде чыгат... Читать дальше...

"Коркут Ата" кинофестивалы "Курманжан датка" тасмасы менен ачылды

Azattyk.org 

Эл аралык кинофестиваль Түркиянын Бурса шаарында 1-ноябрда ишин баштады. Фестивалдын ачылышында "Курманжан датка" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу тасманын режиссеру, учурда Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Коркут Ата" кинофестивалынын сайтындагы маалыматтарга караганда, сынакка бир нече кыргызстандык режиссерлордун тасмалары кирген. Алардын ичинде режиссер Таалайбек Кулмендеевдин "Үй сатылат", Асел Жураеванын "Кыргыздын кыраан кыздары" тасмасы бар. Читать дальше...

Пхеньяндын ракетасы Түштүк Кореянын жээгине түштү

Azattyk.org 

2-ноябрда Түндүк Корея деңизди көздөй 17 ракета учуруп, алардын бири Түштүк Кореянын жээгине алтымыш чакырым жетпей түштү. Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль муну "өлкөнүн аймагына кол салуу аракети" деп атады. Корей жарым аралы экиге бөлүнгөн 1953-жылдан бери алгачкы ирет Пхеньяндын ракетасы Түштүк Кореянын жээгине жакын түштү. Буга жооп чара катары Сеул аскердик даярдык деңгээлин жогорулатты. Жапония Пхеньяндын бул кадамын айыптап, Коопсуздук кеңешин чогултту. Учурда Корей жарым аралынын... Читать дальше...

УКМК эки милиция кызматкери пара менен кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн (РРИБ) эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 2-ноябрда кабарлады. Маалыматта кармалгандар кылмыш ишти оң жака чечип берүүгө убада берип, шектүүдөн 120 000 сом талап кылышканы, 1-ноябрга караган түнү 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнү айтылат. Мындан тышкары УКМКнын укук коргоо органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу иштеринин жүрүшүндө, Ички иштер министрлигинин... Читать дальше...

Ысык-Көлдө 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 14,6 млн. сомдук 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. Расмий маалыматка караганда, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен Отрадное айыл аймагынан өндүрүштүк-коммерциялык фирмалардын бирине жер тилкеси бөлүнүп берилип, анын негизинде ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик акт чыгарганы аныкталган. "Андан кийин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Оззи Осборн

Своим трудом: Келли Осборн отрицает, что похудела с помощью препаратов





Rss.plus
Сергей Собянин

Собянин: До конца 2025 года в Москве будет обновлено еще около 140 поликлиник




«Эту боль не унять ничем». Брат водителя, убитого из-за парковки, обратился к семье убийцы

МИД Венгрии назвал бесполезным 14-й пакет санкций ЕС против России

В Мытищах воссоздали военные события вековой давности

Полезно для строителей, выгодно для жителей. Состоится строительная выставка «Город»




Ооганстанда апийим өстүрүү быйыл 32% көбөйдү

Azattyk.org 

Талибдердин өкмөтү маңзатка тыюу салганына карабастан, Ооганстанда апийим өстүрүү 32% жогорулады. Улуттар уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 1-ноябрда жарык көргөн жылдык баяндамасына ылайык, талибдер апийим өстүрүүгө апрель айында тыюу салгандан бери анын баасы кескин жогорулаган. Апийим айдагандардын кирешеси былтыркы жылга салыштырмалуу үч эсе жогорулап, 2022-жылы 1,4 миллиарда долларга жеткен. Былтыр бул сумма 425 миллион доллар болчу. Ошону менен катары Ооганстан апийим жана героин экспортун токтоткон жок. Читать дальше...

Равшан Жээнбеков өзүн сотко күч менен алып келишкенин билдирди

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 2-ноябрда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантууда. Анда саясатчы Равшан Жээнбеков өзүн соттук жараянга ооруп жатканына карабай, күч менен алып келишкенин билдирди. Буга байланыштуу Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна жана эл аралык уюмдарга кайрылды. Соттук териштирүүнү ден соолугуна байланыштуу 2-3 күнгө жылдырып турууну судьядан өтүндү. "Мен 4-5 күндөн бери ооруп жатам. Дарыгерлер ооруп жатканда төшөккө жаткан режимди сунушташат. Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

3-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 9…14; Талас жергесинде түнкүсүн 1...6... Читать дальше...

Нурлан Шакиев добуш бербей чыгып кеткен депутаттарга кайрылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында добуш бербей жаткан депутаттар тууралуу сөз кылды. Ал эл өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды. "Акыркы убактарда парламент трибунасында, микрофондо жакшы, жалындуу, кооз сөздөрдү сүйлөп, бирок добуш берүүгө келгенде өз пикирин билдирбей, добуш бербей чыгып кеткен депутаттар бар. Мен чакырат элем, же макул, же каршымын деп добушуңуздарды беришиңиздер керек. Биз жоопкерчиликти да алышыбыз керек да. Бизди шайлаган эл... Читать дальше...

Иран Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн экени кабарланды

Azattyk.org 

Америкалык үч аткаминер 1-ноябрда билдиргендей, Иран жакынкы күндөрү Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн. Расмий Эр-Рияд өз чалгын кызматынын мындай маалыматтарын Вашингтон менен бөлүшкөн. "Биз бул кырдаалга тынчсызданып турабыз жана саудиялыктар менен аскердик жана чалгын каналдары аркылуу ар дайым байланыштабыз. Биз ойлонбостон аймактагы өз кызыкчылыктарыбызды жана өнөктөштөрүбүздү коргоо аракетин көрөбүз", - деп жазылат Улуттук коопсуздук кеңеши тараткан билдирүүдө. Сауд Арабия бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Читать дальше...

ИИМ Семетей Талас уулуна "хизбутчуларга" байланыштуу айып коюлганын кабарлады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу комментарий берди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (эстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталган. "Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик... Читать дальше...



Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: в Москве откроют центры ментального здоровья



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Брановицкий

Карточка Артиста – создание и оформление на различных музыкальных стримингах.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Легендарный вратарь Мануэль Нойер стал амбассадором Hisense на Чемпионате Европы по футболу – УЕФА ЕВРО 2024™

Cуперфинал Кубка России планируют провести в «Лужниках», сообщил источник

Команда АО "Желдорреммаш" стала призером СпортЛиги ТМХ


Елена Рыбакина

Рыбакина назвала свое преимущество над Швентек



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Происшествия

В Черноморском районе Крыма военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России