103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 07.11.2022

Казакстанда ун бир жылда 45% кымбаттады

Azattyk.org 

Казакстанда соңку бир жылда ун 45% кымбаттады. Бул тууралуу Zakon.kz басылмасы кабарлады. Медианын маалыматына караганда, октябрдагы баа жыл башына салыштырганда 41,3% өстү. Былтыркы жылдын октябрына караганда нарк 44,3% көбөйгөн. Бир айдын ичинде болсо кымбаттоо 1,2% түзгөн. Мынчалык чоң секирик мындан он жыл мурда катталган. 2012-жылы ундун баасы казак жергесинде 5,6% өскөн жана бул рекорддук кымбаттоо деп айтылып келген. Эң кымбат нарк деп жогорку сорттогу ундун баасы саналып жатат. Астанада... Читать дальше...

Масадыков Кабулда “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукту

Azattyk.org 

6-ноябрда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Кабулда Ооганстанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-ноябрда кабарлады. Масадыков иш сапардын жүрүшүндө “Талибан” өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу... Читать дальше...

Польша Орусия менен чек арасына АКШнын базасын курууну чечти

Azattyk.org 

Польшанын бийлиги Орусиянын Калининград облусу жана Беларус менен чектешкен жерине АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жана тик учактары үчүн база куруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Польшанын WNP.pl басылмасы кабарлады. Өлкөнүн вице-премьери жана коргоо министри Мариуш Блащак атайын брифингде кабарлагандай, мында Apache тик учактары менен жабдылган америкалык күжүрмөн авиациялык бригада жайгашат. Анын айтымында, база жайгашкан аймак Түндүк Атлантикалык уюмдун чыгыш флангындагы Польшанын жана... Читать дальше...



Түркия: миграцияга жетеленген аялдар

Azattyk.org 

Расмий маалымат боюнча Түркияда иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктардын саны 30 миңге жакын. Бейрасмий маалымат боюнча андан эки эсе көп. Түркияда эмгектенген мигранттардын көпчүлүгү кыз-келиндер. "Данисте" бул жолу Түркияда иштеген мигрант аялдардын иши, жашоосун көрсөтөт.

Өзбекстанда окуучуну сабап салган депутатка айып тагылды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кашка-Дарыя облусунун Камаши райондук кеңешинин депутаты Панжи Нуртоевге “окуучуну сабап салган” деген айып такты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдиновго таянуу менен “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, 9-класстагы бала депутаттын 8-класста окуган небереси менен сүйлөшүп жүргөн. 4-ноябрда ал кыздын үйүнө терезе аркылуу кирген. Депутат ошол маалда аны кармап алып, катуу сабап салган. Жабыркаган окуучу ошол эле күнү ооруканага оор абалда жеткирилген. Читать дальше...

Бишкекте 600дөн ашык жарнама алынды

Azattyk.org 

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана  жерди пайдаланууну көзөмөлдөө ишканасы уруксат берилбеген жарнамаларга рейд жасады. Биринчи май районунда Киев көчөсүндөгү 37 жарнама, ошондой эле, 51 баннер алынды. Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрү тазаланды. Жалпысынан 382 жарнама сыйрылды. Ленин районунда Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүнөн 160 мыйзамсыз жарнактар тазаланды. Октябрь районунда жалпысынан 26 жарнамалык конструкция жана 65 баннер демонтаждалды.

БУУнун комитети камоолорго тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы активисттердин жана журналисттердин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анда комитет "укук коргоочулар, жактоочулар, саясатчылар, журналисттер жана башка активдүү жарандарды, айрыкча бийликти сындагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу кысымына тынчсызданып жатканы" айтылат. Мындан улам бийликке сын пикир айткандарды куугунтуктабоо сунушталган. Аны менен катар Адам укуктары боюнча комитет камакта кыйноодон каза болгондорго терең тынчсыздануусун билдирген. Читать дальше...

Казакстанда Январь окуяларында кармалгандар мунапыс менен бошотулду

Azattyk.org 

Казакстанда Январь окуяларында кармалгандар ичинен алгачкы беш киши президенттин жарлыгына ылайык мунапыс алып, абактан чыкты. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Елдос Килымжанов 7-ноябрда атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, жаза аткаруу кызматтары учурда 878 соттолуучунун мөөнөтүн кыскартуу жана жазадан бошотуу боюнча сотко сунуштама жөнөттү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларында камалгандарга жапырт мунапыс берүү буйругуна 2-ноябрда кол койгон. Ага ылайык... Читать дальше...



Танзанияда учак кулап, 19 адам каза болду

Azattyk.org 

Танзанияда жүргүнчү ташыган учак кулап, кеминде 19 адам өлдү. Бул тууралуу Tanzania Business Insight басылмасы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Precision Air компаниясынын лайнери өлкөнүн борбору Дар-эс-Саламадан Букобу шаарына учуп баратып, Виктория көлүнө кулаган. Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, учак жээкке жакын жерге түшкөн. Кырсыктын себептери аныктала элек. Баштапкы иликтөөлөрдө, экипаж аба ырайы бузулгандан улам башкарууну жоготуп жиберген болушу мүмкүн экени айтылды. Читать дальше...

БУУ Илон Масктын Твиттердеги чечимдерине камтамачылык билдирди

Azattyk.org 

Твиттерди башкарууда адам укуктары башкы орунда турушу керек. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Фолькер Тюрк Твиттердин жаңы кожоюну Илон Маскка жазган ачык катында билдирди. Тюрк аталган социалдык түйүндөгү адам укуктарына жооп берген команданын кызматтан бошотулушун “үмүтсүз башталыш” деп атады. “Мен сиздин жетектөөңүздөгү Твиттерде адам укуктарын башкаруудагы орчундуу орунга коюуга чакырат элем”, – деп жазды комитеттин башчысы. Би-Би-Си басылмасы белгилегендей... Читать дальше...

8-ноябрда жаан-чачын болот

Azattyk.org 

8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жаайт. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Зымдарга жана дарактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8, Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсун 1...6, күндүз 3....8... Читать дальше...

Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 300дөн ашты

Azattyk.org 

Ирандагы эки айга чукулдаган нааразылык акцияларынын жүрүшүндө күч кызматкерлеринин колунан кеминде 318 адам, анын ичинде 49 жаш бала каза болду. Бул тууралуу Норвегияда жайгашкан Ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) кабарлады. Reuters агенттиги билдиргендей, мындан сырткары кагылышууларда коопсуздук кызматтарынын 38 кызматкери набыт болду. Иран Ислам Республикасынын парламенти өткөн ишемби күнү башаламандыктарда сот бийлигине күнөөлүү... Читать дальше...

"Тарыхтын сабагын алууга бийлик да, коом дагы милдеттүү"

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабалардын эскерүү күнү белгиленүүдө. Улуу Үркүн, репрессия курмандыктары жана алардын сабактары, тарых алдындагы коомдун, бийликтин жоопкерчилиги тууралуу тарыхчы, коомдук ишмер Алмаз Кулматов "Азаттыкка" маек курду.

"Ата Мекен" партиясынын 30 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-ноябрда "Ата Мекен" партиясынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Партиянын баш кеңсесине партиянын мүчөлөрү чогулду. Саясий уюмдун акыркы 30 жылдагы тарыхына арналган документалдуу тасма тартууланып, куттуктоо сөздөр сүйлөндү. Партиянын активдүү мүчөлөрүнө эстелик медалдар, ардак кагаздар тапшырылды. "Ата Мекен" 1992-жылы 7-ноябрда Бишкекте алгачкы саясий партиялардын бири катары түзүлгөн. Аны көп жылдар бою Өмүрбек Текебаев жетектеп келген. Учурда анын жетекчиси Асия Сасыкбаева. Партиянын курамында Текебаевден тышкары Болот Шер... Читать дальше...

"Азаттыктын" иликтөөлөрү: Батукаев, Бакиев, Матраимов...

Azattyk.org 

“Азаттык” Кыргызстандагы тамырлашкан коррупциянын, мыйзам үстөмдүгүн тепселеген өкүмзорлуктун, адам укугун бузган зордук-зомбулуктун бетин ачкан ондогон иликтөөлөрдү жарыялап келатат. Соңку 10 жылдагы резонанс жараткан иликтөөлөрүнүн айрымдарын эске салабыз.

Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү

Azattyk.org 

“Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууну өтүнүп, жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анын кайрылуусу Теңгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасына жарыяланды. "Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, ырайым кылышыңызды тизелеп туруп, суранам. Мен күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздү өтүнөм. Читать дальше...

Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүн – 7-ноябрда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамы 1992-жылы кабыл алынган. Өлкө сөз эркиндигинин абалы боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин арасында алдыда деп саналып келатканы менен акыркы жылдарда эксперттердин жана дүйнөлүк медиа уюмдардын баасы боюнча журналисттерге, блогерлерге кысым күчөдү. Азыркы тапта Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бир катар журналисттер жана блогерлер камакта жатат. Андан мурда иликтөөчү журналист Болот Темировдун... Читать дальше...

Президент тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата элге кайрылды

Azattyk.org 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун 7-ноябрдагы кайрылуусунда кыргыз эли "нечен кылымдардан бери даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатканы, гүлдөп-өнүккөн Улуу Кыргыз кагандыгын куруп, бирде эл катары жок болуп кете турган Үркүн сыяктуу оор трагедиялуу мезгилдерди башынан кечиргендиги" айтылат.  Кайрылууда ошондой эле "учурунда өлкөнүн эгемендиги, өсүп-өнүгүшү үчүн башын сайып күрөшкөн белгилүү тарыхый инсандар эскерилип жатканы белгиленген." Быйыл Ормон хандын 230 жылдыгы, Байтик баатырдын 200 жылдыгы... Читать дальше...

Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков 70 жашка чыкты

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Манас" орденинин ээси, композитор, обончу Түгөлбай Казаковдун 70 жашы белгиленет. Бул тууралуу улуттук «Манас» театрынан кабарлашты. Рысбай Абдыкадыров, Бабаравшан Тургунбаев, Асанкалый Керимбаевдер менен теӊ катар Түгөлбай Казаков обончу, аткаруучу катары өткөн кылымдын 80-жылдары коомчулукка кеӊири белгилүү болгон. Анын «Жамгыр», «Насыйкат», «Элегия» сыяктуу ондогон ырлары ушул күнгө чейин репертуардан түшпөй ырдалып келет. Түгөлбай Казаков эмгек жолун Каракол шаарында маданият үйүнөн баштап... Читать дальше...



Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Завершаем строительство московского городского вокзала Щербинка



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Алла Пугачёва

"Прости!!!": Пугачева попросила прощения у Манижи




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

GeekVape в сотрудничестве с Absolute Racing выиграла чемпионат в категории GT3

Блиц-матч по шахматам между двумя командами провели в павильоне «Спорт для каждого»

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»


Дарья Касаткина

Теннисистка Касаткина отреагировала на высказывания Винер о россиянах



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

Творческая встреча с искателем приключений состоится в Симферополе



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России