103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 08.11.2022

Орусияда тик учак кулап, бир адам каза тапты

Azattyk.org 

Орусиянын Кострома облусунда санитардык милдетти аткарган Ми-2 тик учагы кулап, бир киши каза тапты. Дагы төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык ТАСС агенттиги кабарлады. Тик учак Кострома шаарынын жакасындагы Сокеркино аэропортуна конууга баратканда кулаган. Бортто бейтап жана аны коштогон дарыгерлер болгон. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ооруулуу каза болуп калган. Кострома облусунун губернатору Сергей Ситников Телеграм каналында кабарлагандай, экипаждын мүчөлөрү байланышка чыккан. Куткаруу иштери уланууда. Читать дальше...

Тажикстан: бадахшандык ага-ини активисттер 13-16 жылдан абакка кесилди

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарынын соту Тоолуу Бадахшандын тургуну, тажик бийлигин сындаган активист Рамзи Вазирбековду 13 жылга кести. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, ал “кылмыштуу уюмдарга аралашууга” жана “конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга” айыптуу деп табылды. 5-ноябрда Вазирбековдун ишин караган сот жабык өткөн. Өкүм тууралуу маалымат 8-ноябрда гана ачыкка чыкты. Ушул эле күндөрү Вазирбековдун бир тууганы, активист Ораз Вазирбековду сот 16 жылга эркинен ажыратты. Ал "эктремизмге жана... Читать дальше...

Түркмөн бийлигин сындаган активист Стамбулда кармалды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын бийлигин кескин сынга алганы менен таанылган түркмөн активисти Нурберды Базаров Түркиянын Стамбул шаарында кармалды. Бул тууралуу Түркияда жашаган башка бир түркмөнстандык активист Нурмухаммет Аннаев “Азаттыктын” түркмөн кызматына билдирди. Түрк бийлиги жакын арада Нурберды Базаровду Ашхабадга депортация кылышы мүмкүн. Ал азыр Стамбулдун жакасындагы Тузла шаарындагы депортация борборунда кармалып турат. Активист Нурмухаммет Аннаевдин пикиринде Базаровду түрк бийлиги түркмөн бийлигинин өтүнүчү менен кармашы мүмкүн. Читать дальше...



Казак бийлиги мамлекеттик тилди билбегендерге жарандык бербөөнү сунуштады

Azattyk.org 

Казакстандын өкмөтү “Казакстан Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү боюнча долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу казакстандык Kursiv.Media премьер-министр Алихан Смаиловдун депутатка берген жообуна таянуу менен жазып чыкты. Жаңы долбоордо мамлекеттик тилди, Казакстандын тарыхын жана улуттук мыйзамдарын билбегендерге жарандык берүүдөн баш тартуу же жарандыгын калыбына келтирбөө сунушу берилди. Документ ошондой эле кош жарандыкка ээлик кылууга да тыюу салат. Казакстандын аймагында... Читать дальше...

"Саясий туткун: 1991-2002": куугунтук айлампасы

Azattyk.org 

8-ноябрда Бишкекте "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата "Саясий туткун: 1991-2002" деген аталыштагы даректүү тасманын бет ачары өттү. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин 31 жылдык эгемендик доорунда бийликтин куугунтугуна кабылгандар тууралуу сөз болду. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бийлик куугунтугуна кабылган адамдар тууралуу баяндаган даректүү тасмада бардык бийликтин тушунда кысымга алынып, камалган адамдар тууралуу кеп болот. Анда туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунан тартып бардык бийликтин тушунда камакка алынган саясатчы... Читать дальше...

Кыргызстанда жоюлган кыргыз класстар

Azattyk.org 

“Эл үнү” түрмөгүнөн Кеминдеги кыргыз тилдүү класстын жабылып калышына нааразы ата-энелер, Дача СУ конушунан кенемте сураган эне, 14 жылдан бери дайын-дареги жок агасын издеген баткендик келин тууралуу баянды уга аласыз. Кемин шаарындагы Азамат Сурантаев атындагы №2 мектепте 1-класстардын арасында кыргыз тилдүү класстын жоюлушуна ата-энелер нааразы. Окуу жылынын башында кыргыз тилдүү класста онго жетпеген окуучу болгондуктан, аны жоюп, ордуна орус тилде билим берген класс ачышкан. “Азаттык”... Читать дальше...

HRW: Каракалпакстандагы калабада күч колдонулган

Azattyk.org 

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму расмий Ташкентти быйыл жайында Каракалпакстандагы демонстрацияларды таратууда "өлтүрүүчү каражаттарды негизсиз жана ашыкча колдонгону" үчүн айыптады. Уюм 7-ноябрда жарыялаган баяндамада Өзбекстандын күч түзүмдөрү быйыл 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында митингчилерди таратууда өлүмгө дуушар кылган куралдарды жана башка ашыкча чараларды негизсиз колдонгону айтылат. Белгилей кетсек, Каракалпакстанда демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 21 адам... Читать дальше...

Түркиянын ички иштер министри «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүл койду

Azattyk.org 

8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 1937-38-жылдардагы репрессия курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жерге, Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл койду. Иш чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган ИИМдин кызматкерлери катышты.  "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата Бишкекте акыркы 30 жылда саясий куугунтукка кабылгандарга жана 1937-38-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына байланыштуу жыйын өтүп... Читать дальше...



Кемпир-Абад иши: абактагы Асанбековдун абалы начарлады

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесинен улам массалык башаламандык уюштурууга шек саналып камалгандардын бири Нурлан Асанбековдун кан басымы төмөндөп кеткени кабарланды. Укук коргоочулар анын саясатка тиешеси жок экенин белгилешип, турмуш-шартын эске алуу менен тез арада бошотууну суранышууда. Нурланбек Асанбеков абалы начарлап кеткенине карабай, ачкачылык акциясын улантууда. Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов абакка кирип, аны менен жолугуп чыккандан кийин "Азаттык" радиосуна буларды билдирди. "Мен киргенде... Читать дальше...

Акча которуулардын рекорддук көрсөткүчтөрү жаңырууда

Azattyk.org 

2022-жылдын III кварталында эл аралык акча которуу системалары аркылуу 2 миллион 906,6 миң транзакция ишке ашырылып, өлкөгө 69,9 млрд сом келген. Бул тууралуу Улуттук банктын баяндамасында айтылат. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,8%га аз, бирок, көлөмү 0,7% га көбөйгөн. Ал эми өлкөдөн тышка акча которуулардын саны 225,7 миң транзакцияны түзүп, жалпысынын 33,9 млрд сом чет мамлекеттерге которулган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 3,9%га аз, көлөмү 2,2 эсеге өскөн. ... Читать дальше...

Түркияга жакын аймакта Болгариянын чек арачысына ок тийип, набыт болду

Azattyk.org 

Болгариянын чек арачысын Түркия менен чектеш тилкеде кайгуул-күзөт милдетин аткарып жүргөн маалда белгисиз адамдар атып кетти. Бул тууралуу Болгариянын Ички иштер министрлиги 8-ноябрда кабарлады. Окуя 7-ноябрдын таңында болгон. Голям-Дервент кыштагынын жанындагы чек ара тилкесин кайтарып жаткан маалда чек ара полициясынын кызматкерлери чабуулга кабылган. Европа Биримдигинин мүчөсү – Болгария бул уюмга кирбеген Түркия менен чек арасындагы 259 чакырымды тикен зым менен тоскон. Европага өтүүнү каалаган... Читать дальше...

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына шайлоо өтөт

Azattyk.org 

8-ноябрда АКШда орто мөөнөттүү деп аталган шайлоо өтөт. Мында Конгресстин төмөнкү палатасы – Өкүлдөр палатасынын бардык курамы жана жогорку палатасы – Сенаттын үчтөн бири шайланат. Бул күнү мындан сырткары 36 штаттын губернаторлоруна шайлоо болот. Бул шайлоонун жыйынтыгы президент Жо Байдендин мындан аркы саясий тагдырына таасир этет. Ал мүчөлүк кылган Демократиялык партия Өкүлдөр палатасындагы шайлоодо жеңип чыкса, анда Байдендин 2024-жылкы президенттик жарышта кайра утуп чыгуу ыктымалдуулугу көбөйөт. Читать дальше...

Саясий туткундар тууралуу талкуу өттү

Azattyk.org 

Бүгүн "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата "Саясий туткун: 1991-2002" деген аталыштагы даректүү тасманын бет ачары өттү. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин акыркы 31 жылдык эгемен учурда бийликтин куугунтугуна кабылгандар тууралуу сөз болду. Сүйлөгөндөр 1937-38-жылдардагы кандуу репрессия менен эгемен тарыхтагы бийлик куугунтугунун окшоштуктары жана айырмачылыктарын айтышты. Айрымдар ошол эле 1937-38-жылдардагыдай болуп эч себепсиз жана далилсиз камоолор азыр да уланып жатканын өкүнүү менен белгилешти. Читать дальше...

Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жолукту

Azattyk.org 

8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу иш сапары менен Бишкекке келди. Улан Ниязбеков менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.  Маалыматка караганда, кыргыз министри түрк полициясынын алдыңкы жетишкендиктери, ыкмалары жана жаңы технологиялары боюнча тренингдерди уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Сулейман Сойлу министрликтин ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо, коомчулук менен иштөө борборлору менен, ошондой эле... Читать дальше...

9-ноябрда да кар жаайт

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалыматы боюнча 9-ноябрда туруксуз аба-ырайы уланат. Бүгүн 8-ноябрда башталган кар эртең да жаайт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, өрөөндөргө кар түшөт. Тоо этектерине, тоолорго да кар жаайт. 9-10-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° чейин жылуу, күндүз 3…8° жылуу. Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° сууктан күндүз 0…5° чейин жылуу. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу болот. Читать дальше...

"Азаттык" тууралуу беш фейк

Azattyk.org 

Учурда “Азаттыктын” айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу социалдык тармактарда медиа мекеме жана анын ишмердүүлүгү тууралуу жалган (фейк) маалымат жайылууда. Биз аларды эмне үчүн жалган экенин түшүндүрүп беребиз.

Президент Садыр Жапаровдун Сауд Арабиясына барары кабарланды

Azattyk.org 

7-ноябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрликтеринин биринчи саясий кеңешмеси өттү. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Сауд Арабия падышалыгынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжи менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда тараптар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип... Читать дальше...

Эртеңден тартып Кемпир-Абад боюнча камалгандардын бөгөт чарасы каралат

Azattyk.org 

Кемпир-Абад суу сактагычына байланышкан жыйындан кийин 23-24-октябрда чогуусу менен кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасы жана кармалышынын мыйзамдуулугу 9-ноябрдан тартып Бишкек шаардык сотунда карала баштайт. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди.  Графикке ылайык 9-ноябрда төмөнкү жарандардын соттук иши жүрөт: Гүлнара Журабаева (саат 09:00да), Кеңешбек Дуйшебаев (09:00), Али Шабдан (10:00), Атай Бейшенбек (10:30), Таалай Мадеминов (11:20)... Читать дальше...

Ачкачылык кармаган Нурлан Асанбековдун кан басымы төмөндөөдө

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесинен улам массалык башаламандык уюштурууга шектелип камалган жыйырмадан ашуун жарандын катарындагы Нурлан Асанбековдун абалы менен Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов таанышып чыкты. Бул тууралуу Колоповдун өзү «Азаттыкка» билдирди. «Мен киргенде Нурлан Асанбеков ачкачылыгын улантып жатыптыр. Өзүнүн айтымында ачкачылыкты 1-ноябрда кармай баштаган. Биринде жана экисинде суу ичиптир, бирок, 3-ноябрдан тартып эч наар ала элекмин, деп айтты. Кан басымы төмөндөп кетиптир. Ал... Читать дальше...

Британ элчиси Гарреттин Кыргызстандагы миссиясы аяктады

Azattyk.org 

Улуу Британиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет дипломатиялык миссиясы мөөнөтүнөн мурда аяктап жатканын жарыялады. Ал бул тууралуу социалдык баракчасына жазды. "Жеке жана үй-бүлөлүк себептерден улам Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси кызматым аяктады. Мен кетип жатканыма кайгырып турам, бирок Кыргызстандай эң кооз өлкөдө жашап, иштеген үч жылдан ашык убактымды жакшы сезимдер менен эстейм", - деп жазган ал. Элчи "Кыргызстан татаал кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын... Читать дальше...



Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин рассказал, как Москва помогает производителям оборудования



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ольга Бузова

Ольга Бузова стала человеком-невидимкой на ТВ-3 в новом сезоне легендарного шоу о звёздах




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

GeekVape в сотрудничестве с Absolute Racing выиграла чемпионат в категории GT3

Sitronics Group рассказала о достижениях компании в области корпоративного спорта

Блиц-матч по шахматам между двумя командами провели в павильоне «Спорт для каждого»


ATP

Хачанов: хочу вернуться в топ-10 ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


#123ru.net

В Москве прошла эковыставка Hydrate The World



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России