103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 09.11.2022

Милиция Караколдо күйөөсү бычактаган келин каза болгонун билдирди

Azattyk.org 

Каракол шаардык милициясы ажырашкан күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин өлүмүнүн чоо-жайын териштире баштаганын Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 9-ноябрда Караколдогу “Кумтөр” деп аталган соода борборунда болгон. Каза болгон келин 30 жашта болгону, 35 жаштагы күйөөсү менен ажырашып кеткени, экөө сүйлөшүү үчүн жолукканы, ортодо уруш чыгып, күйөөсү аялын бычактаганы маалымдалды. Келин ошол жерден жан берген, өзүнө да кол салган эркек облустук ооруканага жеткирилген. Читать дальше...

Мекемелер лампаны Майлуу-Суу заводунан сатып алууга милдеттендирилет

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттен каржылануучу дээрлик бардык мекеме-ишканалар мындан ары жарык берүүчү лампаларды Майлуу-Суу лампа заводунан сатып алууга милдеттүү болот. Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү бул ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жарык-техникалык тармакты өнүктүрүү, Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 9-ноябрда билдирди. Завод чыңалуу лампаларынын жети түрүн жана айнек жиптеринен жасалган ровинг... Читать дальше...

Meta корпорациясы 11 миң кызматкерин кыскартат

Azattyk.org 

Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta корпорациясы 11 миңден ашык жумуш ордун кыскартат. Бул тууралуу анын жетекчиси Марк Цукерберг шаршемби күнү кызматкерлерге жолдогон катында билдирди. Бул компаниянын тарыхында биринчи жолу жумушка кабыл алуу токтоп калгандан кийинки алгачкы чоң кыскартуу. Сөз штаттагы кызматкерлердин 13% жөнүндө болууда. Цукерберг жумуштан бошотулган кызматкерлерге үч жарым айлык маянасын төлөп бермекчи. Андан тышкары, иштеген ар бир жылынын бир... Читать дальше...



Шаардык сот Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 9-ноябрда Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулованын “кармалышы мыйзамдуу болгон” деген тыянак чыгарды. Сооронкулованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызы эртең, 10-ноябрда каралмай болду. Шаардык сот 9-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын айрымдарынын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу доо арыздарды жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун карады. Дээрлик бардыгынын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды жана алардын кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Читать дальше...

Чектөө менен сатылган арзан көмүр, кезек күтүп кезергендер

Azattyk.org 

Бишкек шаарында суук түшкөнү көмүргө болгон талап өстү. Айрымдар “Кыргызкөмүр” ишканасы арзан баада сатып жаткан көмүрдү алууга сааттап кезек күтүүдө. Бирок чектөө менен сатылган арзан көмүр айрым жерлерде тартыш болуп жатканына күбө болдук. "Көмүр эртең түшөт, таң атпай кел деп айтышты" “Кыргызкөмүр” ишканасы 1-ноябрдан тартып өлкөнүн аймактарында, андан сырткары Бишкекте арзан баада көмүр саткан беш кампа уюштурду. Алардын бири Мурманский көчөсүндөгү кампа. Биз барган учурда бул жайда көмүр калбай калган экен. Читать дальше...

Төкмө акын Болот Назаровдун бөгөт чарасы каралууда

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-ноябрда Чүй облусунун Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаров дун бөгөт чарасы каралууда. Бул тууралуу анын адвокаты Автандил Бакытбек уулу "Азаттыкка” билдирди. Буга чейин Назаров бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Жазуучу, публицист Олжобай Шакир ал Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан кармалып, камакка алынганын жакындарына таянып Фейсбукка жазган. Анын маалыматына караганда, Болот Назаровду тойго ырдатканы чакырышып, аягында чепкен жаап, ат мингизишкен. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

Azattyk.org 

"Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган саясатчы Клара Сооронкулова өзүнүн бөгөт чарасын карап жаткан Бишкек шаардык сотунун курамына ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот өтүнүчтү четке какты. Мунун алдында жактоочу Чинара Жакупбекова ишти карап жаткан судьялардын бири мурда Сооронкулованын кол алдында иштегендиктен ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган эмес. Шаардык сот бүгүн, 9-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган айрым активист, саясатчылардын... Читать дальше...



Дача СУ: Учактагы жүктөн чыккан бүдөмүк суроо

Azattyk.org 

Кыргызстандын тарыхында эң чоң каргашалардын бири – Дача СУ кырсыгын иликтеген коомдук комиссия ишин жыйынтыктап, корутундусун президентке жөнөттү. Уктап жаткан элдин үстүнө кулаган жүк боюнча ушул күнгө чейин эле ар кандай сөздөр айтылып келатат. Кандуу жүк жана кырсыктан жабыркагандарга чогултулган акчанын дайын-дарегин буга чейин депутаттык комиссия да иликтеп жыйынтыгы чыкпай калган. 2017-жылдын 16-январында Дача СУ конушуна кулаган Boeing-747 учагы, андагы жүк жана кырсыктан жабыркагандарга... Читать дальше...

Ирак менен Сириянын чек арасында ирандык автокербен соккуга кабылды

Azattyk.org 

Ирактын коопсуздук күчтөрү Сирия тарапта белгисиз учкучсуз учактын соккусунан кеминде эки күйүүчү май ташыган унаа жок кылынганын билдирди. Алар Reuters агенттигине кабарлагандай, окуя шейшемби күнү кечинде Ирак менен чектешкен жерде болгон. Сокку Каим чек ара бекетинен Сирияга кирген ирандык күйүүчү май ташыган танкердик жүк ташуучу автокербенге урулган. Чек ара полициясынын эки кызматкеринин айтымында, 20дан ашуун цистерна менен бараткан кербен Ирак менен Сириянын чек арасын мыйзамдуу кесип өткөн. Читать дальше...

Өзбекстан чет элдиктерге жарандык берүүнү жеңилдетүүнү көздөп жатат

Azattyk.org 

Өзбекстанда инвестициялык долбоорлорго 1 миллион АКШ долларынан кем эмес каражат салган чет элдиктерге же белгилүү илимпоз, спортчу, маданият жана искусство ишмерине жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык берилиши мүмкүн. “Өзбекстан Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү мыйзам долбоору 8-ноябрдан 23-ноябрга чейин коомдук талкууга коюлду. Долбоордо мамлекеттик башкаруу органдарына ушул мыйзамга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларды кайра кароо жана жокко чыгаруу боюнча тапшырма да камтылган. Читать дальше...

Шаардык сот Айбек Бузурманкуловду абакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн 9-ноябрда Талас облусунун мурдагы губернатору, активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 20-декабрга чейин камалган. 23-24-октябрда оппозициялык маанайдагы жыйырмадан ашуун саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалышкан. "Жапырт башаламандык... Читать дальше...

Баткен: тургундар калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканына кабатыр

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашада жабыркаган Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрдү калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканына кабатыр экенин 9-ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул күнү парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусуна иш сапар менен барды. Алгач ал Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, Капчыгай айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул айылдагы үйлөр жараксыз абалга келген. “Учурда 40 тамдын пайдубалы түптөлсө... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: камалгандардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты

Azattyk.org 

"Массалык башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камакка алынган активист Айбек Бузурманкулов менен саясатчы Клара Сооронкулованын жакындары Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына митингге чыкты. Алар камалгандарды бошотууну талап кылууда. Аларга 9-ноябрда бөгөт чарасы каралаган башка активисттердин жакындары дагы кошулганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Бишкек шаардык соту бүгүн, 9-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу доо арыздарын карап жатат. Читать дальше...

Алжир БРИКСке кошулуу үчүн арыз берди

Azattyk.org 

Алжир БРИКСке кошулуу үчүн расмий арыз тапшырды. Бул тууралуу египеттик "Аль-Шарук" басылмасы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен билдирди. Өлкө бийлиги буга чейин эле уюмга кирүү максатын бир нече жолу билдирген. Жайында президент Абделмажид Теббун Алжир БРИКСке кирүү үчүн зарыл болгон бардык критерийлерге жооп берерин айткан. БРИКСке экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil... Читать дальше...

2023-жыл түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыяланды

Azattyk.org 

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады.  Мындай чечим түрк дүйнөсүнүн маданий борбору саналган Бурса шаарында уюмдун 39-жыйынында кабыл алынды. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан ж.б. өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТҮРКПА уюмунун өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын айтылуу актрисасы Бакен Кыдыкеева  "Салтанат", "Токтогул", "Ашуу", "Ак тоолор", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Жоргонун жүрүшү"... Читать дальше...

Президент Жапаров Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен барат. Ал 10-11-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Расмий айтылгандай, саммитте мамлекет башчылар көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, уюмдун 2022-2026-жылдарга карата декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат. "Иш-чаранын алкагында транспорт... Читать дальше...

10-ноябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

10-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 4…9; Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0…5; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8; Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -2...-7. ​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Султанбаев социалдык объектилердин курулушу боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин 193 объектинин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбукка жазгандай, буга мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. 172,1 млн. сом коротулган. "Айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм. Читать дальше...


Музыкальные новости
Фрэнк Синатра

Леонардо ДиКаприо может сыграть Фрэнка Синатру в новом байопике Скорсезе





Rss.plus
Выставка

Выставка мультографики «Сны смешного человека» откроется в Пскове




Юрист Крохин: несправедливость по отношению к СНТ в плане газификации устранили

"В самолете не хватило мест": десятки россиян с детьми не могут вылететь из ОАЭ

В Подмосковье ликвидировали первые в сезоне-2024 лесные пожары

«В аэропорту хаос». Россияне не могут вылететь из ОАЭ из-за ливней




Улут каймактары атылган кандуу жылдар

Azattyk.org 

7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Бул күндөрү 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары да эскерилет.

Диний ишенимден улам эмдөөдөн баш тарткандар азайганы кабарланды

Azattyk.org 

Балдарын эмдетүүдөн баш тарткан жарандардын саны 50% чейин кыскарганы кабарланды. Бул тууралуу республикалык иммуннопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова бүгүн, 9-ноябрда маалымат жыйында билдирди. "2016-жылы диний ишеними боюнча балдарын эмдетүүдөн баш тарткан жарандардын саны 70% чейин өскөн. 2021-жылкы көрсөткүч боюнча эмдөөдөн баш тарткандар 50% чейин түштү. Бул диний мекемелер менен чогуу жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы", - деди ал. Адистин айтымында, акыркы жылдары диний ишениминен эмес... Читать дальше...

Сүйүү сезимин өчүргөн осол окуя

Azattyk.org 

Орустун алп жазуучусу Лев Толстой артына опол тоодой адабий мурас калтырган дүйнөлүк адабияттын саналуу классиктеринин бири. Бул ирет жазуучунун “Балдан кийин” аңгемеси тууралуу кеп кылууну туура көрдүк. Пендем ай, пендем!.. Сыртынан баам таштаган адамга алп жазуучу кадыресе жөн-жай темалардын бирин көтөргөндөй сезилери бышык. Коюлган суроо деле жөнөкөй, бул жер үстүн байырлаган башка макулуктардан адам эмнеси менен айырмаланат? Бир караганда жеңил, жөнөкөй көрүнгөнү менен салттуу суроонун жандырмагын табыш кыйын. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Али Шабдан менен Атай Бейшенбек камакта калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер Али Шабдан менен Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту аларды 20-декабрга чейин камаган. Сот мунун алдында активисттердин кармалышын дагы мыйзамдуу деп тапкан. "Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат. Читать дальше...

Коомдук тамактануучу жайларда уулангандар көбөйдү

Azattyk.org 

Быйылкы жылы тогуз айда Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардан тамак-ашка ууланган 69 учур катталды. Андан 387 адам ууланган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык врач Бүбүжан Артыкбаева бүгүн, 9-ноябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда коомдук тамактануучу жайлардан тамак-ашка уулангандар жалпы уулангандардын 50-60% түзүп келсе, акыркы убакта бул көрсөткүч дээрлик 90% жетти. Артыкбаеванын маалымдашынча, 2020-жылы тамак-ашка ууланган 190 учур катталып, андан 267 адам жабыркаган. Читать дальше...

Шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп тапты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналгандардын бөгөт чарасын жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун карап жатат. Ага ылайык "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин жана жарандык активисттер Али Шабдан, Атай Бейшенбек жана Таалай Мадеминовдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ушул эле күнү... Читать дальше...



Москва

Глава СК РФ Бастрыкин взял дело нейрохирурга под свой контроль


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин обозначил основные направления развития здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Сергей Шнуров назвал творчество Юрия Шевчука «уродским направлением в истории музыки»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Динамо» (Москва) одержало победу в третьем матче полуфинала

«Фонкод» отметили в народном голосовании Всероссийского конкурса спортивных проектов

Наследие «Игр будущего»


WTA

Рыбакина узнала первую соперницу на новом турнире WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

МБМ пригласил горожан на обучающую программу о социальном предпринимательстве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России