Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында төрт коло байгеге ээ болушту
Иорданиянын Амман шаарында бүгүн, 12-ноябрда жыйынтыкталган бокс боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык боксчулар төрт коло байгеге ээ болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Санжар Сейдакматов (54 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) жана Эркинбек Адылбек уулу (86 кг) бокс боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти. Бул чемпионатка бокс боюнча Кыргызстандан эркектер курама командасынан 12 мушкер барды. Читать дальше...