103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 13.11.2022

Стамбулдагы жардыруудан кеминде алты киши каза тапты

Azattyk.org 

13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болуп, кеминде алты кишинин каза тапты, 53 киши ар кандай жараат  алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматты Стамбулдун губернатору Али Йерликая өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу да тастыктады. Жардыруу Таксим борбордук аянтына жакын жайгашкан эл жык жайгашкан аймакта,  саат 16:20 чамасында болгон. Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаалары жана полиция кызматкерлери жетип барган. Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Читать дальше...

Байден: АКШ, Жапония, Түштүк Корея өзөктүк коркунучка бирдиктүү жооп берет

Azattyk.org 

АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын лидерлери Түндүк Кореянын коркунуч жараткан өзөктүк жана баллистикалык ракеталык программаларына бирдиктүү жооп кайтарууга убада беришти. Камбожада өткөн Чыгыш Азия саммитинде АКШ президенти Жо Байден Түндүк Корея чагымчыл аракеттерин күчөтүп жаткан чакта үч тараптуу өнөктөштүк "мурдагыдан да маанилүү" болуп турганын белгиледи. Байден Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида жана Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль менен Камбожадагы саммитте чогуу отурду. Саммит бүгүн, 13-ноябрда жыйынтыкталды.

АКШдагы шайлоодо демократтар алдыга чыкты

Azattyk.org 

АКШда Сенаттагы демократтар Невада штатында добуштар саналгандан кийин 50 орунга ээ болуп, Конгресстин жогорку палатасына көзөмөл кылышы ыктымал. Анда Демократиялык партиянын мүчөсү Кэтрин Кортес-Масто жеңишке жеткенин CNN билдирди. Невада штатында бюллетендердин 95% эсептелип бүттү. Кортес-Масто шайлоочулардын 48,7% добушун алды. Ал Невада штатынын мурдагы башкы прокурору, республикачы Адам Лаксалттан жарым пайыз  алдыда. Эгерде Кортес-Масто жеңүүчү деп табылса, Жоржия штатында республикачылар... Читать дальше...



Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

14-ноябрда Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 7…12; Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 8…13; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10; Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13... Читать дальше...

Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып барды

Azattyk.org 

Ноябрдын башында үй камагына чыккан Руслан Бекназаров Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары кызматына кайтып барды. Бекназаров кирешелер боюнча райондук штабдын кезектеги жыйынын өткөргөнүн мэриянын басма сөз кызматы 12-ноябрда кабарлаган. Ал өзү кызматка кайтып барышында мыйзам бузуу жок экенин, тергөө иштери уланып жатканын 13-ноябрда  "Азаттыкка" билдирди. Ички иштер министрлиги Руслан Бекназаровду Кылмыш кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”... Читать дальше...

Өмүрүн өнөргө арнаган Фарида

Azattyk.org 

Фарида Өмүрзакова - комузда, кыл кыякта кол ойнотуп, мукам үнү менен элге ырчылык өнөрүн тартуулап келаткан кесипкөй өнөрпоздордун бири. Ал “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, өнөр дүйнөсүнө аралашкан 40 жылга жакын аралыктагы өзүнүн чыгармачылыгы, өнөрдүн жүгү, устаттарынын эмгеги тууралуу айтып берди.

УКМК алты киши дары аткезчилигине шектелип кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эл керектөөчү товарларды жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүүгө шектүү катары Кыргызстандын алты жараны кармалганын билдирди. Маалыматта "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда 14 мүшөк кийим-кече түрүндөгү буюмдар жана баасы 1 миллион 248 миң сомго бааланган "Цефазолин-Акос" дарысы табылганы жазылган. Тергөө-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт.

"БШКга бийликтин тилинен чыкпаган адамдар көрсөтүлөт"

Azattyk.org 

"Бийлик сырлары" программасынын бүгүнкү коногу Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев болду. Ал шайлоо комиссиясына кантип келип калганы, Акаев, Бакиев, Убактылуу өкмөт, Атамбаев, Жапаров учурундагы шайлоолорго бийликтин таасири, ал мезгилдеги мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди. - Акылбек мырза, акыркы 20 жылдагы бийликтегилер БШКга өзүлөрүнө караштуу, алардын айтканынан чыкпаган, лоялдуу адамдардын мүчө кылышат деген пикирлер арбын, сиз буга кошуласызбы? - Ооба, андай көрүнүш азыркыга чейин созулуп келе жатат. Читать дальше...

УКМК: "Хизбут" уюмунун аялдар канатынын жашыруун иши аныкталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тыюу салынган "Хизбут-Тахрир аль Ислами" диний-экстремисттик уюмунун "аялдар канатынын" жашыруун ишмердүүлүгү аныкталганын 12-ноябрда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алар тыюу салынган идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жүргөн. "Алардын иш-аракеттерине бөгөт коюуу максатында 2022-жылдын 14-октябрында жана 4-ноябрында беш жарандын жашаган жери тинтүүгө алынып... Читать дальше...

Бишкек милициясы бейбаштык кылган чет элдиктер кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы бейбаштык кылган чет элдиктер кармалганын билдирди. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, пакистандык жаран 11-ноябрда "Жеңиш" аянтында өзүнүн эки мекендеши жана башка белгисиз адамдар коомдук коопсуздукту бузуп, денесине залал келтиргенин айтып  арыз менен кайрылган. Факт милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Шектүүлөр кармалып, милициянын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Читать дальше...

"БШКга бийликтин тилинен чыкпагандар көрсөтүлөт"

Azattyk.org 

"Бийлик сырлары" программасынын бул жолку коногу Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев болду. Ал шайлоо комиссиясына кантип келип калганын, Акаев, Бакиев, Убактылуу өкмөт, Атамбаев, Жапаров учурундагы шайлоолорго бийликтин таасири, мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди.

Болот Токтогонов самбо боюнча Дүйнө чемпиону болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу Болот Токтогонов Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Спорттун аталган түрү боюнча эл аралык федерациясынын маалыматына караганда, Токтогонов 12-ноябрда спорттук самбодон 98 килограммдан жогорку салмактагылар арасында финалда монголиялык Дамдинсурен Пуревдоржду жеңип, Дүйнө чемпиону болду. Бул жеңиши менен Болот Токтогонов спорттук самбодон Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды. Бул күнү Токтогоновдон сырткары... Читать дальше...



Москва

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о создании парка «Яуза»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Розенбаум

Розенбаум разнес "губастых" любителей пластических операций




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пункты проката спортинвентаря откроются в парках Москвы 1 мая

МФК «Динамо Пушкино» вошел в топ-8 команд Всероссийского футбольного турнира «Кубок Казани»

Игра в футбол на каблуках: как блогеры резко стали футболистками и решили завоевать новые горизонты


Елена Рыбакина

Рыбакина приблизилась к первой ракетке мира



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Профессию лесничего представили на профориентационном квесте в Воскресенске



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России