103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 17.11.2022

Чек ара келишими: парламенттин чуу коштогон жыйыны

Azattyk.org 

Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты. Президент катышкан жыйын кызыл чеке талаштар менен коштолуп, кайым айтыштар болду.

Кемин: Эне тилинде окуй албаган балдар

Azattyk.org 

10 миңдей эл жашаган Чүй облусунун Кемин шаарындагы Азамат Сурантаев атындагы мектепте кыргыз тилинде окуткан 1-класс эки күндөн кийин жабылып калды. Ондон ашык уул-кызын берген ата-энелерге мектеп жетекчилиги "класс толбой калды" деп түшүндүргөн.

Чек ара: Конституциялык сот келишим долбооруна корутунду бербөө себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Конституциялык сот 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу эки тараптуу келишимдин долбооруна корутунду берилбеди деген сынга жооп берди. Конституциялык соттун депутаттарга жолдонгон жообунда Баш мыйзамдын 26-беренеси,  "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга шилтеме берилген.   "Конституциялык сот демилгечи орган эмес, ошондуктан эл аралык макулдашуулардын долбооруна корутунду тийиштүү тарап макулдашуу Кыргызстандын Конституциялык мыйзамдарына туура келбесин негиздеп кайрылган учурда гана берилет. Читать дальше...



Милиция "Азаттыкты" опузалаган окуяны иликтөөнү кечеңдетти

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы "Азаттыктын” журналисттерин коркуткан опузаны териштирип, иликтөө иштерин баштай элек. Милиция "Азаттыктын" арызын кабыл алгандан кийин линвистикалык экспертиза дайындалганын кабарлаган. Бирок бир айдан кийин акциянын модераторунун чакырыктары тартылган DVD дискти ача албай жатканын билдирди. Мындан улам "Азаттык" дисктин дагы бир көчүрмөсүн берди. Юристтер журналисттерге ачык коркутуу болгонун, мындан улам мыйзамга ылайык, дароо кылмыш иши козголуп, иликтеп-териштирүү башталышы керектигин белгилешет. Читать дальше...

Бишкек шаардык соту Болот Темировдун ишин карады

Azattyk.org 

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргеликте башкаруу жана Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына байланыштуу мыйзамдар бүгүн Жогорку Кеңеште дароо үч окууда кабыл алынды. Президент катышкан жыйын кызыл чеке талаштар менен коштолуп, кайым айтыштар болду. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган Илгиз Шаменов менен Мамбетжунус Абыловдун бөгөт чарасы каралып, алар эки айга камакта калды. Казакстандын президентин шайлоо алдында Касым-Жоомарт Токаев Алматыга келди. Читать дальше...

Москвадагы "Садовод" базарында өрт чыкты

Azattyk.org 

Москвадагы "Садовод" базарында өрт тутанып, ал жактагыларды эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаалдар кызматына таянып жазды. Маалыматка караганда бир нече соода контейнери күйүп кеткен. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек. Базардын жалпы аянты 40 гектарды түзөт. Андан жылына 36 миңдей киши соода кылат. "Садовод" базарында негизинен борбор азиялык мигранттар эмгектенишет.

Казакстанда башаламандык уюштурууга айыпталып жети киши кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын коопсуздук кызматы "алдыдагы президенттик шайлоо маалында башаламандык уюштурууну көздөгөн жети киши кармалганын" билдирди. "Прокуратуранын жардамы менен Улуттук коопсуздук комитети үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында жапырт башаламандык уюштурууну пландап жаткан кылмыштуу топтун аракетин токтото алды",-деп жазылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө. Ошондой эле расмий маалыматта кылмыштуу топ бир гана тополоң уюштурбастан, административдик мекемелерди, укук коргоо органдарынын имараттарын басып алууну көздөп жатканы белгиленген. Читать дальше...

Мьянмада алты миңдей адамга мунапыс жарыяланды

Azattyk.org 

Мьянманын бийлиги мамлекеттин Улуттук күнүнө карата жазасын өтөп жаткан алты миңдей адамга мунапыс берди. Алардын арасында төрт чет өлкөлүк жаран, он бир атактуу киши бар. Мунапыска илингендердин катарында Мьянманын мурдагы мамлекеттик кеңешчиси Аун Сан Су Чжинин кеңешчиси, австралиялык экономист Шон Тернелл, Британиянын экс-элчиси Вики Боумен, америкалык ботаник Кьяу Хтай Оо жана жапон журналисти Тору Кубота бар. 2021-жылдын башында Мьянмада аскердик төңкөрүш болуп, бийликтен өлкөнүн жарандык... Читать дальше...



Казакстан: Шайлоо өнөктүгүн коштогон кармоолор

Azattyk.org 

Казакстанда президенттик шайлоонун алдында жарандык активисттер кармала баштады. Президент Касым-Жомарт Токаев шайлоого саналуу күн калганда Алматы шаарына келди. Ал жолугушууда Январь окуясына токтолуп, “кутумчулар”, “радикалдар” тууралуу сөзүн дагы кайталады. 20-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо Токаев жети жылдык мөөнөткө кайра аттанды. 16-ноябрда Алматынын көчөлөрүндө адаттагыдан башкача тыгын болду. Бул күнү Алматыга келген Касым-Жомарт Токаев быйыл жыл башындагы кандуу Январь окуясына токтолду... Читать дальше...

Кыргызстандык делегация Ооганстан боюнча кеңешменин жыйынына катышты

Azattyk.org 

16-ноябрда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков баштаган делегация Москвада Ооганстан боюнча кеңешменин төртүнчү отурумуна катышты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, жыйында Ооганстандагы азыркы кырдаал талкууланып, анын Борбор Азиянын коопсуздугуна таасирине басым жасалды. Аягында аймактагы өлкөлөрдүн бул маселелер боюнча Ооганстан менен карым-катышынын мааниси белгиленип, Борбор Азиянын коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөө үчүн чогуу аракеттенүү келишими жетишилди.

Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын тактоо боюнча документтери өлкө парламентинин кароосуна жыл соңуна чейин сунуш кылынат. Бул тууралуу 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору каралып, колдоо тапкандан кийинки жыйынтыктоочу сөзүндө президент Садыр Жапаров билдирди: “Эми Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз деп жатабыз. Бүгүн айтылып өттү, 199 миң чарчы чакырым болсо, эми... Читать дальше...

Казак соту каракалпакстандык активистти 40 күнгө камакка алды

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө облусуна караштуу райондук сот 16-ноябрда каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашеваны кырк күнгөкамакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Актөбө облустук сотунун маалымат кызматы билдирди. Укук коргоочу Ирина Гольцварттын айтымында, учурда сот чечимине каршы доо арыз даярдалууда. Тлеубике Юлдашева 12-ноябрда казак-орус чек арасында кармалган. Ал "Жайсан" өткөрмө бекети аркылуу Орусияга чыгып кетүүнү көздөп жаткан. Азырынча ал эмнеге шектелип жатканы белгисиз. Адвокаттын колуна соттун чечими тие элек. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты. Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып: “Эч коркпоңуздар. Читать дальше...

Жогорку Кеңештин алдында Кемпир-Абад боюнча нааразылык акциясы өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Акцияга болжолдуу жыйырма чакты киши катышууда. Алар парламент депутаттарын кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу макулдашуунун долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты.  Ага чейин Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта да ушундай эле талап менен акция башталган. Анын айрым катышуучулары да парламент имаратынын алдында чыккандарга кошулду. ... Читать дальше...

Шаардык сотто Болот Темировдун ишин кароо 23-ноябрда уланмай болду

Azattyk.org 

17-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралды. Отурумда Темиров көрсөтмө берип, прокурордун жана адвокаттардын суроолоруна жооп берди. Кийинки отурум 23-ноябрда өтмөй болду. 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Читать дальше...

Өзбекстанда сүрөт, видеосу үчүн камалган блогер бошотулду

Azattyk.org 

"Этика эрежелерине каршы жана жарандардын нааразылыгын жараткан" сүрөт, видеолору үчүн беш суткага камакка алынган инста-блогер Севинч Садуллаева бошотулду. Ал камакта төрт күн отурду. Садуллаевага каршы арыз менен сотко Ташкенттин Аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нодира Умарова кайрылган. Ал арызында блогер "социалдык тармактарда этикага жатпаган, коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерин атайылап бузган, жарандардын нааразылыгын жараткан" сүрөт-видеолорду жарыялап жатканын белгилеген. Читать дальше...

Бишкекте Кемпир-Абад боюнча нааразылык акция өтүүдө

Azattyk.org 

17-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акция өтүп жатат. Жыйырма чакты киши Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты. Ушундай эле талап коюлган акция Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында да өтүп жатат. Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад... Читать дальше...

Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акциясы өтүүдө

Azattyk.org 

Ош облусунун Өзгөн районунун акимчилигинин алдында бүгүн 17-ноябрда ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетишине каршы экенин билдирип чыгышты. Алар президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, Өзбекстан менен бирге даярдалып жаткан макулдашууну колдобоого чакырышты.  Ошону менен катар алар Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынган активисттерди жана саясатчыларды бошотууга үндөштү. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен... Читать дальше...

Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты (видео)

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Төрт-Көчө тилкесине статус-кво берилип жатканын билдирди. Өлкө башчы анын алкагында Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын кошумчалады. “Сиз кол коюп жиберген (ред: Адахан Мадумаров) протокол боюнча “ал мыйзамсыз” деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Читать дальше...


Музыкальные новости
Алла Пугачёва

Телеведущая Прошутинская: певица Пугачева столкнулась с трудными временами





Rss.plus
#123ru.net

«Телефон доверия»




В Красногорске открылась площадка «Мегабак»

В МЧС сообщили, когда в Москве утихнет штормовой ветер

Открытие ММКФ началось с минуты молчания в память о жертвах теракта в «Крокусе»

В Петербурге перенесли запуск фонтанов на 27 апреля из-за снегопада




Кемпир-Абадга жакын айылдарга кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегинде жайгашкан айылдарга кенемте төлөө маселеси бүгүн 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жаңы мыйзам талкууланып жатканда көтөрүлдү. Депутат Улукбек Ормонов “Кемпир-Абад толгон жерден көчүп чыккан элдин баары ошол суу сактагычтын тегерегиндеги беш айыл өкмөтүнө жайгашканын”, суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору кылбай кармап туруу жөнүндө келишим кабыл алынган күндө деле ошол айылдар үчүн коркунуч сакталарын айтып, атайын фонд түзүүнү сунуш кылды... Читать дальше...

18-ноябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

18-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 5…10; Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 5…10; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8. ​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Шаардык сот Илгиз Шаменовду камакта калтырды

Azattyk.org 

17-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Сарылдык уулун (Шаменов) камакта калтырды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда аны 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Илгиз Сарылдык уулунун адвокаттары райондук соттун чечимине каршы арызданып, шаардык сот аны канааттандырган жок. Ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Читать дальше...

Президент чек ара маселесинде депутаттарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Өзбекстандын чек арасына байланыштуу мыйзам долбоорлорун ратификациядан өткөрүү маселесинде жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы 17-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты. “Сиздерди эл мамлекеттин тагдырын чечет деп ишенип шайлаган. Тагдыр чече турган маселеде “мен ооруп жатам” деп же иш сапарга кетип калган туура эмес. Бул эл ишенимине жоопкерчиликсиз мамиле. Эч коркпоңуздар. Биз туура жолдо кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз. Тескерисинче... Читать дальше...

Кемпир-Абаддын жээгиндеги үйлөр маселеси кантип чечилери айтылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгиндеги сууну коргоо зонасында отурукташкан элди башка жакка көчүрүү же бул зонанын чегин кыскартуу маселеси өкмөт менен бирге талкууланып чечиле турганын бүгүн 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселе талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Депутат Талант Мамытовдун "900 деген белгиден дагы 500 метр ары жак сууну коргоо зонасына кирет экен. Демек ошол 500 метр аралык ичинде... Читать дальше...

Камчыбек Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстанда калды (видео)

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетти” деген маалыматтар жалган экенин айтты. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. “Орто-Токой өтүп кетиптир” деген калп. Анын баары өзүбүздө калды. Биздин жерибиз, биздин плотина”, - деди Камчыбек Ташиев. Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Маалымат боюнча... Читать дальше...



Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективных решениях в дорожном строительстве   


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: на средства от реализации зеленых облигаций закуплен 451 электробус



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Фрэнк Синатра

«Он ни разу не наступил мне на ногу!»: Тина Синатра высказалась о планах Мартина Скорсезе снять фильм об ее отце




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективности программ по формированию здорового образа жизни  

Like FM – федеральный партнер релиза «Идеальная зависимость»

Прием заявок на участие в конкурсе на лучшее путешествие по Дальнему Востоку начнется в мае


WTA

Александрова проиграла Жабер в первом круге турнира WTA в Штутгарте



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Татьяна Рязапова

Социальная работа на предприятии: современные тенденции и интересные кейсы



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России