103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 20.11.2022

Экзит-полл: Токаев жеңди, экинчи сапка "баарына каршы" графасы чыкты

Azattyk.org 

Казакстандагы "Ачык коом" институтунун экзит-поллуна ылайык, 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду. Экинчи сапка 5,2% менен "Баарына каршы" деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду. Алгачкы расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.  Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги шайлоодо 12... Читать дальше...

Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды

Azattyk.org 

Перс булуңунун боюндагы Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды. 20-ноябрда чемпионаттын ачылыш аземине Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сыяктуу бир катар мусулман өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Reuters агенттиги жазгандай, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани дүйнөлүк чемпионат түрдүү ишенимдеги адамдардын башын бириктиргенин айтты. Биринчи жолу араб өлкөсүндө уюштурулган футбол чемпионатынын алгачкы беттеши... Читать дальше...

Түркия Сирия менен Ирактын түндүгүндө аба чабуулдарын баштады

Azattyk.org 

Түркия Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү күрт кошуундарынын позицияларын бутага алган аба чабуулдарын баштады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги 20-ноябрда жарыялады. Маалыматка ылайык, түрк аскердик учактары Түркияда террордук уюм деп эсептелген Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) жана Сириядагы Элдик коргонуу кошуунунун (YPG) позицияларына сокку уруп жатат. Түрк бийлиги "Чеңгел-Кылыч" деп аталган бул аскердик операциясын Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын 51-беренесинин негизинде өзүн-өзү... Читать дальше...



COP27: Климаттын өзгөрүшүнөн жапа чеккен өлкөлөргө жардам көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында уюштурулган COP27 саммитинин акыркы күнүндө климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жапа чеккен өлкөлөргө жардам көрсөтүүчү фонд түзүү демилгеси колдоо тапты. Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган бул иш-чарасына катышкан дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнүн делегациялары акыркы келишимди жекшембинин таңына чейин талкуулашты. Келишимге ылайык, климаттагы өзгөрүүлөр түрткү берген суу-ташкын, кургакчылык жана ачарчылык сыяктуу жаратылыш кырсыктарына туш болгон жакыр мамлекеттерге кенемте төлөнөт. Читать дальше...

Казакстан: Алматыда добуш бергендердин саны 30% жете элек

Azattyk.org 

Казакстанда жекшемби күнү өтүп жаткан кезексиз президенттик шайлоодо кечки саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 67,85 пайызы добуш берди. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, добушканалар ачылган алгачкы 10 сааттын ичинде шайлоочулар тизмесиндеги 12 миллионго чукул адамдын 8,1 миллиондон ашыгына бюллетень берилди. Түркистан облусунда шайлоочулардын 80,25 пайыздан ашыгы добуш берип үлгүрсө, эң төмөнкү көрсөткүч Алматы шаарында катталды. Бул шаарда шайлоочулардын 27,93 пайызы гана добуш берди. Читать дальше...

"Күтүп атып кеч кирет". Транспорт тартыштыгы окуучуларды кыйнады

Azattyk.org 

Бишкекте жүздөгөн жеткинчектер күн сайын маршруттук унаа, троллейбус, автобустарга тыгылып, батпай калгандары жөө-жалаңдап мектепке барууга аргасыз. Шаарда коомдук транспорт көйгөйү көп жылдан бери чечилбей турат.

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

Azattyk.org 

21-ноябрда Чүй облусунун көпчүлүк аймактарда, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 2…7; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2; Бишкек... Читать дальше...



Кыргызстанда гендердик облигациялар сатыкка чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда биринчи жолу гендердик облигациялар сатыкка чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аялдардын ишкердигин колдоого багытталган облигациялар Кыргызстандагы ишкерлердин демилгеси менен чыгарылган. Баалуу кагаздар аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого багытталган. Түшкөн каражат айыл чарбасы жана кызмат көрсөтүү жаатындагы чакан жана орто ишканаларга насыя катары берилет. Насыяны айымдар негиздеген же жетектеген... Читать дальше...

Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат

Azattyk.org 

Бүгүн Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталууда. Алгачкы беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Катар жана Эквадордун курама командаларынын ортосунда болот. 18-декабрга чейин уланчу чемпионатта 32 өлкөнүн курама командалары беттешет. Алар: A тобу: Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланддар; B тобу: Англия, Иран, АКШ, Уэльс; C тобу: Аргентина, Сауд Арабиясы, Мексика, Польша; D тобу: Франция, Австралия, Дания, Тунис; E тобу: Испания, Коста-Рика, Германия, Жапония; F тобу: Бельгия... Читать дальше...

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Вигери Мамдепартаментте ант берди

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте ант берип, кызматка киришти. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги Твиттердеги баракчасына жарыялады. Вигери буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле АКШнын Өзбекстандагы элчисинин орун басары болгон, Индияда жана Орусияда дипломатиялык кызматтарда иштеген. АКШнын Кыргызстандагы буга... Читать дальше...

Назарбаев Карим Масимовдун артында ким турганынан кабары жок экенин айтты

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Астанада  кезексиз президенттик шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин айрым суроолоруна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовдун артында ким турганын билбегенин айтты.  Ал «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып, ушул аптада соту башталган Масимов тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: «Мени бул суроо кызыктырат. Тергөөнүн жана соттун жыйынтыгын күтүп жатам. Эмне себеп болгон жана бул маселенин артында ким турган? Читать дальше...

Дүйнө калкы 8 миллиардга жетти. Индия Кытайды басып өтөбү?

Azattyk.org 

15-ноябрда Филиппинде жана Доминикада туулган эки ымыркай символикалык түрдө дүйнөнүн 8 миллиардынчы жашоочусу деп аталды. Калктын өсүшү кандай кыйынчылыктар, көйгөйлөр менен коштолот? Келечекте Жер планетасын кандай демографиялык тенденциялар күтүп жатат?

Аз кыймыл, көп отуруп иштөөнүн кесепети олуттуу

Azattyk.org 

Жер планетасы өз алдынча климатты калыбына келтире алары белгилүү болду. Окумуштуулар отуруп иштөөнүн ордун канча сааттык машыгуу толтура аларын эсептеп чыгышты. Казакстанда англисче-казакча жана казакча-англисче Оксфорд сөздүгү жарык көрөт. “Азаттыкта” узаган аптадагы илим жаңылыктарынын топтому.  Англисче-казакча Оксфорд сөздүгү жарык көрөт Белгилүү Oxford University Press басмасы англисче-казакча сөздүгүн түзүүгө расмий уруксатын берди. Эми 60 миң сөздү камтыган 1300 бет Oxford Qazaq Dictionary сөздүгү жарык көрөт. Читать дальше...

Каракөлдө кичи автобус менен жүк ташуучу машине кагылышып, алты адам каза болду

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунун Каракөл шаарындагы бөлүгүндө 19-ноябрдагы жол кырсыгынан алты адам каза болду. Жалал-Абад облустук милициясы билдиргендей, «Форд-Транзит» үлгүсүндөгү кичи автобус жана «Скания» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан. Анын кесепетинен кичи автобустун айдоочусу жана беш жүргүнчүсү мүрт кеткен. Мындан сырткары ар кандай жаракаттар менен үч жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Учурда кырсык боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.(BkA/TB)

HRW бейөкмөттөр уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна чочулоосун билдирди

Azattyk.org 

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деп эсептейт. Мындай билдирүү эл аралык уюмдун сайтына жарыяланды. Анда HRW жаңы сунушталган мыйзам долбоору  бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келет деген чочулоосун билдирген. «Кыргызстандын өкмөтү жарандык коомдун ишмердигин чектеген пландарынан баш тартып, анын ордуна эркин чогулуу укугун камсыздоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткарышы керек»... Читать дальше...

Ысык-Көлдө эл аралык спорт комплекси курулат

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында эл аралык спорт комплекси курулат. Бул тууралуу 19-ноябрда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынында белгилүү болду. Андагы маалыматка ылайык, комплексти куруу үчүн айылдын аймагынан 72 гектардан ашык жер тилкеси өкмөт алдындагы Туризмди колдоо фондуна бөлүнүп берилет. Комплекстин курулушун 2023-жылы жазында баштоо пландалууда. Анын алдын ала наркы 20 миллион доллар деп эсептелип чыккан. Курулуш аталган фонддун уставдык капиталы жана сырттан тартылган каражаттын эсебинен жүргүзүлөт. Читать дальше...

Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Кезексиз президенттик шайлоого карата Казакстанда 10 миңден ашык добушканалар ачылып, добуш берүү жүрүп жатат. Шайлоодо учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев жана андан башка беш талапкер ат салышууда. Алар: Социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан көрсөтүлгөн Каракет Абден, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн Нурлан Ауесбаев, «Ауыл» партиясынан Жигули Дайрабаев, «Аманат» кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен жана «Казак энелери-салка жол» коомдук бирикмесинен көрсөтүлгөн Салтанат Турсынбекова. Читать дальше...



Москва

Появились подробности аварии в районе Очаково-Матвеевское


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин заявил, что за пожарной безопасностью смоленских лесов будут следить с воздуха



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Фрэнк Синатра

«Он ни разу не наступил мне на ногу!»: Тина Синатра высказалась о планах Мартина Скорсезе снять фильм об ее отце




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Гостином дворе прошел форум «Мы вместе. Спорт»

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.

РМОУ презентовал издательский проект «Притяжение Сочи» на форуме «Мы вместе. Спорт»


Андрей Рублёв

Теннисист Рублев разбил ракетку после поражения на турнире в Барселоне



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Швеция хочет ограничить доступ в Балтийское море российским танкерам



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России