103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 22.11.2022

Журналист Болот Темиров Жапаров менен Ташиевди сотко берерин айтты

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темиров "жалган жалаа жапты" деген негизде президент Садыр Жапаровду жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевди сотко берерин айтты. Ал мындай видеокайрылуусун 22-ноябрда Ютубдагы Temirov Live KG каналына жарыялап, жалааны жокко чыгарууну талап кыларын билдирди. Сөз анын аскердик билети жасалма экени жөнүндө Жапаров жана Ташиев буга чейин айткан сөздөрү тууралуу болууда. Темиров документ жасабаганын айтып келет. Журналист бул маселе... Читать дальше...

Латвиянын мектептеринде орус тилин окутууга тыюу салуу сунушталды

Azattyk.org 

Латвиянын Билим берүү жана илим министрлиги 2026-2027-окуу жылынан баштап мектептерде орус тилин экинчи чет тили катары окутууну жокко чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Delfi басылмасы жазды. Министрликтин сунушуна ылайык, экинчи чет тили катары Европа биримдигиндеги тилдердин бирин же билим берүү тармагындагы өкмөттөр аралык келишимдерде көрсөтүлгөн чет тилин тандоо мүмкүн болот. Расмий түшүндүрмөдө бул чара жаштарды европалык билим берүү мейкиндигине тартууга жана Евробиримдиктин расмий тилдерин үйрөнүүгө жардам берери белгиленген. Читать дальше...

Эдил Байсалов HRW уюмунун жетекчиси менен жолукту

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. “Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүүнү, Конституцияга ылайык адам укуктарын сактоону жана коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жактайт”, - деп айтылат билдирүүдө. Жолугушууда кызматташтык жана адам укуктары боюнча маселе талкууланган. Читать дальше...



"Мыйзамсыз текшерген, акча алган учурлар бар". Бизнести текшерүү бир жылга токтойт

Azattyk.org 

Бийлик Кыргызстанда бизнести мыйзамсыз текшерүү, акча чогултуу фактылары бар экенин моюнуна алып, ишкерлерди текшерүүнү бир жылга токтоткону жатат. Бул талапты негизсиз бузган мамлекеттик кызматкерлерге жумуштан алууга чейинки жаза берилет. Ушундай эле мораторий буга чейин да киргизилген.  21-ноябрда президент Садыр Жапаров ишкерлерди 2023-жылы текшерүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Анда жазылгандай, бизнести өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк инвесторлордун келишине тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр бар. Читать дальше...

"Росатом" Кыргызстанда курулуучу атомдук станциянын негиздемесин даярдайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана Орусиянын “Русатом Энержи Прожект” акционердик коому (“Росатом”) менен кызматташуусу жөнүндө документке кол коюшту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Макулдашууга ылайык, “Росатом” Кыргызстандын аймагында курулуучу чакан атомдук станциянын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдайт. Сочиде өткөн “АТОМЭКСПО-2022” эл аралык форумунда документке энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Росатомдун” өкүлү Андрей Рождествин кол койгон. Жыл башында... Читать дальше...

Катар 2022: Саудиянын жеңиши, Мессинин ызасы

Azattyk.org 

Индонезияда жер титирөөдө кеминде 250дөн ашык адамдын өмүрү кыйылды. Бийлик бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген, инвесторлордун качышына жол ачкан көйгөйлөрдү моюнга алды. "Мегаком" баштаган сатыкка чыкчу 30дай мамлекеттик ишкананын тизмеси бекиди.

Катар-2022: тайпалык беттеште Аргентина Сауд Арабияга утулду

Azattyk.org 

Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы С тайпасындагы беттеште Аргентина курамасы Сауд Арабияга 1:2 эсебинде утулду. Оюн 22-ноябрда болду. С тайпасындагы дагы эки команда - Мексика менен Польша да ушул күнү беттешет. Чемпионатка катышып жаткан 32 мамлекет сегиз тайпада күч сынашууда. Ар бир тайпада төрттөн команда бар. Алар бири-бири менен беттешип, тайпадан эки курама кийинки баскычка чыгат. Алгач ирет күз жана кыш мезгилинде өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталды. Читать дальше...

Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын өлкөнүн түштүк аймагын газдаштыруу иши солгун болуп жатканын айтып чыгышты.  Депутат Мейкинбек Абдалиев “Газпром-Кыргызстан” менен келишимдерди карап чыгууну сунуштады. “Урматтуу кесиптештер, мен сунуш берем. “Газпром” түндүктү газ менен камсыз кыла алса келишим калыш керек. Силердин маалыматыңардан улам түштүктү камсыз кыла албаганыңар белгилүү болду. Демек, силер Өзбекстандын газын сатып алып, бизге... Читать дальше...



Кыйноолорду алдын алуу борбору абактагы активист Шаменовдон кабар алды

Azattyk.org 

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери акбактагы активист Илгиз Шаменовдун кысым жөнүндө кайрылуусунан кийин аны менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу борбордун директору Бакыт Рысбеков “Азаттыкка” маалымдады. “Бул маалымат чыгары менен кызматкерлер жолугуп чыкты. Алар кирген учурда эч кимге арыз-дооматы жок экенин айтты”, - деди Рысбеков. 21-ноябрда “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде кармалган активист Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов) абактан жазган каты жарыяланган. Читать дальше...

Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 250дөн ашты

Azattyk.org 

Индонезиянын Ява аралындагы зилзаланын курмандыктары 250дөн ашты. Арасында балдар да бар экенин Reuters агенттиги жазды. BBC радиосу жер титирөөдө каза болгондордун жана жаракат алгандардын көбү балдар экенин, өлгөндөрдүн саны 270ке чамалаганын куткаруучулардын маалыматына таянып билдирди. 22-ноябрда кырсык болгон жерге барган өлкө президенти Жоко Видодо урандылардын астында калгандарды куткарууга жана коопсуз жерге чыгарууга артыкчылык берилип жатканын айтты. Бийлик жабыркагандарга кенемте төлөнө турганын маалымдады. Читать дальше...

Депутат Масалиев айылдарда жарыкты эскертип өчүрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Исхак Масалиев айылдарда электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болуп жатканын айтып, Энергетика министрлиги ал жөнүндө алдын ала эскертүү бериши к ерек экенин билдирди. “Министр айткан болчу 1 сааттан ашык өчпөшү керек деп. Аламүдүндө 6-7 сааттан өчүп жатат. Шаарды айта албайм, айыл жеринде 6-7 саатка өчүп жатат. Эгерде чын эле өчүрүш керек болсо, элге ачык айтып, түшүндүрүп бериш керек. Эскертип турсаңар пландаштырганга жакшы болмок”, - деди ал. Читать дальше...

Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт

Azattyk.org 

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын 22-ноябрда жарыялап, азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 81% көбүрөөк добуш менен жеңип чыкканы маалымдалды. Эл аралык байкоочулар Токаевди "атаандашсыз утканын" айтып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Токаевдин ант берүү аземи 26-ноябрда өтө турганын маалымдады.  Жекшембидеги шайлоого катышкан жарандардын 5,8% "баарына каршы" добуш беришкен. Ага азыркы президенттен тышкары коомчулукка көп тааныш эмес дагы беш талапкер катышты. Читать дальше...

Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду

Azattyk.org 

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалганын 22-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Киши колдуу болгон сөөк табылганына байланыштуу окуя тууралуу кыска маалымат берген мекеме ал адам Кыргызстандын 50 жаштагы жараны экенин, Москвада такси айдоочусу болуп иштеп жүргөнү аныкталганын маалымдады.  Факт боюнча Москванын Кунцево район аралык тергөө бөлүмүндө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлө баштады. Кыргызстандын... Читать дальше...

Индонезия: зилзалада 160тан ашуун өмүр кыйылды

Azattyk.org 

Индонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөдөн бери дегенден 162 адам набыт болуп, дагы 300дөн ашык тургун жараат алды. Расмий маалыматка ылайык, аралда жашаган 14 миңдей киши там-ташынан ажырады жана алар учурда качкындар лагерлерине жайгаштырылды. Айрым кишилерге көчөдөн эле биринчи жардамды көрсөтүп жатышат. Зилзала болгон аймакта калк жыш жайгашкан жана жер көчкү коркунучу жогору болгон. Турак жайлардын курулушу дагы сейсмикалык талаптарга жооп бербегени айтылып жатат. Такталган... Читать дальше...

Элдик касиетти, кыргыз демин жазган акын

Azattyk.org 

Байдылда Сарногоев - бүтүндөй калайык-калкка ысымы белгилүү, ырлары элге сиңген акын эле. Көзү тирүү болгондо ал быйыл 90 жашка чыкмак. Анын “Мидинге кат”, “Ашуудан берген отчетум” өңдүү чыгармалары, ырлары эл ичинде жатка айтылып, ырдалып, куйкум сөздөрү, журүм-туруму ылакап болуп ооздон оозго өтүп келет. "Болжоп туруп коюп алгам датасын..." Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө, Мезгил өтүп калп, чыктымбы элүүгө. Айтор, билбейм, атам-энем өлбөсө, Айтып бермек менин жашым жөнүндө. Кайсы жылы... Читать дальше...

Байгер өлкөлөр планетаны сактоону моюнуна алат

Azattyk.org 

20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

23-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарына, Нарындын тоолуу жерлерине кар түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14; Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12; Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градуска чейин жогорулайт. Читать дальше...

Бакиров: "Мегаком" баштаган сатыкка чыкчу 30дай ишкананын тизмеси бекиди

Azattyk.org 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында саттыкка коюлчу мамлекеттик ишканалар тууралуу маалымат берди. Анда "Мегаком" деген аталыш менен таанымал "Альфа Телеком" баштаган мамлекеттин үлүшү бар 30дай ишканадан турган тизме бекигенин маалымдады. "Убагында "Альфа Телеком" 19 милилард сомго бааланган. Эми азыркы баасы 14-15 миллиард сом болушу мүмкүн. Биз талдап, баалоочулар менен пикир алышканда ушундай орточо баасы чыкты. Читать дальше...

"Омор акындан картайбаган ырлар мураска калды"

Azattyk.org 

Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун көзү тирүү болгондо быйыл 6-ноябрда 87 жашка чыкмак. Акын окурмандарына “Сен жөнүндө поэма”, “Чарчоонун жүзүнчү ыры”, “Адамдын турмушу” баштаган классикалык чыгармаларын мураска калтырган.


Музыкальные новости
Баста

Баста отметит свой день рождения концертом в Москве





Rss.plus
РЭС

Новосибирские энергетики поделились опытом цифровой трансформации




Обшивка и монтаж сайдинга в москве и мо

Якутские педагоги с успехом провели мастер-классы на ВДНХ в Москве

Двое спортсменов из Муезерского района заняли призовые места на соревнованиях по боевому самбо

Стоит насторожиться: за одуванчики на даче начнут штрафовать уже с мая




Мэрия: кийинки жылы Бишкектин борбору кичи автобустардан арылат

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын борборунда эмдиги жылдан баштап кичи автобустар каттабайт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев 22-ноябрда басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалымдашынча, жыл жаңырганга чейин Кытайдан газ менен жүргөн, арабачан майып жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташтырылган 120 автобус алып келинет. Мындан улам Бишкектеги 60тай кичи автобустун каттамы өзгөрүп, шаардын жака-белинде буга чейин коомдук транспорт каттабаган конуштарда жаңы каттамдар ачылат. Читать дальше...

Адам өлүмүнө айыпталган мурдагы милиционер 16 жылга кесилди

Azattyk.org 

Патрулдук милициянын мурдагы кызматкери Жакупбек Дулатбек уулу адам өлүмүнө айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Бишкектин Свердлов райондук соту 22-ноябрда чыгарган өкүмгө ылайык, ал Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө айыптуу деп табылып, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги колонияда өтөмөй болду жана андан кийин үч жыл бою укук тартибин коргоо органдарында иштөө укугунан ажыратылды. Дулатбек уулу менен кошо милициянын патрулдук кызматынын мурдагы үч инспекторуна кызматынан кыянат пайдаланган деген айып тагылып... Читать дальше...

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга үй курууга 10 миллион сом бөлүнөт

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Памирден келген этникалык кыргыздарга үй куруу иштеринин биринчи айлампасында 10 миллион сом бөлүнөрүн билдирди. Ал бул тууралуу 21-ноябрда Чоң-Алайга Жогорку Кеңештин депутаттары менен барганда айтты. Маалыматка ылайык, жалпысынан 95 үй салынат, учурда жер тилкелери бөлүнүп, башкы планы иштелип чыкты. Ушул жылдын июль айында кыргыз өкмөтү Ооганстандан жалпысынан 1,5 миңдей этникалык кыргызды көчүрүп келерин билдирген. Читать дальше...

Эл аралык каттоосу бар медициналык окуу жайлар гана чет элдиктерди окута алат

Azattyk.org 

Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган чет элдиктер мындан ары эл аралык программалык аккредитациядан өткөн гана окуу жайларына кабыл алынат. Өкмөттүн бул тууралуу токтому 21-ноябрда жарыяланды. Токтомдо айтылгандай, мындай чара медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу, өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын деңгээлин жакшыртуу жана Кыргызстандын мамлекеттик дипломдорун таануу үчүн көрүлүп жатат. Чет өлкөлүк студенттерди мындан ары Медициналык билим берүүнүн... Читать дальше...

Бишкекте кыз ала качууга шектелген эки киши кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте кыз ала качууга шектелген эки адам кармалганын 22-ноябрда “Азаттыкка” Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 20-ноябрда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда болгон. 20 жана 24 жаштагы эки жигит Токмок шаарын көздөй ала качып кетишкенин айткан кыз милицияга арыз жазып, бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин негизинде каттоого алынды. Кылмышка шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Читать дальше...

Москва: элчилик өрттө мерт болгондор арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы өрттө каза болгондор, жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат. Элчиликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин "Азаттыкка" билдирди. Москванын борборунда 20-ноябрда күйүп кеткен имараттын урандыларынын астынан сегиз адамдын сөөгү табылган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы дагы жети киши куткарылганын кабарлаган. Жекшемби күнү түштөн кийин Каланчевская аянтына жакын жайгашкан эки кабаттуу имаратта ири өрт чыккан. Читать дальше...



Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективных решениях в дорожном строительстве   


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин наградил заслуженных учителей и медиков Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ирина Серегина

"Знай наших!"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

На лыжах — за любимой? Тайны воскресшего в Москве немецкого миллиардера

Baza: пистолет нашли в машине вице-президента федерации бокса Ингушетии

Прием заявок на участие в конкурсе на лучшее путешествие по Дальнему Востоку начнется в мае


Елена Рыбакина

Озвучены шансы Елены Рыбакиной на победу над лучшей теннисисткой мира



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Сергей Собянин рассказал о строительстве метродепо «Столбово»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России