103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 24.11.2022

БУУ Иранды нааразылык акцияларын күч менен басууну токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Ирандагы жапырт куугунтуктоолорду талкуулоо үчүн 24-ноябрда чукул жыйынга чогулду. Анын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Ирандагы тынч демонстранттарды куугунтуктоо токтошу керек экенин белгиледи. Ал азыркы кызматына 17-октябрда киришкен. Чукул жыйынды өткөрүүнү Германия менен Исландия сунуштап, 50дөн ашуун мамлекет колдогон. Буга Ирандагы эки айдан бери токтобой жаткан жапырт демонстрациялар... Читать дальше...

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму Темировдун депортацияланышын сынга алды

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму 24-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун Орусияга депортацияланышы боюнча билдирүү таратты. «Биз Болот Темировдун депортацияланышын анын журналисттик ишмердүүлүгү жана жогорку деңгээлдеги коррупцияны иликтегени үчүн өч алуу катары айыптайбыз. Депортация тууралуу чечим жокко чыгарылып, Темировго Кыргызстанга кайтууга жана журналисттик ишмердүүлүгүн куугунтуксуз улантышына уруксат берилиши керек»,-деди уюмдун башчысы Брижит Дюфур. Адам... Читать дальше...

Тоолуу Бадахшан ишине байланыштуу беш киши өмүр бою абакка кесилди

Azattyk.org 

Тажикстандын Жогорку соту Тоолуу Бадахшан автоном облусунда туулган беш кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Ошондой эле сегиз киши 10 жылдан 30 жылга чейин кесилди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жазды. Өмүрүнүн аягына чейин камалгандардан арасында автоном аймактын бейформал лидерлери делген Мунаввар Шанбиев менен Толиб Айёмбеков да бар. Алардын туугандарынын айтымында, соттун өкүмү 22-ноябрда чыккан. Тажикстан бийлиги сот чечимдери тууралуу комментарий бербейт, бардык жараяндар жабык өткөн. Маалыматтарга караганда... Читать дальше...



Катар-2022: Дүйнө чемпионатындагы сенсациялар

Azattyk.org 

Катарда төрт күн мурда башталган мундиалдын алгачкы тайпалык беттештер аягына чыгып калды. Лионел Месси баштаган аргентиналыктардын Сауд Арабиясына жеңилиши, Испаниянын бир оюнда жети гол киргизиши чемпионаттын алгачкы аптасында сенсация жаратты.

Депутат Атамбаев өкмөттү абактардын абалын көрүп чыгууга чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, өлкөдөгү абактардын абалына көңүл бурууга чакырды. Атамбаев абактагылар бийлик өкүлдөрүн ал жакка барып, көрүп кетишин суранып жатканын айтты. “Кармалгандардын, айрыкча аялдар жогорку кызмат адамдары келип, өз көзү менен көрүп кетишсе деп жатышат”, - деди депутат. Жапаров өлкөнүн Акыйкатчысы абактарды кыдырып жатканын, андан сырткары прокуратура кызматкерлеринен барып келүүсүн суранарын билдирди. Читать дальше...

Жапаров: Мунаса табылбаса, ботаникалык бак республикалык бюджеттин карамагына өтөт

Azattyk.org 

Бишкектеги Ботаникалык бактын каржылоосун түздөн-түз республикалык бюджетке алуу пландалып жатканын бүгүн, 24-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди. Ал депутат Динара Ашимованын суроосуна жооп берип жатып былтыр каржылоону республикалык бюджетке же мэриянын карамагына алуу сунуш кылынып, бирок колдоо таппаганын айтты: “Президенттин жарлыгы менен республикалык бюджет түздөн-түз каржылоосун баштайт, түздөн-түз башкарууга алабыз эгерде Илимдер академиясы менен шаар бир чечимге келбесе”. Читать дальше...

Министрлик "Росатом" менен чогуу АЭС куруу боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Орусиянын “Русатом Энержи Прожект” акционердик коому (“Росатом”) менен кызматташуу жана атомдук электр станциясын куруу боюнча түшүндүрмө таратты. Мекеме маалымдагандай, “Росатом” АЭС куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыккандан кийин Кыргызстан аны куруунун зарылдыгын карап көрүп, чечим кабыл алат. “Кыргызстан тарап “Росатом” сунуштаган технологиялар, алардын коопсуздугун иликтеп чыгат. Зарыл болгон көп тараптуу экспертизалар жүргүзүлөт. Читать дальше...

"Талибан" эл көзүнчө ондон ашык адамга балак урду

Azattyk.org 

Ооганстандын Логар провинциясында талибдер стадионго чогулган жүздөгөн адамдардын алдында 12 адамга камчы менен балак урушту. Алардын үчөө аялдар. Бул үчүн 23-ноябрда жергиликтүү бийлик социалдык тармактар аркылуу стадионго «ардактуу окумуштууларды, можахеддерди, айыл жана уруу аксакалдарын, провинция тургундарын» топтогон. Маалыматтарга караганда, уурулук, түгөйүнүн көзүнө чөп салуу үчүн соттолгондорго эл алдында 21ден 39га чейин балак урулган. Байкоочулардын айтымында, байыркы жапайы тажрыйбанын... Читать дальше...



Токаевдин тополоңдон кийинки жеңиши

Azattyk.org 

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бийлигин дагы жети жылга узартты. Ал мөөнөтүнөн мурда өткөн соңку президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланды. Оппозиция катышпаган бул өнөктүк канчалык адилет өттү? Жыл башында болгон кандуу окуялар шайлоого кандай таасирин тийгизди? Токаев Конституцияга алымча-кошумча киргизүү, эрте шайлоо өткөрүү менен эмнени көздөйт?

Депутат УКМКнын басымына даттанды

Azattyk.org 

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууга каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, басым-кысым болуп жатканы айтып чыкты. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев дооматтарды четке кагып, Сурабалдиеванын жакындары салыктан качканын билдирди. Парламентте акыркы эки күндө депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнө байланышкан маселе саясий өңүт алып, Жогорку Кеңештин ролу, депутаттардын статусу боюнча талкууга айланды. Депутат менен УКМК төрагасынын... Читать дальше...

Бишкек: Гараждын жерин бошотуу нааразылык жаратты

Azattyk.org 

Бишкек шаарында совет мезгилинде курулган, муниципалдык жерде жайгашкан деген менчик гараждарды алуу аракети бүгүн, 24-ноябрда да гараж ээлеринин нааразылыгына туш болду. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан №12 гараж кооперативинин аймагында 200дөн ашык машинелик орун бар. Мэрия ал жерге көп кабаттуу унаа токтотуучу жай, спорт комплексин курууну убада кылууда. Гараж ээлери кооперативге 1973-жылдан бери мүчө экенин, мэрия аларга жеке буюмдарын алып кетүүгө убакыт бербегенин, шаар башкармалыгынын аракети мыйзамсыз экенин айтып... Читать дальше...

Мирзиёев Франциядан инвестиция тарткысы келет

Azattyk.org 

Францияга расмий сапары менен барган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 22-ноябрда президент Эммануэл Макрон менен жолукту. Расмий Ташкент билдиргендей, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыкты жана актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулашты. Өзбек тарап акыркы жылдары франциялык ишканалардын жана долбоорлордун саны үч эсеге көбөйүп, биргелешкен долбоорлор 5 миллиард евродон ашканын кабарлады. Мирзиёевдин басма сөз кызматы ошондой эле тараптар "коопсуздук жаатында эки... Читать дальше...

АКШдан Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам келди

Azattyk.org 

АКШдан Баткенде чек ара чатагында жабыркагандар үчүн керебет, жууркан жана кышкы кийим сыяктуу керектүү буюмдар жүктөлгөн учак келди. Кошмо Штаттардын элчилигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жардамды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүштүрөт. “Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген 8 миллион сомго (100 000 доллар) жана гигиеналык комплексттерине кошумча болуп саналат, алар Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат”, - деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

25-ноябрда өлкө боюнча жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13; Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7градуска чейин жогорулайт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7. ​Бишкекте жаан жаабайт. Читать дальше...

SuperTVнын кабарчысынын сабалышына шектүү кармалды

Azattyk.org 

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышына шектүү адам кармалып, камакка алынганын 24-ноябрда “Азаттык” радиосуна Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 22 жаштагы шектүү алгач шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин соттун анын бөгөт чарасы тууралуу чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Кабарчы кабылган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (“Тоноо”) негизинде тергелип... Читать дальше...

CPJ Темировдун өлкөдөн чыгарылышын өч алуу катары баалады

Azattyk.org 

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандан күчтөп чыгарылышына байланыштуу билдирүү жасады. Анда "кыргыз бийлиги көз карандысыз журналисттерди жана агенттиктерди куугунтуктап, ишине тоскоолдук жаратууну токтотушу керектигин" эскерткен. "Кыргызстандын жараны, Борбор Азиядагы коррупцияга каршы эң алдыңкы иликтөөчү журналисттин депортацияланышы - бул анын Орусияда мобилизация болуп жаткан маалда өмүрүн коркунучка кептеген... Читать дальше...

Акылбек Жапаров: "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин каржылоо токтоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине бөлүнгөн каражат тууралуу суроого жооп берди. Анда бул холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин бөлүнгөн каржылоо токтогонун, буга чейин берилген каражаттын калганы кайтарылып, иликтөө жүрүп жатканын айтты. "Бул фондго 3,4 миллиард сом караштырганбыз. Алар 10 чакты долбоордун үстүндө иштеп жаткан. Тенгиз мырзага кылмыш иши козголуп, камалгандан кийин каржылоону токтоттук. Читать дальше...

АКШнын Мамдепартаменти Кыргызстандагы сөз эркиндигине тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс журналист Болот Темировдун Кыргызстандан депортацияланышына тынчсыздануусун билдирди. Ал бул тууралуу Твиттерге жазды. "Журналисттерди өз ишин кылганы үчүн эч качан жазалабаш керек. Кыргызстан өзүнүн активдүү жарандык коому менен белгилүү. Сөз эркиндигин муунтуу аракети аброюна шек келтирүүдө", - деп жазды Прайс. Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар журналисттин күчтөп өлкөдөн чыгарылышын кескин айыптаган билдирүүлөрдү таратышкан.... Читать дальше...

Журналист Болот Темиров: Ишимди уланта берем

Azattyk.org 

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кетишкен. Ошол эле күнү кечинде күч кызматкерлери журналистти "Манас" аэропортунан Москвага учак менен алып кетишкени белгилүү болду. "Азаттык" Москвага жаңы эле барган Болот Темиров менен байланышты. - Болот, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими чыккандан кийин сиздин дайыныңыз билинбей, кийин Орусияга чыгарылганыңыз белгилүү болду. Сиз азыр кайдасыз? Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт благотворительного фонда Владимира Спивакова прошел в Солнечногорске





Rss.plus
Владимир Потанин

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию




И на Бали растут томаты

Всё ближе к отметке в 2,5 млн рублей. Хитовый кроссовер Omoda C5 подешевеет в России в апреле

Победителей конкурсов педагогического мастерства наградили в Лобне

#ЛюдиКакЛюди. В Москве пройдет восьмой инклюзивный фестиваль




Түркия Сириядагы "Аль-Хол" лагерин көзөмөлдөгөн күрт күчтөрүнө сокку урду

Azattyk.org 

Түркия Сириянын түндүгүндөгү "Аль-Хол" лагерин көзөмөлдөгөн күрт күчтөрүнө сокку урду. Бул тууралуу "Сирия демократиялык күчтөрү" кыймылы билдирди. "Түрк учактары лагердин ичиндеги күрт күчтөрүнө беш ракеталык сокку урду", - деди аталган күрт кошуундарынын өкүлү Фархад Шами. Маалыматты Сириядагы адам укуктарына көз салган британиялык обсерватория да ырастады. Уюмдун билдирүүсүнө караганда, соккулар лагерди тыштан кайтарып турган күчтөргө багытталган. Окуя ал жактагылардын арасында ызы-чуу жараткан. Читать дальше...

ТҮРКСОЙ менен БУУнун “Цивилизациялар альянсы” меморандум кабыл алышты

Azattyk.org 

ТҮРКСОЙ уюму Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Цивилизациялар альянсы” менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгонун 24-ноябрда уюмдун башкы катчысы Султан Раев билдирди. Кол коюу аземи “Цивилизациялар альянсынын” Мароккодо өткөн глобалдык форуму алкагында өттү. Раев аталган альянстын башчысы Мигель Моратинос менен жолугуп, ортодогу кызматташтык маселелерин талкуулаганын маалымдады. “Азыркы кырдаалда билимдин жана маданияттын орду өзгөчө экендигин белгилөө менен ЮНЕСКО, ИСЕСКО, ТҮРКСОЙ сыяктуу... Читать дальше...

Баткен: Бала бакчанын төрт кызматкери ооруканага түштү

Azattyk.org 

Баткенде бала бакчанын кызматкерлери тамакка ууланып, ооруканага түштү. Баткен район аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 23-ноябрдагы маалыматына караганда, окуя 21-ноябрда Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылындагы “Баластан” балдар бакчасында болгон. Бакчанын төрт кызматкери түшкү тамактануу учурунда үй шартында консервацияланган салат жешкен. Салатты бала бакчанын ашпозчусу үйүнөн алып барганы аныкталган. Натыйжада аларга ботулизм диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылган. Читать дальше...

Кыргызстан сыртка товар ташуунун үч жаңы маршрутун иштеп чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстан товар жүгүртүүнүн жана экспорттун көлөмүн туруктуу көбөйтүү максатында үч жаңы альтернативдик маршрут иштеп чыга баштаганын бүгүн 24-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, ар бир багыт анализделип бүтүп, биринчи товарлар жөнөтүлдү: “Биринчиси – Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Каспий деңизи аркылуу Орусияга жана Азербайжанга чыгуу. Мисалы, бул маршрут аркылуу Орусияга товар ташуубуз азыркы маршрутка... Читать дальше...

Өкмөт быйыл Кумтөрдүн 17,2 тонна алтыны өлкөдө калат деп божомолдоодо

Azattyk.org 

Кумтөрдү өкмөт өз башкаруусуна алгандан кийин 2021-жылы кенде өндүрүлгөн алтындын 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын жыйынтыгы менен 17,2 тонна алтын өлкөнүн өзүндө калат деп божомолдонуп жатат. Өкмөт башчынын билдиришинче, Кумтөрдөн Кыргызстанга төлөнгөн дивиденддердин жалпы көлөмү 2010-2021-жылдары 11 жылда 5,3 миллиард сомду (90,8 миллион доллар) түзсө... Читать дальше...

Акылбек Жапаров: Баткен окуясы чыгып, былтыркыдан үч эсе көп зыян тарттык

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы быйылкы кандуу окуядан Кыргызстан былтыркыга караганда үч эсе көп зыян тартты. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. “Эсеп палатасынын 2021-жылдын бюджети боюнча корутундусу чыкты. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу иш-чараларынын планы бекитилип, иш жүрүп жатат. “Эми мындан ары бир гана экономика менен иштейбиз” деген дем менен 2022-жылга кирдик эле. Бирок быйыл да Баткен окуялары чыгып... Читать дальше...



Москва

Заказать недорогой ремонт кухонной мебели в районе в Москве и Московской области


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Начался прием заявок на участие в программе «Твой старт в туризме»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ольга Бузова

Ольга Бузова стала человеком-невидимкой на ТВ-3 в новом сезоне легендарного шоу о звёздах




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Блиц-матч по шахматам между двумя командами провели в павильоне «Спорт для каждого»

Отставка Кудашова и уход Гусева и Уила: кого «Динамо» рискует потерять после вылета из Кубка Гагарина

В хоккейном ЦСКА сменился главный тренер


Даниил Медведев

Битые корты: Медведев и Александрова вышли в четвертьфинал Miami Open



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


БГАТОиБ

Фестиваль оперы имени Лхасарана Линховоина открылся оперой «Князь Игорь»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России