103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 25.11.2022

Зомбулуксуз жашоого үмүт: 16 күндүк акция

Azattyk.org 

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталды. Эмне үчүн бул өнөктүк Кыргызстан үчүн маанилүү?

Өзбекстанда эки компанияга крипто-дүкөн иштетүүгө лицензия берилди

Azattyk.org 

Өзбекстанда крипто-дүкөн иштетүү үчүн биринчи лицензиялар Crypto Trade NET жана "Крипто Маркет" ишканаларына берилди. Бул тууралуу Келечектүү долбоорлор улуттук агенттиги маалымдады. Мекеменин сайтындагы кабарда аталган эки компания Борбор Азия аймагындагы жана КМШдагы биринчи крипто-дүкөндөр экени белгиленген. Ошол эле учурда мекеме өзбекстандыктарды өтө сак болууга, өлкө аймагында иштөөгө лицензиясы жок электрондук аянтчалардын кызматынан пайдаланбоого чакырды. Буга чейин Өзбекстанда лицензиясы... Читать дальше...

Дүйнөлүк чемпионат: Иран Уэльсти 2:0 эсебинде утту

Azattyk.org 

Дүйнөлүк футбол чемпионатында В тобундагы беттеште Иран Уэльсти 2:0 эсебинде жеңди. 25-ноябрдагы оюнда Рузбех Чешми менен Рамин Резаэяндын голдору Иранга атактуу жеңишти алып келди. Муну менен алар тайпадан Англиядан кийинки экинчи орунга чыгышты. Ушул күнү Англия АКШ менен беттешет. Англия чемпионатка фавориттердин катарында келген. Алар биринчи беттешин Иранга каршы ийгиликтүү ойноп, 6:2 менен жеңген. АКШ менен Уэльстин беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. Бул чемпионат Иранда кыз-келиндердин... Читать дальше...



Твиттердеги бөгөттөлгөн аккаунттар калыбына келтирилет

Azattyk.org 

Twitter келерки аптада бөгөттөлгөн аккаунттарды кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу компаниянын башчысы Илон Маск билдирип, бирок ал мыйзам бузгандарга жана спам таратуучуларга колдонулбай турганын айтты. 20-ноябрда Илон Маск АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын баракчасын калыбына келтирген. Дональд Трамптын Facebook, Instagram жана Twitter түйүндөрүндөгү баракчалары 2021-жылы январда бөгөттөлгөн. SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси Илон Маск Twitter түйүнүн 28-октябрда 44 миллиард долларга сатып алган. Читать дальше...

Кытай полициясы iPhone заводундагы нааразылыкты күч менен басты

Azattyk.org 

Кытайдын Чженчжоу шаарындагы Apple смартфондорун өндүргөн ири заводдо жумушчулар менен полиция кагылышты. Айлыктын аздыгына жана эмгек шарттарынын начардыгына даттанган жумушчулардын нааразылыгын тартип сакчылары күч менен басты. Социалдык түйүндөргө жарыяланган тасмаларда жүздөгөн жумушчу полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Нааразылыктар 22-ноябрда эртең менен башталган. Жумушчулар Apple корпорациясынын туунду жалдануучусу эсептелген Foxconn компаниясынын жетекчилигине нааразылык билдиришкен. Читать дальше...

Тилек Токтогазиев коомчулукту демократия үчүн күрөшүүгө чакырды

Azattyk.org 

Мурдагы айыл чарба министри, ишкер Тилек Токтогазиев Бишкекте өткөн сөз эркиндигин колдоо жөө жүрүшүндө коомчулукту демократия үчүн күрөшүүгө чакырды. “Жарык караңгылыкты жеңет. Силердей активисттер бар үчүн өлкөдө демократия өлбөйт. Биз демократия, эркиндик, сөз эркиндиги үчүн аягына чейин күрөшүшүбүз”, - деди ал. Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүш өттү. Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн... Читать дальше...

Ошто дагы сөз эркиндигин колдоо акциясы өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаарында дагы сөз эркиндигин колдогон акция өттү. Ага отуздай журналист, блогер жана жарандык активисттер катышты. Чогулгандар "сөз эркиндигине басымды токтоткула", "көз карандысыз медиаларды кысымга алганды токтоткула" деп жазылган плакаттарды кармап турушту. Мындан сырткары алар Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду кайтарып келүү талабын коюп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Ушул эле күнү Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өттү. Жарандык активисттер... Читать дальше...

Курултай улуттук көйгөйлөрдү көтөрө алабы?

Azattyk.org 

Бишкекте миңден ашык киши катышкан Элдик курултай башталды. Бийлик жетекчилери өлкөдөгү экономикалык кырдаал, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берсе, аймактардан шайланып келген делегаттардын дээрлик баары тең өздөрүнүн жергиликтүү маселелерин көтөрдү. Кызыл чеке талаш-тартыш менен Конституцияга киргизилген Курултай институту боюнча мыйзам долбоору кабыл алына элек. 25-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башталган Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда. Читать дальше...



Алиев менен Пашиняндын Брюсселде пландалган жолугушуусу өтпөйт

Azattyk.org 

Армения менен Азербайжандын лидерлеринин 7-декабрда Брюсселде пландалган жолугушуусу өтпөй турганын Азербайжандын президенти Илхам Алиев билдирди. Анын айтымында, президенттин жардамчысы Хикмет Гажиевге Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин кеңсеси байланышка чыккан жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Франциянын президенти Макрондун катышуусунда жолугушууга макул экенин айтканын билдирген. "Демек, бул жолугушуу болбойт", - деген Алиев Франция тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпашы керектигин белгиледи. Читать дальше...

Катар-2022: Дүйнө чемпионатынын алгачкы сенсациялары

Azattyk.org 

Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында тайпалык беттештердин биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Футбол адистери эки сенсациялуу учурга көңүл буруп жатышат. Чемпионат 20-ноябрда Катар-Эквадор командаларынын оюну менен башталган. Мелдешти уюштуруп жаткан өлкө алгачкы оюнунда эле 2-0 эсебинде утулуп калды. Катардын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Феликс Санчес мунун себебин аларга тагылган ашыкча жоопкерчилик менен байланыштырган. A тобунда Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланддар ойноп жатат. Читать дальше...

Али Токтакунов бийлик өкүлдөрүн журналисттер менен жолугууга чакырды

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүштө иликтөөчү журналист Али Токтакунов Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын кескин айыптап, өлкө жетекчилерин сөз эркиндигине карата кысымды токтотууга чакырды. Токтакунов бийлик өкүлдөрүн коррупцияны иликтеген журналисттер менен жолугууга чакырды. “Өлкөдөн чыгарып жибереби, камайбы, башка кылабы биздин иликтөөлөр уланат. Анткени журналисттердин иши коомдун санитары. Мен буга чейин сунуштагам, азыр дагы сунуштайм. Бийлик иликтөө жасаган журналисттерди үч ай сайын кабыл алып... Читать дальше...

Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өтүүдө. Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу экенин билдиришти. Жүрүшкө чогулгандар Темир жол вокзалынын алдынан Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Улуттук филармонияга чейин жөө барууну, акцияны ошол жактагы Журналисттер аллеясынан жыйынтыктоону... Читать дальше...

#REАКЦИЯ. Сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүш (видео)

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өттү. Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу экенин билдиришти. Жүрүшкө чогулгандар Темир жол вокзалынын алдынан Эркиндик бульварынан баштап, Чүй проспектиси менен Улуттук филармонияга чейин жөө барууну, акцияны ошол жактагы Журналисттер аллеясынан жыйынтыктоону... Читать дальше...

Мирзиёев Кыргызстанга декабрда келет

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга декабрь айында келет. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын сайтында жазылды. 24-ноябрда чет өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилери Шавкат Мирзиёевге ишеним грамоталарын тапшырган учурда анын Бишкекке сапары тууралуу сөз болду. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен Мирзиёев алдыдагы сапарды талкуулашты. Өзбек президенти чек ара боюнча макулдашууларды "эки өлкө ортосундагы болуп көрбөгөндөй жетишкендик" деп сыпаттап, бардык маселелер өз убагында чечилип жатканын айтты. Читать дальше...

Миң-Куштагы уран калдыктары көмүлгөн жайдын көйгөйү көтөрүлдү

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан элдик курултайда Жумгал районунан келген делегат Эрланбек Азизкан уулу Миң-Куш айылынын жашоочуларынын уран калдыктарын сактоочу жай боюнча тынчсыздануусун жеткирди. “Миң-Куш айлында уран калдыктарын сактоочу жай бар. Эл уранды тазалап жатканда, тазалап кеткенден кийин элге зыяны тийбейби деп сарсанаа болуп жатат. Ошол жерде иштеп жаткан мекемеден толук кандуу жооп болбой жатканына эл нааразы”, - деди ал. 25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултай өтүп жатат. Читать дальше...

Азиза Абдирасуловага айыппул салынды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн 25-ноябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулованы айыптуу деп таап, ага 3 миң сом айыппул салды. Бүгүнкү отурумда Абдирасулованы кармап кеткен милиционерлер жана укук коргоочу өзү көрсөтмө беришти. Милиционерлер окуя болгон учурда өзүлөрүнүн кызматтык милдетин мыйзам чегинде аткарганын, эреже бузбаганын айтышты. Абдирасулова аны кармап кетүүгө негиз болбогонун билдирип, бул окуяны саясий куугунтук жана буюртма деп атады. Куугунтуктун себебин ал Кемпир-Абад... Читать дальше...

Эл аралык уюмдар эркин журналистти коргоп чыгышты

Azattyk.org 

Эл аралык медиа жана адам укуктарын коргогон уюмдар, бир катар Батыш мамлекеттери иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандан күчтөп чыгарылганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип жатышат.

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар түшөт

Azattyk.org 

26-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар түшөт. Тоолуу аймактарда жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8; Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градуска чейин жогорулайт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19... Читать дальше...

Краснодардагы курал колдонулган жаңжалда төрт адам каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын Краснодар аймагында курал колдонулган жаңжалда төрт адамдын өмүрү кыйылды. Крымск шаарындагы бул окуя тууралуу РИА Новости агенттиги Ички иштер министрлигине таянып билдирди. Каза болгондордун арасында ок аткан адам да бар. Baza Telegram каналы куралчан кишинин аты-жөнү Владимир Жиров экенин жазды. Баштапкы маалыматтарга караганда, Жиров мурдагы аялы менен уулуна сотто утулуп калгандан кийин сыртта жаңжалдашкан. Алардын маселеси батирге байланыштуу экени айтылууда. Айрым маалыматтарда... Читать дальше...


Музыкальные новости
Диана Арбенина

Певица Диана Арбенина объяснила, почему уехала из России





Rss.plus
Домодедово

Водителя водовоза, врезавшегося в лайнер в Домодедово, парализовало за рулем




Юрист Феттер: в регионах есть специализированные ОСП по взысканию алиментов

В Ульяновске теперь по 5! За год резко подорожали услуги проституток

Вечерние рейсы из Томска в Москву летом 2024г станут ежедневными

В Ленинском районе Ижевска расчистили 25 км ливневки




Курултай: Жолдошева президенттик-парламенттик башкарууну сунуштады

Azattyk.org 

Парламенттин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө толук президенттик башкаруудан баш тартып, президенттик-парламентик системага өтүүнү сунуш кылды. “Бизде президенттик башкаруу болбойт. Анткени ким бийликке жетпесин ажыдарга айланат экен. Ошол себептүү президенттик-парламенттик башкарууга кайтуу керек. Анткени, Садыр Нургожоевич сизден кийин ким бийликке ким келет, өлкөнү кайда алып барат?”, - деди Жолдошева. Экс-депутат коррупция менен күрөшүүнү президенттин айланасынан баштоо керек экенин билдирди. Читать дальше...

Курултай: делегаттар эмне тууралуу айткысы келет?

Azattyk.org 

25-ноябрда Бишкекте эки күндүк элдик курултай башталып, ага аймактардан 1072 делегат келди. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышууда. Аймактардан келген делегаттар ар кандай маселе көтөрүп, курултайдын соңунда резолюция кабыл алынат. “Азаттык” айрым делегаттарды кепке тартты.

Жогорку Кеңештин имаратынын жертөлөсүндө өрт чыкты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин имаратына бүгүн 25-ноябрда өрт өчүрүүчү адистер жана милиция кызматкерлери тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын чоо-жайы боюнча расмий маалымат берип, өрттүн аянты эки чарчы метр болгонун, жалпысынан алты өрт өчүрүүчү бөлүм тартылганын, маалымат түшкөндөн кийин 40 мүнөт өткөн соң өчүрүлүп бүткөнүн  билдирди. Интернетте тарап жаткан сүрөт, видео, маалыматтарга караганда, өрт имараттын жертөлөсүндө чыккан, эч ким жабыркаган жок. “Азаттыктын” кабарчысына окуянын күбөлөрү айтып бергендей... Читать дальше...

Сөз эркиндиги жана курултай

Azattyk.org 

Макаланын автору Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын экинчи байгесине ээ болгон. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Курултай купулга толобу? Курултайга эмне мынча кызыгышат? Сөз эркиндигинин ага канчалык тиешеси кандай? Читать дальше...

Курултай: мигранттардын өкүлү Москвадагы кыргыз элчисин сындады

Azattyk.org 

Москва шаарынан келген "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов Бишкектеги элдик курултайда Орусиядагы мигранттарга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрдү. Ал ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишин сынга алып, ага чара көрүлүшү керектигин билдирди. "Баарыңардын эле уул-кызыңар мусапыр болуп чет мамлекеттерде жүрөт, кыйналып тапканын силерге жөнөтүп, өлкөнүн бюджетине салым кошуп жатат. Москвадагы мигранттардын эң көйгөйлүү маселеси - бул каттоого туруу. Читать дальше...

Үй-бүлөсүн кордогон кишинин жазасын катуулатуу сунушу талкууланууда

Azattyk.org 

Бүгүн 25-ноябрда Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды. Зордук-зомбулукту токтотууга багытталган бир топ иш-чара  менен катар коомчулукка үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоо боюнча онлайн акция да өтүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова демилгелеген мыйзам долбоорунун максаты – зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катуулатуу жана жабыркагандарды ошол замат натыйжалуу коргоого алуу. Эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса... Читать дальше...



Москва

Архитектурные доминанты округов Москвы


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Начался прием заявок на участие в программе «Твой старт в туризме»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Композитор, певец Юрий Лоза: «В обществе перестали пестовать авторитет интеллектуального труда»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

GeekVape в сотрудничестве с Absolute Racing выиграла чемпионат в категории GT3

Победителями Всероссийской олимпиады по физике стали школьники Московского региона

Федерация бокса России на ВДНХ


Янник Синнер

Янник Синнер поделился впечатлениями от общения с игроками сборной Италии по футболу



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


PR time

Концерт "Crush string quartet "с программой «Мировые рок - хиты»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России