103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 29.11.2022

Курултайдагы чечимдер аткарылабы?

Azattyk.org 

Бул жолку талкуубузда өткөн жума-ишембиде өткөн Элдик курултайдын жыйынтыктарын талкуулайбыз. Бишкектеги "Биринчи элдик курултайга" президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Курултай максатына жеттиби? Анын чечимдери аткарылабы? Келечеги кандай?

Катар чемпионатка даярдык учурунда 500дөй адам өлгөнүн моюнга алды

Azattyk.org 

Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик үчүн объектилерди куруу учурунда 500дөй курулушчу өлдү. Бул тууралуу чемпионатты уюштурууга катышкан Катардын жогорку аткаминери Хассан аль-Тавади билдирди. Эмираттын бийлигинин өкүлү даярдык маалындагы курмандыктар тууралуу мындай санды биринчи жолу атап жатат. Мурдараак расмий Доха ондогон гана адам өлгөнүн моюнуна алган эле. Associated Press агенттиги белгилегендей, Хассан аль-Тавади бул жөнүндө британ журналисти Пирс Морганга интервью берип жатып айтты. Читать дальше...

Эки жылда үй-бүлөдөгү зомбулуктан 20 аял көз жумду

Azattyk.org 

Ошто мэр алмашты. Алмаз Мамбетов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Бакытбек Жетигенов келди. Соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан 20 аял көз жумуп, дагы 10 миңдей кыз-келин жакындарынан кордук көргөн. Казакстан, Өзбекстан жана Орусия үч тараптуу "газ биримдигин" түзүүнү көздөп жатат.



Кемпир-Абад боюнча камалгандар маселеси Жапаровдун аксакалдар менен жолугушуусунда көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынгандардын айрымдары жакынкы арада боштондукка чыгышы мүмкүн деген оюн 29-ноябрда “Азаттык” радиосуна Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди. Анын айтымында, бул күнү Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин 12 мүчөсү президент Садыр Жапаров менен менен жолугушуп, анда камактагылар маселеси да көтөрүлдү: “Бир канчабыз, ошонун катарында мен да айттым бул маселени. Мында экиге бөлүп караш керек го – сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, аларга өзүнчө... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамдарга кол коюлду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койду. Аталган келишимге жана макулдашууга быйыл 3-ноябрда Бишкекте Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кол коюшкан. Аларды ратификациялоо... Читать дальше...

Темиров иши: Акыйкатчы Башкы прокурорго жана Орусиянын омбудсменине кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу Башкы прокурорго жана Орусиянын омбудсменине кайрылды. Башкы прокурорго кайрылуусунда ал Темировдун Кыргызстандын жараны деген макамы бузулганын, аны өлкөдөн чыгарууга жол берген күч кызматкерлерин жоопко тартуу керектигин белгиледи. “Укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери ыйгарым укугунан аша чаап, кызматынан кыянат пайдаланып, сот чечимин өзүлөрү каалагандай чечмелеп, чечим жарыяланар замат күч колдонуп... Читать дальше...

“Дордой” менен “Кара-Сууну” өзгөчө салык зонасы деп жарыялоо сунушталууда

Azattyk.org 

“Дордой” жана “Кара-Суу” базарларын өзгөчө салык зонасы деген режимде  иштөөгө өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде маалымат берип жатып экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди. Анын айтымында, аталган эки базар Кыргызстандагы ири стратегиялык объектилердин катарына кирет: “Соода лицензиясы сыяктуу болот, бирок лицензия эмес, салык катары. Баасы патенттикиндей болбойт. Читать дальше...

Бакировдун иш бөлмөсү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдин иш бөлмөсүнө байланыштуу маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн 29-ноябрда экинчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиянын мүчөсү Алишер Козуев билдирди. Анын айтымында, чечим азырынча кабыл алына элек, бүгүнкү отурумда президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усеновага суроолор берилди: “Усенова мыйзам боюнча иштеп жатканын айтты. Өздөрү да комиссия түзүшкөн экен. Аларды да чакырдык, сүйлөштүк. Комиссия... Читать дальше...



Талибдер чабуул баштагандан кийин Пакистанда армия башчысы алмашты

Azattyk.org 

Жергиликтүү талибдер чабуулун кайрадан жанданткандан кийин 29-ноябрда Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы алмашты. Мурдагы башчы Давед Баджвынын ордуна Чалгын кызматынын экс-башчысы, генерал Асим Мунир келди. Пакистанда тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюму бийлик менен кабыл алган ок атышпоо келишиминен чыкканын 28-ноябрда жарыялап, өз жоочуларына өлкөнүн бардык аймактарында чабуул жасоого буйрук берген. Пакистандык талибдер бийлик өкүлдөрүнө, коопсуздук жана күч кызматкерлерине кол салууларын уланта баштады. Читать дальше...

Нукустагы калабага байланыштуу 22 адамга айып тагылды

Azattyk.org 

Өзбекстанга караштуу Каракалпакстан Автоном Республикасында июлдагы нааразылык акциялары боюнча соттук жараян өтүп,  22 айыпталуучунун 14ү күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алганы кабарланды.  Cоттук кароо 28-ноябрда Бухара шаарында башталды. Окуяларга байланыштуу 22 адам шектүү катары өтүп жатат. Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “атайылап оор зыян келтирүү”, “атайылап адамдын денесине залал келтирүү”, “Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирүү”, “талап-тоноочулук”, “уурдоо жана бузуу”... Читать дальше...

Ошко жаңы мэр дайындалды: Жетигенов деген ким?

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматынан кетип, анын ордуна экс-депутат Бакытбек Жетигенов дайындалды. Бир жыл мурун “бийликти басып алуу беренеси” менен камалып чыккан Жетигеновдун Ош шаарынын башчылыгына келиши коомчулукта күтүүсүз кадрдык жүрүш деп бааланууда. Өлкөдөгү экинчи ири шаар болгон Оштун мурунку мэри Алмаз Мамбетовдун ишмердүүлүгү жана жаңы дайындоонун саясий өңүтү барбы? Мамбетов кандай мэр болду? 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин президенттин иш башкармалыгында иштеп келген... Читать дальше...

Каракалпакстан: айыпталгандардын айрымдары күнөөлөрүн моюнуна алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан Автоном Республикасындагы тополоңдорго байланыштуу айыпталгандардын айрымдары күнөөсүн толук моюнуна алса, кээлери коюлган кинеге жарым-жартылай макул болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жергиликтүү Gazeta.uz басылмасына таянуу менен жазды. Соттук кароо 28-ноябрда Бухара шаарында башталган. Судья да, прокурор да каракалпак тилинде сүйлөп, айыпталуучулар да ошол тилде жооп беришти. Өзбекстандын Жогорку соту 22 адамга айып тагылганын билдирген. Читать дальше...

Катар-2022: Плей-оффто кайсыл командалар беттешет?

Azattyk.org 

Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында тайпалык оюндардын экинчи айлампасы жыйынтыкталды. Чемпионаттын башында дымактуу келген бир катар курама командалар кыйын кырдаалга тушукту. Экинчи айлампадагы оюндарда Марокко чоң ачылыш болду десек болот. Футбол адистери Азия менен Африка футболу дайыма үстөмдүк кылып келген Европа менен Латын Америкасына тең тайлашып калганына көңүл бурууда. Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен Франция, Бразилия, Португалия плей-офф баскычына чыкты. Катар менен Канада кийинки баскычка өтпөдү. Читать дальше...

Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады

Azattyk.org 

Бишкекте бейтапканалар дем алыш күндөрү да иштөө тартибине өттү. Саламаттык сактоо министрлиги 29-ноябрда билдиргендей, буга баласы сасык тумоолоп калган ата-энелер көп кайрыла баштаганы себеп болду. Саат 8де ачылган бейтапканалар ишембиде кечки алтыга чейин, ал эми жекшембиде түштөн кийинки саат экиге чейин ачык болот. Бишкекте балдарды дарылаган негизги эки мекеме бар. Алар – Балдарга тез жардам көрсөтүүчү шаардык клиникалык оорукана жана Эне-баланы коргоо улуттук борбору.

Португалиянын голу Роналдуга эмес, Фернандешке жазылды

Azattyk.org 

G тайпасында Камерун Сербиядан 1:3 эсебине утулуп келе жатып, үч мүнөттүн ичинде эки гол киргизип, эсепти 3:3 кылып теңей алды. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул чемпионат башталгандан бери эң кызыктуу оюн болду деп жазып жатышат. Анын үстүнө камерундук чабуулчу Венсан Абубакар коргоочуну алдап, дарбазачыдан топту ашырып киргизгени эң кооз голдордун бири болду. Ушул эле тайпада Бразилия Швейцарияны 1:0 эсебинде жеңип, плей-оффто өзүнө орун камсыздап алды. Жалгыз голду 83-мүнөттө жарым коргоочу Каземиро киргизди. Читать дальше...

Токаев менен Путин үч өлкөнүн газ биримдигин түзүүнү сүйлөштү

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин соңку сүйлөшүүсүндө Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын “үчилтик газ биримдигин” түзүүнү талкуулады. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай 29-августта Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, мунун максаты Орусиянын газын Казакстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүү маселелерин координациялоо максатын көздөйт. Президенттер буга байланыштуу үч өлкөнүн... Читать дальше...

Султанбеков “Социнтерндин” вице-президенти болуп шайланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков “Социнтерн” эл аралык уюмунун вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу ал өзү 29-ноябрда “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жарыялап, төрт жылдык мөөнөткө шайланганын, уюмдун эң жаш вице-президенти болгонун белгиледи. 126 өлкөдөн 150 партиянын башын бириктирген “Социалисттик Интернационал” (“Социнтерн”) уюму 158 жылдан бери иштеп келет. Анын кезектеги жыйыны бул күндөрү Испаниянын борбор шаары Мадридде өтүп жатат. Бул... Читать дальше...

Шинжаңда калың карда мал кырылды

Azattyk.org 

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда соңку бир нече күндөн бери калың кар жаап, мал-жан кырылып жатканы тууралуу видеолор соцтармактарда байма-бай тарап жатат. Айрым шинжаңдыктар малын талаа-түздө таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканын айтышууда. Видеолордон жол жээгинде кырылып жаткан койлорду, карга көмүлгөн төөнү көрүүгө болот. "Азаттыктын" казак кызматынын тасмасы.

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүү жараяны аяктаганы 28-ноябрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаевдин бул өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Алоев менен жолугушуусунда канааттануу менен белгиленгенин Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемеси 29-ноябрда билдирди. Мекеме дипломаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери маанилүү стратегиялык документтерге кол коюп, сүйлөшүү жараянын жыйынтыкташканын... Читать дальше...


Музыкальные новости
Григорий Лепс

«Я бы поступил иначе»: Юрий Лоза прокомментировал поступок Лепса, выбившего телефон у фанатки





Rss.plus
Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ стал участником Всероссийской ярмарки трудоустройства




Московские краснокнижные зайцы обзавелись потомством

Администрация Пушкино провела встречу с жителями в Лесном

Пятерых туркменских студентов не пустили в Кольцово на учебу в УрГЭУ. ФОТО

Посольство: российские организации работают в штатном режиме в Иране




Кытайдын бийлиги акцияга чыккандарга карата тергөө иштерин күчөттү

Azattyk.org 

Кытайдын бийлиги COVID-19 вирусуна байланыштуу чектөөлөргө каршы эс алуу күндөрү митингге чыккандардын үстүнөн тергөө иштерин күчөтүп, аларды тыкыр издей баштады. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги митингге чыккан жергиликтүү тургундарга таянуу менен кабарлады. Каршылыкка чыккандардын айрымдары түз эле кармалса, кээлери полицияга келүүгө милдеттендирилген. Кытайдын Коомдук коопсуздук бюросу журналисттердин бул боюнча суроо-талаптарына жооп берген эмес. 26-27-ноябрь күндөрү Кытайдын бир... Читать дальше...

Эки депутаттын эстен чыккан диплом чыры

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун диплом чырына чекит коюлбай, жарым жылдан бери арасат абалда турат. УКМК эки депутаттын жогорку билимин тастыктаган документ жасалма экенин билдирсе, КУУ Исмаилов аттуу студентти окутпаганын расмий маалымдады. ОшМУ Алимжанов окуу жайда билим алганын ырастады.

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан качкан бейтап тогуз күндөн бери табылбай жатат

Azattyk.org 

20-ноябрга караган түнү Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасында дарыланып жаткан бейтап качып кеткен. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси ("Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана мажбурлап дарылоо") менен дарыланып жаткан, теги Өзбекстандын Фергана облусунан. Ал ооруканага соттун чечими менен 2022-жылдын 1-ноябрында жаткырылган. Бейтапты милиция тогуз күндөн бери таппай жатканын "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады. Читать дальше...

30-ноябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

30-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Чүй  облусунун тоолорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 2…7; Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз -4…+1; Баткен... Читать дальше...

Ош шаарынын жаңы мэри жамаатка тааныштырылды

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри болуп жаңы дайындалган Бакытбек Жетигенов мекеменин жамаатына тааныштырылып, кызматына киришти. Президент Садыр Жапаровдун аны шаар башчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыгы бүгүн, 29-ноябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланган. 56 жаштагы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы ноябрда "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" деген айыптын негизинде кармалып, ошол эле жылдын 23-декабрында бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес. Читать дальше...

Таласта таштанды иргөөчү завод курулат

Azattyk.org 

Таласта таштанды сорттоочу завод курулат. Бул үчүн "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду 6 миллион сомду беш жылдык кайтарымсыз мөөнөткө бөлгөнү кабарланды. Маалыматка караганда, завод Талас районунун Калба айыл аймагына курулат. «Эко Монтис» компаниясы сунуштаган долбоор ишке кирсе, айына 200 тонна таштандыны кайра иштетүүгө болору айтылууда. Талас шаарынын түндүк тарабында жайгашкан таштанды жайына сын-дооматтар көп айтылып келет. Аянты 10 гектарды ээлеген полигондогу таштанды шамалдан улам туш тарапка чачылып кеткен. Читать дальше...



Москва

Как поучаствовать в продаже иностранных ценных бумаг по указу №844


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Продолжим совместное развитие систем искусственного интеллекта



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Иностранный бизнесмен Совада подал иск против Тимати в размере 7 млн рублей




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.

В Гостином дворе прошел форум «Мы вместе. Спорт»

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.


Андрей Рублёв

Теннисист Рублев разбил ракетку после поражения на турнире в Барселоне



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Александр Бастрыкин

Бастрыкин запросил доклад по делу о нападении на журналистов в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России