Шаар-кыштак кыйрап, кан суудай аккан. ХХ кылымдагы эң чоң апаат
Ага Жер шарынын 80% ашуун калкы, 62 өлкө катышкан. Майдан Европа менен Азия, Африкада, баш-аягы жок мелмилдеп жаткан дүйнөлүк океанда жүргөн.
Биринчи дүйнөлүк согуштан жеңилүү ызасын тартып калган фашисттик Германия 1939-жылдын 1-сентябрында Польшаны басып кирген.
Чыгыштан советтик кызыл аскерлер каптап, айласы куруган поляк өкмөтү чет жерге качып, өлкө кыска убакыттын ичинде басылып алынган.
Германиялык аскерлердин Европа өлкөлөрүнө жасаган аскердик жүрүштөрү кыска убакка созулуп, континент дээрлик немис бийлигинин таасири алдында калган.
Азиянын чыгышында жапон аскерлери 1931-жылы Кытайдын түндүгү менен Манжурияны басып алып, 1937-жылдан тарта кытай-жапон урушу башталган. 1938 –1939-жылдары Хасан көлү менен Халхин-Гол дарыясында СССР менен жапон аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышы өтүп, жыйынтыгында эки өлкө бири-бирине кол салбоо келишимине келишкен.
1939-жылы ушундай эле келишимге СССР менен Германия өкмөттөрү кол коюшкан. Тарыхка ал “Риббентроп-Молотов пакты” деген ат менен кирген.
1940-жылы Германия, Италия, Жапония үчилтик келишимге кол коюшуп, анда өз ара көмөктөшүү, таасир көрсөтүү чөлкөмдөрүн аныктап алышкан.
Антигитлердик коалицияга башында Улуу Британия, Франция, Польша кошулуп, кийинчерээк СССР, АКШ, Кытай кирген. Германия бир айга жетпеген убакыт ичинде Польшаны, кыска мөөнөттүн ичинде Дания, Норвегия, Нидерланд, Бельгия, Францияны да басып алган. Анын өнөктөшү Италия Эфиопия, Сомали, Кения, Суданды басып алган.
СССР эгемен фин өлкөсүнө кол салган
1939-жылдын аягында СССР Финляндияга кол салып, көптөгөн жоготууларга карабастан 1940-жылдын мартында “Маннергейм линиясынан” өтүп, Хельсинкини тынчтык келишимине кол коюуга мажбур кылган.
Андан соң Советер союзу Балтика боюндагы республикаларды өзүнө кошуп алган. Германия Англияны бомбалап, Африканын түндүгүндөгү Мисирди, Югославия менен Грекияны каратып алган.
Германия СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган
Чагылгандай тез өтчү аскердик план боюнча 1941-жылдын 22-июнунда Гитлердик Германия ири үч аскер тобунун жардамы менен СССРдин батыш чек арасын бузуп кирген.
СССРде согуш башталган чакта Кыргызстан калкы 1 миллион 588 миң киши болчу. Аяктагандан кийин республикада 1 миллион 457 миң киши калган. Кыргызстан согушуп аткан армияга 365 миң киши же ар бир төртүнчү адам канмайданга аттанган. Алардын жүз миңден ашууну туулган жерине кайтпай калышты.
150 миң ашуун кыргызстандыктар кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн орден, медалдар менен сыйланган. 72 кыргызстандык Советтер союзунун баатыры деген наамга ээ болушкан.
Чолпонбай Түлөбердиев биринчи болуп төшүн дзотко тоскон. Дүйшөнкул Шопоков Москваны коргоодо курман болгон.
30 миң ашуун кыргызстандыктар республикадан тыш аскер өнөр жайынын ишканаларында иштеген. Согуш маалында батыш аймактарынан 30дан ашуун өнөр жай ишканалары көчүрүлүп келген. Уруш күчөп турган чакта республикада 70тен ашуун өнөр-жай ишканалары ишке киргизилген.
Согуш өртү өлкөнүн батышында жалындап күйүп турган
1941-жылы 8-сентябрда немистердин “Түндүк” аскерлер тобу Ленинградды курчоого алып, 872 күнгө созулган блокада башталган.
Ал эми ноябрда душмандын “Түштүк” аскерлер тобу Украинаны толугу менен басып алып, Орусиянын түштүгүндөгү Ростов-на-Дону шаарын ээлеген. Анткен менен СССРдин борбору Москвага умтулган немис аскерлеринин “Борбор” тобу максатына жетпей калган.
Эрте түшкөн кыш, сууктан жүдөп, ыкчам аракеттенүү демилгесин колдон жулдурган душмандын Смоленкидеги айыгышкан уруштардан кийин жаалы кайтып, 5-декабрдагы Кызыл аскерлердин контрчабуулдарына туруштук бере албай 100 – 250 чакырым артка чегинүүгө мажбур болгон.
1941-жылдын 7-декабрында жапан аскер аба күчтөрү Гавайи аралдарында турган америкалык Пёрл-Харбор деңиз базасын бомбалап, АКШнын Тынч океандагы күчтүү флотун талкалап салган. Дүйнөлүк согушка АКШ кирип, төрт жылга созулган Түштүк Чыгыш Азиядагы деңиз согуштары күчөгөн.
1942-жылдын жайындагы советтик жоокерлердин Харьковдун жанындагы ийгиликсиз чабуулдарынан алсыраган фронтту жарып өтүп вермахтын аскерлери СССРдин түштүгүнө Кавказдагы мунай чыкчу жерлерди ээлеп алуу аракетине киришип, 17-июлда Сталинградды камалай баштаган.
Кеч күздө немис аскерлери Кубанды ээлешкен. Өлкөнүн түштүк капталына тереңдеп кирип кеткен душманды курчоого алып, батыштан келчү жардам жолун тосуп, жеринде жок кылуу операциясы 1942-жылдын 19-ноябрында башталган. Советтик аскерлер фельдмаршал Паулюс жетектеген 300 миңден ашуун аскери бар 6-армияны курчоого алып, 90 миң ашуун жоокерин туткунга түшүргөн. Фельдмаршал Фридрих Паулюс баштаган 24 генерал колго түшкөн. Немис аскерлери буга чейин мындай жеңилүү ызасын тартыша элек болчу.
Кийинки жылы жайында немис аскерлери Курск жанында колдон чыгып бараткан аскердик демилгени кайтарып алуу аракетин башташкан. Бир жарым айга созулган аёосуз уруштардан кийин душман чабуулга буямасы келбей, коргонууга өткөн. Советтик аскерлер Днепрде немистик күчтүү коргонуусун жарып өтүп Киевди бошотууга киришкен. 1944-жылдын жайына карата Украина душмандан толугу менен бошотулган. Жыл башында Ленинград блокададан чыккан.
Гитлердик Германия менен өнөктөштөрү экинчи дүйнөлүк урушта жеңилери 1943-жылдын аягында эле билинип калган. Согушту кантип аяктоо, “экинчи фронтту” ачуу маселелери 1943-жылдын 28-ноябрынан 1-декабрга чейин Тегеранда өткөн СССР, АКШ, Англия жетекчилеринин “чоң үчтүк” деген аталыштагы жолугушуусунда талкууланган.
Кийинки жылы 6-июнда союздаштар Европада “экинчи фронт” ачышып, Нормандияга аскерлерин түшүргөн. Ушул жылы жайында СССР командачылыгы иштеп чыккан “Багратион” операциясы башталып, Белорус, күзгө карай советтик жерлер душмандан толук бошотулган. Немистик аскерлердин аёосуз каршылыктарына карабай, союздаштардын аскерлери чыгыштан, батыштан активдүү чабуулдарга өтүп, 1945-жылы 25-апрелде советтик аскерлер союздаштардын куралдуу күчтөрү менен Эльба дарыясында кездешкен.
Германиянын жеңилиши
1945-жылдын кышынан тарта башталган ири масштабдагы чабуулдардын натыйжасында жазында советтик аскерлер Берлинге жетишкен.
Эки жумалык айыгышкан уруштардан соң 1945-жылдын 2-майында Берлин гарнизону багынган.
8-майдан 9-майга караган түнү Германия эч кандай шарты жок багынып берүү актысына кол койгон.
1945-жылдын февралында Ялтада “чоң үчтүктүн” дагы бир жолугушуусу өтүп, андан батыштагы согуш аяктаса СССР Жапонияга каршы уруш ачары талкууланган. Жапон өкмөтү багынып берүү жөнүндөгү сунуштарды чеке кагып, каршылык көрсөтүүсүн уланта бергенден 1945-жылдын 6-9 августунда АКШ Хиросима, Нагасаки шаарларына атомдук бомба таштаган.
1945-жылы 8-августта Советттер союзу Жапонияга согуш ачкан. 2-сентябрда жапон өкмөтү эч кандай шартсыз багынып берүү актысына кол койгон. Ошону менен адамзат тарыхындагы эң эле оор, 60 миллион ашуун адам өмүрүн алган, миңдеген шаарлар менен кыштактарды тыптыйпыл талкалаган канбайрам токтогон.
СССР 26 миллион калкынан ажыраган. Бул согушта адамзат ядролук бомба алааматын көрдү. Уруш учурунда дос өлкөлөр социалисттик жана капиталисттик деп экиге ажырап, бирин экинчиси душман санап, “кансыз согуш” жарыяланган.