Добавить новость
103news.com
World News
Май
2018

Кулматов: Мени эмнеге сурап жатышканы түшүнүксүз (видео)

0
Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов 21-майда УКМКга сурак берип чыккандан кийин журналисттерге тергөөдө өзүнө тагылып жаткан айып боюнча көрсөтмө бергенин билдирди. Кулматов өзүнө тагылган айып менен макул эмес экенин кошумчалады:


- Мени "Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепти мыйзамсыз курган" деп айыптап жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин беш-алты жолу келдим, эмнеге мени бул жакка чакырып, суракка алып жатышканын түшүнө албадым. ТВЕА акчасын өзү гана пайдаланган, биз бир тыйын да көргөн эмесмин. Ал эми мэриянын акчасы мектепке суу, электр энергиясын алып келүү үчүн бөлүнгөн. Ал эми сынаксыз лицензия берүү менин ишим эмес, мага такыр тиешеси жок.


Кубанычбек Кулматов мурдагы президенттин командасы жакшы, чын дилден берилип иштегенин айтып, тергөө боюнча кенен-кесири маалымат бере албасын кошумчалады.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып таккан. УКМКнын маалыматы боюнча, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган убакта “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган. Ал Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна өткөрүп алган.


Билдирүүгө ылайык андан кийин Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсы менен сынактан сырткары келишим түзүп, анын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытай компаниясынын 1 млн. АКШ долларын аталган менчик фирманын эсебине түз котортуп койгон. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын бюджетинен Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн кошумча 100 млн. сом акча бөлдүргөн.


Учурда кеп болуп жаткан аткаруучу курулуш компаниясынын жетекчилеринин бири кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Айыпталуучу Кулматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин үйүнө соттун санкциясынын негизинде тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө уланууда. (ZKo)






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России