Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2018

Уланбек Эгизбаевдин бутундагы тактар экспертизадан өткөрүлүп жатат

0
"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевдин эки бутунда байкалган тактардын чоо-жайын соттук-медициналык экспертиза текшерип жатат. 


Жакындарынын өтүнүчү менен маркумдун сөөгү экспертиза үчүн 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген. Сөөктү ачуу 23-июлда саат 9да башталып, ага "Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетов менен маркумдун досу Каниет Жыргалбеков катышкан.


Токтосун Шамбетов Эгизбаевдин бутундагы тактарды Чолпон-Атадан эле байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын билдирди. 


Анын айтымында, сөөк Бишкекке жеткирилгенден кийин анын бутундагы тактарды Жогорку Кеңеш депутаттары Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев да көргөн. Соттук-медициналык эксперттер сөөктүн ошол бөлүктөрүн иликтөө үчүн кесип калышкан. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек.  


Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист "чөгүп өлгөнү" кабарланган. Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.


Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. 


Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.


28 жаштагы Уланбек Эгизбаев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУдан саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келген. Маркум ата-энесинин төрт кыздан кийин көргөн жалгыз уулу.  Артында ата-энеси, эжелери жана кош бойлуу жубайы калды. Сөөгү 24-июлда саат 10.00дө өзү туулуп-өскөн Кочкордун Көк-Жар айылына коюлат.






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России