Добавить новость
103news.com
World News
Январь
2019

Крестинин: БАЭ менен ойногондо күйөрмандардын колдоосуна муктаж болобуз

0
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен болчу оюнда команда күйөрмандардын колдоосуна муктаж экенин билдирди. Кыргыз футболчулары Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө үй ээси - БАЭнин курама командасы менен 21-январда, Абу-Даби шаарындагы «Шейх Зайед» стадионунда беттешет.


Бүгүнкү басма сөз жыйынында Александр Крестинин Кыргызстандын күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди: 


- Биз үй ээси БАЭнин курама командасы менен ойнойбуз. Баарыбызга белгилүү, 2015-жылы өз үйүндө ойногон Австралия Азия кубогун жеңип алган. Бирок мелдеш өткөргөн өлкө сөзсүз түрдө кубокту утат же дүйнө, Европа чемпионаттарында чемпион болот деген эч кандай кепилдик жок. Ооба, өз оюн талаасы, күйөрмандарынын колдоосу сөзсүз түрдө Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасына жардам берет. Бирок биздин да күйөрмандар бар. Аларга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын колдоосу биздин жеңишке жетишибизге жакшы жардам берет.


Башкы машыктыруучу БАЭнин командасы күчтүү атаандаш экенин айтып, алардын оюндарын кунт коюп карап чыкканын да кошумчалады. 


- Бириккен Араб Эмираттарынын машыктыруучусунун тактикасы башкача. Менин тактикам - чабуул менен коргонуудагы балансты сактоо. Бул эң башкысы. Чабуулда жакшы ойноп, жеңишке жетүүгө аракет кылабыз. Атаандашыбыз оңой эмес, күчтүү команда. Бирок биз өзүбүзгө ишенебиз. Эртең баарын таң калтырабыз, - деди Александр Крестинин. 


Кыргызстан менен БАЭнин курама командаларынын оюну 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталат.​ GT






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России