Добавить новость
103news.com
World News
Май
2019

Баткен: чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканы белгилүү болду

0
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылындагы чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканын жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" билдиришти. Бул маалыматты айыл аймак башчысы Тургунбай Нишанбаев да ырастады. 


Кара-Бак айылынын жашоочуларынын маалыматына караганда, пикир келишпестикке себеп болгон көрүстөн чек ара аймагында жайгашкан. 20-майда кыргызстандыктар колдонуп келген мүрзөнүн аймагына тажик чек арачылары кирип келип, элди ага жолотпой койгон. Коңшу өлкөнүн чек арачылары жаан-чачын болгон учурда мүрзөнүн атайын жабдыктар коюла турган бастырмасына да кыргызстандыктарды жолотушкан эмес.


Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаев эки тараптын чек арачылары жана жергиликтүү бийликтин сүйлөшүүсүнөн кийин тажикстандык жоокерлер көрүстөндөн чыгып кеткенин маалымдады. Бирок жергиликтүү тургундар  21-майда дагы чогулуп, маселени биротоло чечип алууну сунуштап жатышат. Буга чейин да ушул көрүстөндүн айынан чыр чыккан учурлар кездешкен.


Кара-Бактагы окуя боюнча мындан мурда Кыргызстандын Чек ара кызматы да маалымат тараткан. Анда дүйшөмбүдө кыргызстандык жарандар менен тажикстандык чек арачылар айтыша кеткени, буга белгисиз кишилер Кыргызстандын жарандарына таандык шайман-аспаптар турган сарайдын эшигин талкалаганы түрткү болгону айтылган.  Кыргызстандыктар сарайдын бузулган каалгасын оңдоону көздөгөндө, тажик чек арачылары ага жолтоо болушканы, тиреш эки тараптын сүйлөшүүсү менен чечилгени белгиленген. Коңшу өлкөнүн чек арачылары сарайдын эшигин оңдоого жана аны мындан ары колдонууга макул болушканы да кабарланган. Ошол эле кезде Чек ара кызматынын билдирүүсүндө чатакка көрүстөн түрткү болгону айтылган эмес. Тажикстан тарап бул окуя тууралуу комментарий бере элек. (JsA/NT)






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России