Добавить новость
103news.com
World News
Май
2019

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында пикир келишпестик чыкты

0
Баткен районунун Тажикстанга чектеш Кара-Бак айылында 20-майда кыргызстандык жарандар менен тажикстандык чек арачылардын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Эки тарап айтыша кеткенин жана буга белгисиз кишилер Кыргызстандын жарандарына таандык айыл-чарба шаймандары турган сарайдын эшигин талкалаганы түрткү болгонун Чек ара кызматы билдирди.  


Маалыматка караганда, сарай шарттуу чек ара сызыгынан 5-6 метр аралыкта жайгашкан жана тактала элек тилкеге кирет, бирок аны иш жүзүндө Кыргызстандын жарандары колдонуп келген.  


Кыргызстандыктар сарайдын бузулган каалгасын оңдоону көздөгөндө, тажик чек арачылары ага жолтоо болушкан.  


Кыргыз чек арачылары окуя болгон жерге барышып, тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында коңшу өлкөнүн чек арачылары сарайдын эшигин оңдоого жана аны мындан ары колдонууга макул болушкан. Ошондой эле тажик тарап бул тилкеде турган чек арачыларга, кыргыз тарап жергиликтүү бийлик менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү кабарланды.  


Баткенде чек ара такталбагандыктан утур-утур жаңжалдар чыгып турат. Акыркы жолу быйыл 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тартып, Тажикстандын эки жараны каза болгону кабарланган.


Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек. (NT)






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России