Грузияда 11 футболчу жасалма матч уюштурууга шектүү катары камалды
Тергөөнүн маалыматы боюнча, футболчулар уюшкан кылмыштуу топтон 34 миң доллар алгандан кийин экинчи командага утулуп беришкен. Грузиянын мыйзамдарына караганда алар төрт жылдан алты жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал.
Футбол федерациясы тергөө менен кызматташа турганын билдирди. Тблисинин мэри, Чемпиондор лагасынын эки жолку жеңүүчүсү Каха Каладзе бул көрүнүштү айыптап, ар ким кылганы үчүн жооп бериши керек экенин айтты. «Бул спорт эмес, бул башка нерсе» деди ал.
