Түркияда чет өлкөлүк бейтаптарга колдоо көрсөткөн байланыш номуру ачылды
850 288 38 38 акысыз телефон номуру жети күн, 24 саат, англис, немис, араб жана орус тилдеринде бейтаптарга жооп берет. Бул кызмат Түркияга турист же бейтап катары келген чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү дарыгерлердин ортосунда котормочулук жана укуктук жардам көрсөтөт.
Расмий маалымат боюнча, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.
Эки өлкөнүн ортосундагы саламаттык сактоо келишимине ылайык, жыл сайын Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен келип дарыланган бейтаптардын саны 2019-жылы 150гө көбөйтүлдү. (ElB)
