Мэрдин кеңешчиси тартип жоопкерчилигине тартыла турган болду
Гуля Алмамбетова 20-майда «Твиттердеги» баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын колуктулардын үлпөт тойдогу көйнөктөрү тууралуу пикири жазылган кабарды бөлүшүп, одоно сөз жазган.
Ага чейин Мавлянова «Фейсбуктагы» баракчасына үлпөт тойдо колуктулардын ачык жана чыпташкан көйнөктөрдү кийишине жол бербөөгө ата-энелерди чакырган пост калтырган.
Алмамбетованын сөзүнө реакция кылууга парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин бүгүн, 21-майдагы жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев кызматташтарын чакырган. (NT/BTo)
