Добавить новость
103news.com
World News
Май
2019

Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгердин буту сынганы ырасталды

0
«Мыйзамдагы ууру» деген Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган дарыгер-лаборант Ирина Цопова бутун сындырып алганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү Элеонора Сабатарова «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, Цопова кармалгандан кийин, май майрамдарынын алдында эки кабаттуу керебеттен түшүп жатып бутун сындырып алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн, бутуна гипс коюлган. 20-майда травматолог-дарыгер «аны ооруканага жаткыруунун кажети жок, абалы жакшы» деген тыянак чыгарган.


Сабатарова Ирина Цопованын абалынан Атайын прокуратуранын жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү кабар алганын, алар дарыгердин кыйноого кабылбаганын көрүп кетишкенин кошумчалады. Окуя тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордон комментарий алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек.


Ирина Цопова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгышы үчүн «ал ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама (справка) берди» деген айып менен кармалган дарыгерлердин бири.


Өткөн аптада анын тергөө абагында жараат алганын укук коргоочулар кабарлап, «дарыгер кыйноого кабылышы ыктымал экенин» айтышкан. ЖАМК буга чейин Цопова бутун оорутуп алганын билдирген.


Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн айыпталып, соттолгон Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде чартердик учак менен Орусияга чыгып кеткен. Буга «айыккыс оорудан улам анын ичер суусу аз калган» деген соттун чечими себеп болгон. Арадан алты жыл өтүп, Батукаевдин көрөөр күнү саналуу калганы калп болуп чыккан. Анын иши майдын башында жанданып, тергөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ЖАМКтын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. (NT)






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России