Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды
Ал тапта өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шаршембиевди берген арызынын негизинде иштен алуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизгенин кабарлады.
Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин 2018-жылдын апрелинен тарта жетектеп келе жаткан. (NT)
