Орусия дагы алты адамды "чет элдик агент" тизмесине киргизди
Орусиянын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, “чет элдик агент” тизмесине киргендердин катарында публицист, блогер Анатолий Несмиян, юрист Борис Кузнецов, активисттер Ирия Везикко жана Юрий Бобров жана журналисттер Олеся Кривцова менен Евгений Кротенко бар. Министрликтин маалыматында, бул адамдар Орусиянын бийлигинин жүргүзгөн саясаты, айрым чечимдери тууралуу "жалган маалыматтарды" тараткан жана "чет элдик агенттердин" контентин жаратууга же жайылтууга катышкан. Олеся Кривцова норвегиялык Barents Observer басылмасынын журналисти. Читать дальше...
