Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2019

Сириянын өкмөттүк армиясы Ракка чөлкөмүнө келди

0
Сириянын мамлекеттик телеканалы жекшембиде кабарлагандай, армия Ракка чөлкөмүндөгү стратегиялык жайларга жайгаша баштады. Өткөн жумада күрд кошуундары түрк куралдуу күчтөрүнүн мизин кайтаруу үчүн Дамаскка баш ийген армияны жардамга чакырган. Ошондон бери сириялык аскерлер мурда Вашингтондун коргоосунда болуп келген аймактарга жайгаштырылган. Ошол эле телеканал АКШ өз жоокерлерин Манбиж шаарынын жанындагы базадан алып кетип жатканын маалымдады.


Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп айдын башында Сириядагы миң аскерин алып кетүүнү чечкен жана бул катуу сынга кабылган.


19-октябрда АКШнын коргоо министри Марк Эспер ошол контингент “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы согушту улантуу үчүн Иракка жайгаштырыларын билдирген.


18-октябрда АКШ менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясынын операциясын убактылуу токтотууну макулдашкан. Ага ылайык, Түркиянын чабуулу убактылуу 120 саатка токтотулган. Бул убакытта күрддөрдүн куралдуу кошуундары аскердик операция болуп жаткан аймактан чыгып кетүүгө тийиш.


Түркия жана ал колдогон сириялык козголоңчу топтор президент Дональд Трамп америкалык аскерлер чек аралаш аймактан чыгарылып кеткенин жарыялары менен Сириянын түндүгүндөгү чабуулун баштаган.


Күрддөр «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөштө АКШнын өнөктөшү болгон. Бирок Анкара аларды террорчу топко теңейт.


Вашингтондо демократтар Трамптын аймактан америкалык аскерлерди чыгарып кеткени боюнча чечимин сынга алышып, атышуунун токтогонуна карабай Түркияга каршы санкция киргизерин билдиришти. 






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России