Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2019

Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугу көбөйдү

0
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койду. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги кабарлады.


Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Назарбаев президенттиктен быйыл март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги "Нур Отан" партиясынын лидерлигин сактап калган. 


Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри сыяктуу кызматтардан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат.




Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, Тышкы чалгын кызматы, Күзөт кызматы өңдүү президентке түздөн-түз баш ийген орган, мекемелердин башчыларын дайындоодо Коопсуздук кеңешинин жетекчиси менен кеңешүү керек болот.


Ошондой эле облус акимдерин, республикалык деңгээлдеги шаарлар жана борбор калаанын мэрлерин коюуда да Назарбаев менен кеңешүү зарыл. 


Назарбаев быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн. 


Былтыр Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Назарбаев Коопсуздук кеңешин көзү өткүчө жетектегенге мүмкүнчүлүк алган.


Анын тушунда "жеке адамдын керт башына сыйынуу" көрүнүшү кеңири жайылган жана Назарбаевге "Элбашы" деген наам берилген.


Назарбаевге адам укугун бузуу, ыйгарым укугунан аша чабуу, демократиялык баалуулуктарга шек келтирүү боюнча сын-дооматтар бир топ жылдардан бери көп айтылып келе жатат. 






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России