Үсөнбаев: коронавирус жаңы аныкталгандардын үчөө кайдан жуктурганы белгисиз
Ал эми дагы үч киши кайдан жуктурганы белгисиз.
Бул тууралуу 6-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, үч кишинин вирусту кайдан жуктурганы боюнча изилдөө жүрүп жатат.
Жалпысынан 6-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1974 адамдан табылды, алардын ичинен 1360 бейтап сакайып кетти. COVID-19 вирусу табылган 22 бейтап кайтыш болгон. Илдет аныкталгандар менен байланышта болгондордун саны 8 194 киши. Обсервацияда 1 736 адам жатат. (TSh)
