Роухани: Үйлөнүү той вирусту күчөттү
Иран апрель айынын ортосунда карантин чараларын жумшарткан. Февралда бул өлкөдө оору күчөгөн. 4-июнда оору жуккандар 3574 адам деп катталып, февралдагы көрсөткүчтөн көп болду. Бийлик эпидемиянын күчөшүнө чет жактан баргандар жана той-топурлар себеп болуп жатканын белгилөөдө.
6-июнда 3,5 айдан бери жабык турган университеттер ачылды. Роухини бала бакчалар менен Куран окуганды үйрөткөн жана тил курстары бир жумадан кийин ачыларын айтты. (BCh)
