Добавить новость
103news.com
World News
Июнь
2020
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12 13 14 15 16
17
18
19 20 21 22 23 24 25
26
27 28 29 30

Кыргыз өкмөтү чек арадагы тыгынга байланыштуу билдирүү таратты

0
Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, «Актилек-автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын Кыргызстан тарабында 8 чакырымга чейин тыгын пайда болуп, 500дөн ашуун жүк ташуучу автоунаалар өтө албай турган.


Мунун себебин кыргыз өкмөтү Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин текшерүү иш-чараларынын күчөтүлгөнүнөн улам деп түшүндүрдү. Айдоочулар чек арада 3-4 күндөн бери турганын айтышкан.


3-июнда «Актилек-автожол» (Кыргызстан) жана «Карасу» (Казакстан) көзөмөл-өткөрмө жайларында кыргыз жана казак тараптын делегацияларынын жыйыны өттү. Анда эки тарап "Актилек-автожол" жана «Карасу» көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнүн санын, убактысын эсептешкен. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, бул эсептөөдө казак тараптын өткөрмө жайынан автоунаалардын өтүшү кыргыз өткөрмө бекетине салыштырмалуу көп убакытты алган. Тактап айтканда, үч саат ичинде Казакстандан Кыргызстанга 61 автоунаа, Кыргызстандан Казакстанга 21 машине кирген.


“Белгилей кетчү нерсе, кеңешме учурунда казак тарап автоунаалардын топтолушуна казак тарап күнөөлүү экенин мойнуна алды жана өлкөнүн борбордук бийлигине болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу маалымдоого ишендиришти. Эсептөөнүн жыйынтыктары казак тараптын буга чейин жетишилген макулдашууларды жана ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун жоболорун бузганын күбөлөндүрүп турат”, - деп билдирди кыргыз өкмөтү.  


Кыргыз өкмөтү кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы 24-январдан бери жабык экенин белгилеп, казак тараптын Кытайдан товарлардын көмүскө реэкспортуна тийиштүү кооптонуусуна негиз жок экенин билдирген. Кыргызстан Казакстанды чек арада тоскоолдук жаратпоого чакырды. (TSh)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России