Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео
Нааразычылык акциясы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон жүздөгөн адамдар Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турууда.