Добавить новость
103news.com
World News
Декабрь
2020

ТИМ: Түркия саламаттык сактоо тармагындагы долбоорду ишке ашырууга даяр

0
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 21-декабрда Түркиянын Кыргызстандагы эчиси Женгиз Фыратты кабыл алды.



Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, тараптар  Казакбаевдин быйыл 9-11-ноябрда Түркияга болгон  иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты. Министр сапар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын  артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк бергенин белгиледи.



Элчи Фырат саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө жигердүү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү керектигин билдирди.  


Тараптар COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүүдө кызматташтык боюнча да пикир алмашкан.  Казакбаев эпидемиянын кесепеттерин жоюуга жардам бергени үчүн түрк тарапка ыраазычылыгын билдирди.


Түрк элчиси Түркиянын координация жана кызматташуу агенттиги (ТИКА) Кыргызстандын аймактарында бейтапканалардын ачылышы, оңдолушу жана техникалык камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашырууга даяр экенин айтты.


Мындан тышкары пандемия токтогондон кийин Бишкектеги оорукананын расмий ачылышы болуп, ага медицина тармагындагы түрк ишкерлер тобу келерин, алар Ысык-Көл бизнес-форумуна да катышарын маалымдады.  


Ноябрдагы сапар учурунда өз ара кызматташтык маселелери менен катар эки мамлекеттин ортосундагы талылуу болгон жана түрк бийлиги ФЕТО деп атаган кыймыл тууралуу кеп козголгонун түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Казакбаев менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында билдирген. Ал түркиялык «Маариф» фонду боюнча эки тарап макулдашканын  айтып,  аталган фонд жакын арада Кыргызстанда билим берүү мекемелерин ача турганын белгилеген.


Түрк бийлиги АКШда бозгунда жашаган диний аалым Фетхулла Гүлендин «Хизмет» кыймылын ФЕТО деп атап, террорчул уюмдардын катарына кошуп келатат. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан.



Түркия Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелерин да «гүленчил» көз карашта деген негизде аларды жабууну талап кылып келе жатат. Буга чейин алардын ордуна "Маариф" фонду билим берүү мекемелерин ачат деп сунуш кылган.


Кыргыз бийлиги "Себатты" өлкөнүн өзүнө таандык билим берүү мекемеси деп эсептеп, 2017-жылы «Сапат» деп аталышын өзгөрткөн.


Бийлик 2019-жылы Түркиянын мамлекетине караштуу «Маариф» фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал өлкөнүн ички мыйзамдарына ылайык иштей турганын жарыялаган.(NT)






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России