Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2021

Эки колунан ажыраган жоокердин иши кайрадан тергөөгө жиберилди

0
Аскердик кызмат учурунда эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши кайрадан тергелет. Мындай чечимди Жогорку сот 19-февралда чыгарганын жоокердин кызыкчылыгын коргогон өкмөттүк эмес «Кылым шамы» уюмунун юристи Агзам Душеналиев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтуусунда Жогорку сот мындан тышкары Бишкек шаардык сотунун мурунку чечимин күчүндө калтырган.


Сот чечимине ылайык, Башкы штаб Руслан Сапарбаевдин үй-бүлөсүнө 950 миң сом протез үчүн, ал эми моралдык чыгым үчүн 50 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттүү. Сапарбаев соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко кайрылган эле.



Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев Башкы штабды сотко берип, 5,2 млн. сом төлөп берүүнү талап кылган. Анын ичинен 1 млн. сом моралдык зыян үчүн, 4,2 млн. сом жоокердин колунун ордуна салынуучу протез сатып алуу максатында суралган.


Руслан Сапарбаевдин кырсыкка кабылышы боюнча соттук териштирүү мурда да болгон. Анда аскердик бөлүктүн «Шалаакылык» беренеси менен айыпталган эки офицери үч жылга шарттуу кесилген. Сот чечиминин негизинде Башкы штаб Руслан Сапарбаевге бир жолку камсыздандыруу каражатын төлөп берүүгө милдеттендирилген. Башкы штаб ошондой эле жоокердин колуна протез сатып берүүгө убада берген.


«Кылым шамы» уюмунун маалыматы боюнча, мурда протезге деп берилген акчага жоокердин апасы жашай турган жери жок болгондуктан, үй сатып алган. Башкы штаб сотто жоокерге протезге акча төлөнүп берилгенин билдирүүдө.


Руслан Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда армиядагы нөөмөт учурунда токко урунган. Дарыгерлер ага эки жолу операция жасап, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.


Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген.


Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин өлүмү жана кырсыкка кабылган учурлары көп катталат.


2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (ZKo)






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России