Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2021

Диверсия Шарабидина Капарова в отношении обороноспособности Кыргызстана

0
Диверсия Шарабидина Капарова в отношении обороноспособности Кыргызстана

КР Президенти, КР Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ                           

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

1. Ош Түштүк Аэропортун 2010 жылга чейин “Valor Air” авиакомпаниясы директору Борисюк Василий Парфёнович иштетип жүргөн, азыр В.П.Борисюк Бишкекте учуучуларды учууга даярдап жатат. “Valor Air” авиакомпаниясы директору В.П.Борисюк 2008-2009 жылдары ал Аэропортту, 7-8 самолёт жана вертолёт сатып алуу максатында бир нече жолу мамлекеттик органдарга кайрылган. Бирок, бардык мамлекеттик органдар Аэропорт стратегиялык объект, жеке менчикке сатылбайт деп жооп алган. Маморгандар 2009 жылы Аэропорт коргонуу-стратегиялык объект, ал сатылбайт десе, эки жыл өтүп, 2011 жылы Капаровдун диверсиясы натыйжасында стратегиялык объект мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен. Бул боюнча УКМК, Башкы Прокуратура, Аскердик контрчалгындоо тергөөчүлөрү азыр Бишкек шаарында иштеп жүргөн “Valor Air” авиакомпаниясы экс-директору В.П.Борисюктан, Минтранс, КР Авиация мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан, Ош шаарында “Valor Air” авиакомпаниясы кызматкерлеринен сурак алуусу керек.

2. Ишкаван айылында мурда 5 гектар жери менен Аэропорт болчу. Госрегистр карталарында ал жер "Западный Аэропорт города Ош" деп аталган. 1999-2000 жыл Баткен окуяларында, 2010 жыл окуяларында ал Аэропортко Бишкектен самолёттор, вертолёттор конгон. 2009 жылы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер  адиси Хамидилло Мадалиев "Бостон" кооперативинин протоколун жасалмалап, ал Аэропортту ижарага берүү керек деп чечим чыгарат. 2011 жылы Кара-Суу райондук сотунун мыйзамсыз токтому менен ал Аэропорт болгону 111 миң сомго жеке менчикке сатууну мыйзамсыз мыйзамдаштырат. Ошол Сотто Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровдун мыйзамдуу өкүлү болгон айыл өкмөтүнүн юристи Б. Сайдалиев Аэропорт жеке менчикке сатылууга айыл өкмөтү каршы эмес жана жеке менчикке сатууну колдогон. Ош окуясынан кийин коркуп калган өзбек улутундагы болгон Шермухаммад Мирзабаев жана Зокир Хошимовдордон бул мыйзамсыз иштерде пайдаланып, алардын колу менен ал жерди мыйзамсыз сатышат. Бугунку күнү ал жерде ресторан “Эльдорадо Гранд”, “Адеп башаты”, супермаркет жана башка мыйзамсыз объекттер курулган. Бирок айылдын карапайым эли менен соттошууну өзүно кесип кылып алган Ш.Капаров жана Б.Сайдалиев Аэропортту мамлекетке кайтаруу үчүн Сотко бербей, тескерисинче Сотто жеке менчикке сатылышына каршы болбой, колдоп, ал жерлерге документтер жасап, Кызыл Китептерге, мыйзамсыз курулуштарга уруксатка кол коюп жатат. Аэропорттун 5 гектар жери болгону 111 миң сомго сатылып, азыркы күндө ал жердин 1 сотиги 20 миң доллардан сатылып жатат. Демек ал жердин базар баасы 111 миң сом эмес, 5 миллион доллар. Бул болсо Аэропорттун сатылышында Ш.Капаровдун жана Б.Сайдалиевдин мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа берилиши жана мамлекетке зыянды ордун толтурушу керек. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

3. Жогорку Соттун мыйзамсыз токтому менен стратегиялык объект -  Туштук Аэропорт жеке менчикке мыйзамдаштырылып берилген. Мамкаттоо карталарында ал Ош Түштүк Аэропорту деп жазылган. Бирок, Ш.Капаров жана Т.Матраимов мыйзамсыз баюу, мамлекеттик кызыкчылыктарга диверсия жасоо жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында КР Мамкаттоо кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп Мамкаттоо карталарынан ал стратегиялык объектти мыйзамсыз өчүрүп салышат. ОшГипрозем карталарында ошондой коррупциялык схема менен стратегиялык объектти жок кылышат.

4. Ош областтык финансылык полициясында “Кактус-Медиа” иликтөөсүү негизинде 10.06.2019 ж. 3 кылмыш иш (03-134-2019-000145, 03-134-2019-000146, 03-134-2019-000147) козголуп, тергелип жатат. Бирок, тергөчүүлардын мыйзамсыз аракетсиздиги, “маакулдашуусу” жана алдын ала сүйлөшүүсү натыйжасында, тергөөдү атайын создуктуруп,  Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу эскирүү мөөнөтүн атайын өткөрүшкөн. Натыйжада жер саткыч Ш. Капаров камалбай, эркиндикте жүрөт. Ошондой эле, тергөөчүүнун шалаакылыгы натыйжасында Аэропорттун жеринде көптөгөн мыйзамсыз курулуштар ушул күндөрү курулуп жатат.

Ш.Капаров мурда бизди куугунтуктап: “Менин артымда Матраимовдор кланы турат, Алмамбет Салиев мени коргойт!-деп бизди опузалап, коркутуп, шантаждаган болсо. Азыркы күндө Ш.Капаров: “Мен Жала-Абад зооветеринарный техникумунда Ташиевдин тууганы менен окуганмын, артымда Ташиев турат” деп бизди коркутууда. К.Ташиев болсо: “Менин атымды ким сатса камаңыз”-деп пресс-конференцияда айткан, бирок, Капаров ушул күнгө чейин камалбай эркиндикте тайрандап жүрөт. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Капаровдун диверсиясы натыйжасында статегиялык объект Аэропорт мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен. Бул боюнча УКМК, Башкы Прокуратура, Аскердик контрчалгындоо тергөөчүлөрү азыр Бишкек шаарында иштеп жүргөн “Valor Air” авиакомпаниясы директору В.П.Борисюктан, Минтранс, КР Авиация мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан, Ош шаарында “Valor Air” авиакомпаниясы кызматкерлеринен сурак алуусун суранабыз.

2) Ош областтык финансылык полициясында “Кактус-Медиа” иликтөөсүү негизинде козголгон 3 кылмыш ишке биздин арыздарыбыз негизинде, бизди катыштырып, 4 кылмыш иш козгоп, Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартып берүүнүзду.

3) Ушул 3 кылмыш ишти атайын создуктуруп эскирүү мөөнөтүн атайын өткөрүп, мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартпаган Финпол тергөөчүүсүнө чара көрүүнүздү.

4) Аэропорт жерин мыйзамсыз жеке менчикке сатып, диверсия жасаган кызмат адамдарын жана мыйзамсыз “мыйзамдаштырып” берген сотторду кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.

Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева, Г.М. Мирзакаримова, 21 февраль 2021 ж.

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Капаровду күнөөлүү деп эсептөөнүздү суранабыз, себеби бизди бир нече жолу жемкор Капаров жана уулдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России