Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2021

ИИМ кылмыштуу топторду бийликке жолотпоо тууралуу мыйзам долбооруна негиздеме берди

0
Ички иштер министрлиги жалпы үч: «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюп, документ өкмөттүн сайтына жарыяланган.


ИИМ кылмыштуулукка каршы күрөштүн жаңы механизмдери каралган документти негиздеп, буга учурдагы экономикалык, саясий туруксуздуктун шартында уюшкан кылмыштуулуктун таасири артып баратканын белгилеген. Ошондой эле алар социалдык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, кылмыштуу акчаларды адалдап, коомдук-саясий партияларга жана башка түрдүү уюмдарга кирүүгө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоого умтулуп жатканы тууралуу жазылган.



Документте ошондой эле: “Мунун аркасы менен алар өз өкүлдөрүн бийлик түзүмдөрүнө жана саясий уюмдарга түздөн-түз алып келет. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этабында уюшкан кылмыштуулук көйгөйү өтө курч, эртерээк чечүүнү талап кылган маселе. Бул социалдык-криминалдык көрүнүштүн актуалдуулугу уюшкан кылмыштуулук өтө кооптуу көрүнүш экендиги менен шартталат. Уюшкан кылмыштуулуктун өсүү масштабы мамлекеттин жана коомдун коопсуздугуна коркунуч туудурат, анткени ишенимдүү ченемдик укуктук базанын жоктугун пайдаланып, бийликтин жогорку эшелонуна кирүү менен алар өз позицияларын бекемдейт”, - деп жазылган.



Мыйзамдын долбооруна ылайык, соттолгон, анын ичинде уюшкан топтордун жана кылмыштуу уюмдардын курамында кылмыш жасагандыгы же алардын кызыкчылыгы үчүн кылмышка барганы үчүн соттолгону жоюлган, ошондой эле уюшкан топтордун жана кылмыштуу уюмдардын лидери, мүчөсү катары боборлоштурулган каттоодо турган адамдар Кыргызстандын президенттигине, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлануу укугунан ажыратылат.


Мурдараак ИИМ 2020-жылы киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, адам уурдоо, опуза, талап-тоноо, каракчылык сыяктуу оор кылмыштар менен 127 уюшкан кылмыштуу топко (УКТ) таандык адамдар кармалганын кабарлаган.


Мындан бир нече жыл мурда ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдардын толук тизмесин жарыялаган. Ошол учурда ал тизмедеги 20дан ашуун киши бир катар жергиликтүү кеңештерде жана шаардык кеңештерде депутат экени ачыкка чыккан. Алардын айрымдары депутаттыктан ары айыл өкмөт башчылыгына да шайланышкан.(MiK/ZKo)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России