Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2021

Өкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттери аныкталды

0
Кыргызстандын жаңы премьер-министри Улукбек Марипов жаңы түзүлүштөгү өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аныктаган буйрукка кол койду.


Ага ылайык өкмөт башчы өкмөттүн ишмердигин жалпы башкаруусун камсыздап, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, экономика жана финансы министрин, мамлекеттик органдардын баарын башкарат.




Өкмөт башчы мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүмдү жана улуттук коопсуздукту коргойт. Ошондой эле тышкы саясат, тышкы миграция, коомдук тартип, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү, атуулдардын укугунун корголушу, мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөйт. Экстремизмге, маңзаттарга каршы күрөшүү, өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо, демаркация жана делимитация иштерин аткарууну камсыздайт.


Өкмөт башчы юстиция тармагын көзөмөлдөп, жазаларды аткаруу жана каттоо саясатын жетектейт. Кыргызстандын кызыкчылыгын соттордо коргойт. Тоо-кен, энергетика, турак жай, архитектура тармагы баштаган өлкөнүн өндүрүш жаатын толук көзөмөлдөйт.


Өкмөт башчы эл аралык нормаларга ылайык Кыргызстандын кызыкчылыгын чет өлкөлөрдө коргойт, эл аралык келишимдерге кол коёт. Өкмөттүк сыйлыктарды таратат, чиндерди ыйгарат. Бийликтин башка бутактары менен байланышты камсыздайт.


Ал эми биринчи вице-премьер-министр мамлекеттик органдардын ишин координациялап, программаларды ишке ашырат жана өкмөт аралык комиссиялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.


Өкмөттүн курамын, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жана милдетин аныктаган буйрукта жаңыртылган министрлер кабинети менен өкмөт курамына кирген бардык мамлекеттик ишканалар, мекемелер, агенттиктер жана өкмөткө караштуу массалык маалымат каражаттарынын тизмеси жазылган.


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 4-февралда жаңы өкмөт курамын бекитип, анын башына Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Улукбек Марипов өкмөт башчы болуп шайланган.


Марипов 12-февралда өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитүү жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоо жөнүндө токтомго кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы он алты багыттан жана жетекчи аткаминерден турат.


Өкмөттүн азыркы таптагы курамы:


1. Улукбек Марипов, премьер-министр;

2. Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр;

3. Улукбек Карымшаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер;

4. Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси;

5. Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;

6. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;

7. Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

8. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри;

9. Улан Ниязбеков, ички иштер министри;

10. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

11. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;

12. Асел Чынбаева, юстиция министри;

13. Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

14. Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри;

15. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;

16. Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.




Айрым саясатчылар бул кыскартылган өкмөттүк түзүлүштү сындап чыгышты. Алар кыскартуу урааны астында айрым министрликтерден эркин болууга жана алардын ишин бейтарап текшерүүгө тийиш болгон Финансы полициясы сыяктуу агенттиктер кайра ошол министрликтердин кол астында калып, көз карандылыкка кириптер болушу ыктымал деп кабатырлануусун билдиришкен. (BCh)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России