Добавить новость
103news.com
World News
Декабрь
2021

Жогорку сот "Батукаев ишин" кайра карайт

0
22-декабрда Жогорку сот "Батукаев иши" боюнча адвокаттардын бир жыл мурдагы арызын карайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.


Жогорку сот "Батукаев иши" боюнча сот болорун, толук маалымат сот отурумунан кийин берилерин билдирди.


Андан сырткары Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча иш каралат.


21-декабрда Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын берүүнү териштирген кылмыш иштин алкагында Атамбаевдын бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу райондук соттон кабарлашты.


"Октябрда Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышып калышым мүмкүн деп койсо, башкы прокурордун орун басарынын катынын негизинде мурдагы өкүмүн жокко чыгарган. Эми кайра бир жыл мурун жазган арызды кайра экинчи жолу караган жатышыптыр", - деди Жоошев.


Былтыр октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттары "Сот процессинде Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп Жогорку сотко арызданышкан. Мекеме адвокаттардын арызын канааттандырып, ишти кайра кароого жиберген.


2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.


Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.


Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев ушул ишке байланыштуу Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.


2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. (МТа)




 






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России