Добавить новость
103news.com
World News
Декабрь
2021

Сот БШКнын өзгөргөн жобосун мыйзамсыз деп тапты

0
Бишкектин административдик соту "Альянс" партиясынын арызын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) гендердик квота боюнча өзгөртүлгөн жобосун жокко чыгарды. Токтому мыйзамсыз деп табылган БШК азырынча расмий комментарий бере элек.


Боршайком 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Жаңы эрежеде үч мандат алган партиядан - бир, жети мандат алган партиядан - үч аял депутат келет деп жазылган жана мындай өзгөртүү негизинен жети мандаты бар "Альянс" партиясына гана тиешелүү экени белгилүү болгон. Ага ылайык, аталган партиядан депутаттыкка аттанып, утуп чыккан жети талапкердин бири Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчага мандат берилмек.




Акаев Боршайкомдун чечимин "акылга сыйгыс" көрүнүш катары баалап, БШКнын жетекчилиги гендердик квотаны өзгөртүү тууралуу жобону бир эмес, эки ирет караганын белгилеп, "адилетсиз буйрукту аткарды" деп айыптаган.


"Альянс" партиясы 17-декабрда БШКнын чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна арыз жазган. Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова чечим тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:


“Бишкектин административдик соту тарабынан 21-декабрда "Альянс" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына карата доо арызы канааттандырылды. БШКнын 15-декабрдагы "Бирдиктүү шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу", анын ичинде “Альянс” саясий партиясынан аял талапкерлерге үч депутаттык мандатты аныктоо жөнүндө, ошондой эле Оргалча Токтобүбүнү Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтому жокко чыгарылды”.


Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев муну адилеттүү чечим деп баалады.




“Анткени, эсеп туура болчу. 2,1 дайыма 2 болот, эч качан үч болбойт. Атам замандан берки эреже бул. БШК мурун кабыл алынган эрежени жок жерден эле өзгөртүп, бир адамдын пайдасын көздөгөн болчу. Ошондуктан, адилеттик орноду деп эсептейм”.


Нурбаев эгер БШК Жогорку сотко даттанса да ушундай эле чечим чыгат деп ишенерин кошумчалады.


БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов мүчөлөр регламенттин негизинде жыйынга чогулуп, бул маселени карай турганын айтты:




“Административдик соттон кийин Жогорку сотко кайрылса болот. Аны сүйлөшкөндө чечебиз. Депутаттарды каттоо мөөнөтү да келип калды. Каттоону жүзөгө ашыргандан кийин мандаттар бөлүштүрүлөт”.


БШКнын дагы бир мүчөсү Искендер Гаипкулов сот чечими менен таанышпаганын, буга комментарий берүүгө азырынча эрте экенин белгиледи.


“Жарандын платформа” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекова “Азаттыктын” “Эсперттер талдайт” берүүсүнө катышканда, “Альянс” партиясынын ичиндеги мандат талашты аял талапкерлердин укугун бузуу катары сыпаттап, БШКнын квотага байланыштуу токтому туура болгонун билдирген эле:


“Жанар Акаев парламентке керек экенин мен да четке какпайм. Бирок ал эмне үчүн “жентельмендей” болуп, ордун аял кишиге бошотуп бергиси келбейт?”.




 


БШК 22-декабрда шайланган депутаттарды каттап, мандат берүүнү пландап жатканы айтылган. Акаевдин тарапташтары мандат бөлүштүрүү жараяны келип калгандыктан, БШК сот чечимин аткарып, аны депутат кылып каттоого тийиш экенин белгилешүүдө.


Буга чейин айрым жергиликтүү басылмалар Токтобүбү Оргалча менен президент Садыр Жапаровдун аялы Айгүл Жапарова жакын мамиледе экенин жазышкан.


Анда журналисттер былтыркы октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар Оргалчанын "Шыдыр Жол KG" ишканасына таандык экенин иликтеп чыккан.


Өлкө башчысы Оргалчаны өзү дагы, жубайы Айгүл Жапарова дагы тааныбай турганын айткан. Талапкер өзү да ушундай билдирүү жасаган.




Токтобүбү Оргалча 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этностук кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны. Соттун чечими тууралуу азырынча үн ката элек.


28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру”. Жогорку Кеңештеги 90 орундун 54ү партияларга, 36сы бир мандаттуу округдан шайланган депутаттарга берилет.






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России