Добавить новость
103news.com
World News
Январь
2022

Алматыдагы башаламандык учурунда кармалган төрт кыргыз жараны бошоду

0
Алматы шаарында башаламандык учурунда кармалган төрт кыргызстандык 15-январда абактан бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.


Мекеменин маалыматына караганда, алар көп жылдан бери ошол жакта иштеп жүргөнүн айтып, Казакстандын аймагында каларын билдиришти.


Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло аттуу кыргыз жарандарын казак абагынан бошотуу боюнча Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү жүргүзүүгө Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгү жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) катышты.


Казакстанда, Алматы-Бишкек жолундагы Карасай районунда кармалган төрт кыргызстандык бошотулуп жатканын 15-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирген:


“Бошотулат деп биз да күтүп жатабыз. Эртең менен барып жолугуп, азыр келдик. Алар эч кандай мыйзам бузган эмес. Алматыдан Бишкекке, үйүнө кетип баратып, жолдон кармалган. Казакстандын Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтери менен байланышып, иш алып бардык”.


Казак бийлиги аларды тополоңго шек санап 7-январда кармаган.


Башкы консулдуктун маалыматына караганда, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан тогуз кыргызстандык кармалган, “алардын баары чыкты, башка кармалгандар тууралуу маалымат жок”. Каза болгондор экөө. Жалпысынан 300дөй кыргыз жараны Алматыдан Кыргызстанда эвакуацияланды.


Мындан тышкары Алматыдан Бишкекке кетип баратып кармалганы тууралуу маалымат тарап жаткан дагы бир кыргыз жаранынын дайыны азырынча белгисиз болууда. Консулдук аны издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. (RK)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России