Добавить новость
103news.com
World News
Январь
2022

Назарбаевдин "күйөө балдары" кызматтан кетти

0
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алиянын күйөөсү Димаш Досанов "КазТрансОйл" мунай компаниясынын башкы директору кызматынан кетти. Назарбаевдин тун кызы Дариганын күйөөсү делген Кайрат Шарипбаев болсо "QazaqGaz" улуттук компаниясынын жетекчиси кызматынан алынды. Бул тууралуу бул компанияларга ээлик кылган "Самрук-Казына" фонду 15-январда билдирди.



Расмий билдирүүдө жогорудагы эки жетекчинин ыйгарым укуктары өздөрү жазган арыздын негизинде директорлор кеңешинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда токтотулганы гана белгиленди.



40 жаштагы Димаш Досанов Алия Назарбаевага үйлөнгөндөн көп өтпөй, 2016-жылы "КазТрансОйл" компаниясынын жетекчиси болуп дайындалган.



"QazaqGaz" ишканасын башкарып келген Кайрат Шарипбаев расмий жарыяланбаса да коомчулукта Дарига Назарбаеванын күйөөсү деп мүнөздөлүп келет. Былтыр сентябрь айында "Азаттыктын" казак кызматы Шарипбаев кантип өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бирине айланганын иликтеп чыккан.



Президент Касым-Жомарт Токаев 11-январда Мажилистеги сөзүндө биринчи жолу Назарбаевди сындап, "элбашынын аркасы менен өлкөдө өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлден алып караганда да ашынган байлардын катмары пайда болгонун" айткан.



Азырынча Назарбаев Казакстандагы окуяларга үн ката элек. 13-январда Алия Назарбаева курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул окуялардан сабак алуу керектигин жазган. “Атасына аймактардын жашоочуларынан маалыматтар түшүп жатканын” кошумчалап, элбашыга “көргөзүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын” билдирген. Андан көп өтпөй Алиянын Фейсбук менен Инстаграмдагы баракчалары ачылбай калды.



Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митинг менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России