Абактагы адам оозун төөнөгөнү тууралуу маалымат ырасталган жок
“Оозун тикпептир. Ачкачылык да жарыялабаптыр, тамак ичип жатыптыр. Сот залынан судьяга нааразылык билдирем деп аракет кылган экен”.
2020-жылдын 28-мартында Нарында бычакталган Алмаз Сулаймановдун (кылмыш чөйрөсүндө Лимонти деген каймана аты бар) өлүмүнө шектүү катары кармалган 26 жаштагы Талгат Шамиевдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 14-январдагы отурумда судья аны камактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке кагып, абактагы бөгөт чарасын дагы эки айга узартканы үчүн Шамиев оозун төөнөөгө аракет кылып жаткан видеосу интернетте тараган. Ал нааразылык иретинде акчачылык жарыялаганы да маалымдалган. (RK)
