Ырчы Александр Волкодавга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды
32 жаштагы Александр Волкодав 2021-жылдын 30-декабрында Орусиянын “Биринчи каналы” уюштурган "Голос" долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. Финалда ал "Казачья" жана "Серенада трубадура" аттуу эки чыгарманы аткарган.
Президент Садыр Жапаров ырчыны “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу куттуктап, "Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди. Александрдын жеңиши биз үчүн Жаңы жылдык эң сонун белек болду” деп айткан. (RK)
