Машинанын айнегин караңгылатуу сунушу жактырылды
Төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө тартибин мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер кабинети аныктай турганы белгилүү болду.
Уруксат берүү демилгесин Экономика жана коммерция министрлиги көтөрүп чыккан. Министрлик белгилегендей, айнекти караңгылатууга тыюу эрежеси иштебей келет жана рейд учурунда андай машиналар көп кармалууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу башкармалыктын маалыматына караганда, 2021-жылдын 11 айында алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алган айдоочуларга карата жалпысынан 2,5 миңдей протокол түзүлгөн.
Өлкөдө автомашинанын алдыңкы айнегин жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Эрежени бузгандарга 5,5 миң сом айыппул салынат. (RK)
