Ошто сот кызматкерлерине мыйзамсыз камоо боюнча иш козголду
“Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин талабы одоно бузулуп, “И.Б.” аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган”, - деп айтылат маалыматта.
Башкы көзөмөл органы кармалган адам эмнеге шектелгени боюнча маалымат берген жок. Ош облустук соту прокуратуранын айыптоосуна жооп бере элек.
Баш мыйзамдын 59-беренесине ылайык соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармоого тыюу салынат. Бул берененин жоболору бузулган учурда кармалган жаран компенсация төлөтүп алууга укугу бар. Негизсиз кармоо же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышы керек. (TSh)
