Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2022

Орусияда Навальныйдын экинчи иши боюнча сот отуруму уланды

0
21-февралда Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга коюлган жаңы айып боюнча сот отуруму уланды. Ишти Москванын Лефортовский райондук соту көчө жыйында тергеп жатат.


Соттук иш 15-февралда башталган. 45 жаштагы Навальный ишмердиги токтотулган Коррупцияга каршы күрөшүү фонду аркылуу "акчанын изин жашырган" жана "Москвада судьяга акаарат келтирген" деп айыпталып жатат.


Дүйшөмбү күнкү отурумда Навальныйдын жаңы адвокаты Евгения Соломатованын ишти таанышуусу менен башталды. Сот ага уруксат берип, бирок материалдарды мобилдик телефонго тартууга чектөө койду. Ушундай эле чектөө ишти чагылдырганы барган журналисттерге да коюлган. Биринчи олтурумда да кабарчылар атайын бөлмөгө отургузулуп, соттук залдан трансляцияны гана көрүп отурушкан.


Оппозициячыл саясатчыга каршы жаңы тергөө иши 2020-жылдын декабрь айында башталган. Алгач тергөөчүлөр Навальный фондго ар кыл демөөрчүлөрдөн түшкөн 4,7 миллион долларды жеке максаты үчүн колдонгонун айтышкан. Бирок 14-февралда оппозициячыл саясатчынын үзөңгүлөшү Леонид Волков тергөөнүн документтери менен таанышып чыкканын, "изи жашырылды" деген акчанын көлөмү 33,7 миң гана доллар экенин айтты.



Эгер сот күнөөлүү деп тапса, Навальный "акчанын изин жашырууга" байланыштуу дагы 10 жылга, "судьяга акаарат келтирди" деген айып менен алты айга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Навальный мындай айыптарды четке кагып, аны "саясий куугунтук" катары мүнөздөп келет.



Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.


Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. (ErN)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России