Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2022

Орусия Украинадан аткылоо болгонун кабарлады, Киев четке какты

0
Орусиянын Федералдык чалгын башкармалыгы – ФСБ дүйшөмбү күнү Ростов облусундагы чек ара башкармалыгынын кызмат өтөө пунктуна Украинадан атылган артиллериялык ок тийгенин кабарлады.


Мекеменин Коомчулук менен байланышуу борборунун маалыматында, объекти орус-украин чек ара сызыгынан 150 метрдей аралыкта жайгашкан. Окуядан жабыркагандар жок. ФСБ ок атуу болгон жердин видеосун да жарыялады.


Окуя саат канчада, кайсы жерде болгону так айтылган эмес. ФСБнын маалыматы экинчи булактардан ырасталган жок. Украин тарап орус чек ара бөлүктөрүн аткылоо болгонун төгүндөдү.


Орус бийлиги мурдараак да украин тараптан атылган октор Орусиянын аймагына түшкөнүн кабарлаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул маалыматтарды “жалган жана чагым” деп атаган.


Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында кырдаал курчуп турат. Орусия колдоого алган жикчилдер менен Украинанын бийлиги ок атууларга бири-бирин айыптап жатат. Өздөрүн  “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган аймак жарандарын Орусия тарапка эвакуациялап, жалпы элдик мобилизация жарыялаган.


Батыш өлкөлөрү Донбасстагы жаңжалды чагым катары пайдалануу менен Орусия Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусия тескерисинче украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат деп Киевди айыптоодо.


Учурда Украинанын чек арасында Орусиянын 150 миңдей аскерлери жыйналып турат. Москва мындан сырткары Беларуста 20-февралда аяктамак болгон аскердик машыгууну да улантууну чечти. Бул жагдай Батыш өлкөлөрүн чочутууда. Кремл Украинанын НАТОго кирүүсүнө каршы чыгып жатат, Киев жана Батыш Украина эркин өлкө экенин, ал каалаган уюмга кирүүгө  укугу бар экенин билдирип келет. (ErN)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России