Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2022

Володин менен Мамытов миграция маселесин талкуулады

0
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-февралда Москвада жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы анда Мамытов Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу маселе көтөргөнүн билдирди. 


"Биз жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун карап көрүүнү өтүнөбүз",-деди Мамытов. 


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Вячеслав Володин бул сунушту оң кабыл алганын жана  сунуш орус өкмөтүнө жөнөтүлөт деп айтканын белгиледи.  


Орус парламентинин басма сөз кызматы Володин менен Мамытов алака-катышты өнүктүрүү жолдорун, тиешелүү комитеттердин өз ара кызматташуусу өңдүү маселелерди талкуулаганын кабарлады.



"Ошону менен катар тараптар миграциялык саясатты, тактап айтканда, эмгек мигранттарын колдоо, Кыргызстанда орус тилин окутуу маселелерин, экономикалык жана гуманитардык байланышты талкуулашты. Талант Мамытов Вячеслав Володинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.



Мунун алдында Кыргызстан Орусияга жаңы миграциялык эрежелерине байланыштуу нота жөнөткөн. Анда Бишкек Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүүнү өтүнгөн.



Былтыр жыл аягында Орусияда миграциялык мыйзамдарын өзгөрткөн. Ага ылайык, мындан ары чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл. Ушундан улам айрыкча Москвада каттоого турууга келгендердин узун кезеги пайда болгон.



Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн жана анда депутаттар Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканын айтышкан.



Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕАЭК) өкүлдөрүнүн бири Алтынай Өмүрбекова Орусияда иштеген мигранттарын чектеген мыйзамды кайра карап чыгуу сунушу берилгенин билдирген.


ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган.






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России