Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2023

Блогер Улукбек Карыбек уулу бейбаштыкка шек саналып кармалды

0
Блогер Улукбек Карыбек уулу "бейбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды.


Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, 7-июлда Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Ал белгисиз журналисттер төрөт үйүн уруксатсыз видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.



"Тергөө тобу ал жерге журналист Улукбек Карыбек уулу барганын, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери киргизбей койгонун аныктап түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү блогер өзүнүн эки шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок санитардык нормаларды сактабай жандандыруу бөлүмүнө кирип барган", - деди Тавакалов.



Ош шаардык милициясы билдиргендей, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей, түртүп киргени, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.



Тавакалов бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын жана Карыбек уулунун жанында жүргөн шериктери дагы сурак берип жатканын кошумчалады.



Улукбек Карыбек уулун 14-июлда Бишкекте милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып кеткенин досу Кубан Садыров билдирген. Ал Улукбек Карыбек уулу кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу так маалымат жок экенин, бирок акыркы жолу Ош облустук төрөт үйүндөгү көйгөйлөр тууралуу видео тартылганын айткан.



Март айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улукбек Карыбек уулунун бала бакчага кирип барган тасмасын сынга алып, мындай ишмердүүлүктүн артында саясий карьера жасоо максаты турат деген оюн билдирген. Ал ушундан улам блогерлер тартипке чакырыларын айткан.



Улукбек Карыбек уулу Байсаловго жооп берип, “эгерде министрликтер, мэриянын кызматкерлери, өз ишин сапаттуу аткарса, анда миңдеген адамдар блогер, журналисттерге кайрылмак эмес” деп жазган.



Улукбек Карыбек уулунун Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.



12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон. (КЕ/DSh)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России