Добавить новость
103news.com
World News
Июль
2023

Блогер Улукбек Карыбек уулу боюнча материалдар сотко өттү

0
Ички иштер министрлиги блогер Улукбек Карыбек уулуна байланыштуу топтолгон материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилгенин бүгүн, 15-июлда кабарлады. Блогер "милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес" деп шек саналууда.



ИИМдин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 10-июлунда блогер Улукбек Карыбек уулу Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына видео тартуу тобу менен кирип барган. Күзөт кызматы аларды министрдин иш бөлмөсүнөн чыгуусун өтүнгөн учурда ЖМК жөнүндө мыйзамга таянып өздөрүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган. Бул тууралуу милицияга Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жооптуу кызматкери маалымат берген.



Жогорудагы аталган факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. 14-июлда Укук бузуулар жөнүндө Кодекстин "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренесинин негизинде Улукбек Карыбек уулу бөлүмдүн коомдук коопсуздук кызматына жеткирилип, протокол толтурулгандан кийин коё берилген.



Түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жиберилген.



Блогер жана анын жакындары бул тууралуу маалымат бере элек. Маалыматта анын кайсы маселе боюнча министрликтин мекемесине барганы айтылган эмес.



14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулу "бейбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганы белгилүү болгон.


Ага чейин Улукбек Карыбек уулун Бишкектен милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып кеткенин досу Кубан Садыров билдирген. Ал Улукбек Карыбек уулу кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу так маалымат жок экенин, бирок акыркы жолу Ош облустук төрөт үйүндөгү көйгөйлөр тууралуу видео тартылганын айткан.


Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылганын "Азаттыкка" ырастаган. Ал 7-июлда белгисиз журналисттер төрөт үйүнө уруксатсыз кирип келип, видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.



Ош шаардык милициясы билдиргендей, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей түртүп кирген, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.



Улукбек Карыбек уулунун Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.



12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон. (КЕ)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России